Зарылбектин зарыл маселеси эмнеге каралбай жатат?

Нарын шаардык соту 2013-жылы 9-апрелде Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча ишти шашылыш карап, чечим чыгаргандан бери туура 5 жыл өттү. Бирок бул боюнча эч ким жоопко тартыла элек. Ал тургай козголгон кылмыш иши токтоп калган эле.  Батукаев ошол сот чечими менен  Нарындан чыгып «Манас» аба майданынын VIP залынан чыгып, Чеченстандын Грозный шаарына жеке менчик учак менен учуп кеткен. Ал кезде Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Жогорку Кеңеште азыр депутат болуп олтурган Зарылбек Рысалиев болчу. Рысалиевдин дарегине бул маселе боюнча көп сындар айтылган. Намыстанган генерал акыркы күндөрү Батукаев боюнча токтоп калган кылмыш ишин жандантып, тергөөнү башташын талап кылууда. Ал бул боюнча: “Тергөөнү баштап, ага мени, Шамил Атахановду, Феликс Куловду, Болот Шерди, Өмүрбек Текебаевди, Алмазбек Атамбаевди, Аида Салянованы чакыртып, суракка алышсын. Батукаевдин бийликтеги байланыштары тууралуу жакында эле полковник Эрнист Исаев гезиттерге маек курду. Ошолордун баары болгон да. Азыркы күндө ошондой көрсөтмө бере турган адамдардын көзү тирүү. Ал кишилер дагы көрсөтмө беришет. Акыры чындык чыгышы керек. Бул жерде буга ким демилгечи болгон, ким буйрук берген? Кимдер аны аткарган? Менин бул ишке канчалык тиешем бар? Же болбосо башка адамдардын ага тиешеси болуп, бирок алардын баары көмүскөдө калып, тыйындарын алып жеп алышып, анан мен эле баягы «жебеген самсага пул төлөдү» болуп, «жалгыз эле Рысалиев күнөөлүү» болуп жүрбөймбү?” – деп агынан жарылган. Бирок бийлик Зарылбек мырзанын бул маселесине  көп деле көңүл бурбай турат.

Булак:Багыт.

“Ихластын” иши чатак

Кыргызстанда эмне көп, курулуш компаниялары көп. Мына ошол саны көп, сапаты жок компаниялардын бири «Ихлас» компаниясы тууралуу кеп болмокчу. Бул компанияны коомчулук акыркы 3-4 жылда көп уга баштады. Буга чейин бирин-серин эле адам бул курулуш компаниясы тууралуу билбесе, дээрлик мындай компаниянын бар экенин эч ким деле назарына алган эмес. Колдогон кожосу кадимки шоопур Икрам Илмиянов деп жүргөн бул компания акыркы жылдары атагы чыгып, эл оозуна алына баштаган. Бат эле бажырайып чыга келген компания тууралуу “өтө кызыл бат оңот” деген макал туура келип туру. Дегеним, кечээ эле “ташы өйдө кулап жаткан” компаниянын бүгүн башына кара булут айланып, иши чатак. Бул компания өзүнө бир катар жоопкерчилиги чектелген коомдорду камтыйт. Алар: «Кыргыз каганат», «Ак башат» жана «Арек строй». Андан тышкары бул компания шаарыбыздагы эң кымбат жерлерди ит бекер баада ижарага алып, алган жерлерге көп кабаттуу үй салышмак. Логикалык жактан алып караганда, ижарага 5 жылга алып жатса, ал жерге капиталдык курулушту жүргүзүүнүн зарылчылыгы бар беле? Ал ал болсун. Бишкек шаарыбыздын Октябрь районундагы жер тилкесине үй салуу конкурсун одоно бузгандыгы үчүн иш козголгонун билгендер кабарлашты. Бул иштин аягы жакшы болбостугун сезип калган колдоочулар четке кача башташты. Ушул эле компаниядан экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевдин, Архитектура жана курулуш агенттигинин экс-жетекчиси Каныбек Нарбаев жана дагы бир топ аткаминердин кулактары чыгууда. Кулагы чыккан куу чирендер качып кутулабы же тутулабы аны убакыт көргөзөт…

Булак:Фабула

Бажы тармагы «Райым миллиондун» менчигиби?

Бажы тармагын «майкандаганды» мыкты билет делген Райым Матрайымов  мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковду соттон утуп, кызматыма кайтып барам деп ооз көптүрүп жүргөнү айтылууда. Буга дейре «Райым миллионго» байланыштуу Ак үйдөгү президенттин таасирдүү жакыны «соттон утуп келсең ишке коёбуз, сага да бизге да маселе жаралбайт, соттун буйругун аткардык деп кутулабыз» деген маалымат социалдык тармактарда кеңири талкууланган. Сыягы ошол план ишке кирип жаткандай. Азыркы бажы башчысы Алмаз Оңолбаевди Райым мырза алып келди деген маалыматтарга ишенсек, анда «Райым миллион» орун басарлык кызматка конуп, бажы тармагын кайрадан калчай баштайт экен да…

Булак:Фабула.

Шадиев Сулаймановдун тактикасын колдонобу?

«Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт» деген накыл бар элибизде. Мааниси канчалык сак болгонуң менен акыры алкымыңдын, ынсапсыз, тойбогон ач көздүгүңдүн азабын тартасың, торго чалынасың деген түшүнүк жатат. Мына Акаевдин доорунан бери сактыгынан кылтакка илинбей чириген байга айланган Аскар Шадиев тойбогон суктугунун айынан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сыйлыгына берилчү 30 миң долларга көз артып жымыра коём деп шорго малынды. Айтматов кантсе дагы касиеттүү инсан эмеспи, Шадиевдин арам максаты ачыкка чыгып, кылмыш иши козголуп, камалып кетээрде качып кетти. Канчага чейин качып жүрөт болду экен? Балким Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенде “булуттан чыккан айга окшоп” пайда болуп калган мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановдой болуп, бийлик алмашкан мезгилди күтөөр…

Булак: “Фабула”

Самаков ак жеринен күйүп жатат…

Экс-депутат, коомдук ишмер Карганбек Самаков ак жеринен камалып, саясий оюндардын курмандыгы болуп отурат. Чынын айтыш керек, Самаков мамлекетке бир тыйын зыян алып келген эмес. Жерди трансформация кылганга түздөн-түз жооптуу ошол кездеги өкмөт башчысы, учурдагы «Бир Бол» фракциясынын депутаты Игорь Чудинов болчу. Бүгүнкү күндө кылы кыйшайбай Жогорку Кеңеште отурат. Негизи дал ушул Чудинов түрмөдө отуруш керек эле. Самаков Текебаевдин көрө албас шыкагы, ич күптү ызасы, кеги менен ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянованын колу аркылуу күнөөсүз жерден кылмыш иши козголуп камалып кетти. Кийин прокурорлор акча сурап, анан пара алып жаткан жеринен кармалышып өчөшүп алышты. Чын-чынына келгенде Карганбек мырза соттолуп, запкы тартчу жерде эмес. Акыйкаттык болсо, акталып чыгууга тийиш. Президент Жээнбеков бул нерсени көңүлгө алуусу абзел.

16-майда 24.kg агенттигинде Карганбек Самаковдун соттук ишинен акыйкаттык талап кылып бир топ аттуу-баштуу адамдарыбыз пресс-конференция беришти.

Белгилүү публицист, «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» Анатай Өмүрканов: Карганбек Самаковдун сотуна катышып жүрөм. Чындыгында “эр жакшысы түрмөдө, ат жакшысы термеде” дегендей окуя болуп жатат. Бакиевдин убагында “Манасты” Кытайга бергенде ким кыйкыра алды эле? Эч ким кыйкырган эмес! Карганбек туу кармап, тулпар минип туйлатып ЮНЕСКОго чейин барып кайрып келди го?! Боз үй, төкмөчүлүк, акындык баарын ушул киши жасады. Биз мындай кишилердин эмгегин баалашыбыз керек. Калайык калк, эл-журт деген калыс болот, калыс сөздөрүңүздөрдү айтышыңыздар керек. “Ак ийилет бирок сынбайт” дейт, бирок сынбаса дагы Карганбектин ден соолугу начарлап баратат, биз ага кайрат беришибиз керек. Эски кишилердин айтканы бар «Ак жеринен карматып, ак жеринен айдатып, бул адилсиз заман адаты» дейт, мына ошондой замандын зардабы менен ушу күнгө туш болуп отурат. Урматтуу президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичке кайрылгым келет, сиз жакшы үй-бүлөдөн, жакшы уядан учкан адамсыз. Өзүнүздүн ак ниетиңиз менен, ак ишиңиз менен ушул даражага жеттиңиз. Мен сизден Карганбек Самаковдун ишин дыкаттык менен карап, адилдик менен чечип берет деп ойлоймун.

Мар Байжиев белгилүү прозаик, публицист:

-За судьбой этого человека, я не раз выступал и в газетах и поддерживал когда его кандидатуру выдвигали на депутатство. Действительно “Манас” это моя судьба. Я вырос сиротой, такой же в какой-то степени Чынгыз Айтматов. И дело в том, что в каком-то году вдруг “Манас” приписали Китаю, оказывается это их достояние, что мы не вытворяли ничего не получилось, и вдруг Карганбек которого я тогда не знал, за свой счет поехал в Баку на ЮНЕСКО, и достиг того чтоб Манас стал достоянием Кыргызстана, вы посмотрите на этого молодого человека позвал его, поздравил, поцеловал, поблагодарил, и еще установили памятник Манас на площади. Поэтому я проникся к нему особым уважением. Карганбек стал первой жертвой законодательства после нас, айыл окмоту собирается если брать землю на строительство, на построение спорт площадок, культуральные места, они выносят решение и переводят в областное управление чтобы дать эти земли на рас планирование, выращивать хлеб там невозможно и также пасти скот, далее областное обращается в кабинет министров, и там рассматривается, на руках у меня постановление, тогда кабинет министров рассматривает приложение протокола, заседания, айыл окмоту, рай администрация, областное управление и принимает решение дать им согласие с просьбой, не Карганбека Самакова, он тогда был предпринимателем. Спрашивается в чем он виновен, что он такого натворил, и самое главное я спрошу у адвокатов, состав преступления в чем, я вот почитал, волосы дыбом встали заключение суда, он оказывается нанес ущерб государству, потом создал экономическую опасность для государства. Какой ущерб он нанес, его нету. Как он нанес? Пустующие земли освоил? Я помню было распоряжение, использовать землю рентабельно, я просто так не говорю, когда принимали земельный кодекс, я был экспертом. Вот есть справки, я посмотрел заключения. Его называют преступником, в законах массовой информации нельзя оскорблять человека преступником, без доказанности его вины. Официальные органы, суд за каждое движение оказывается он преступник. Вот я и хочу призвать, слава Богу еще раз повторяю, новое правительство будут разбираться кто в чем виноват, насколько виноват Карганбек Самаков, вместо того чтобы благодарить его, освоил уровень, поднял пустующие земли, читайте постановление комиссии по землеустройству, и потом пусть финансисты проверят, ущерб государству или наоборот доход, в пустующих землях поступают налоги в государство, вот о чем идет речь. Вот наши юристы подсказывают, кто подал иск. Чтобы рассмотреть на суде надо чтобы кто то подал иск, либо это правительство, либо президент или кто-то другой, нет того кто иск подал. На основании чего тогда все это, в чем состав преступления этого человека, это он подписал трансформацию или правительство, здесь Карганбек непричем он покупатель.

Курмангазы Азыкбаев, народный артист:

«Сейчас у меня слезы на глазах. Я с ними вместе работал. Я помню, когда мы ездили во Францию в ЮНЕСКО, тогда мы как раз таки, столько труда вложил для Кыргызстана, трилогию и единственных кыргызстанцев те которые 124 стран мира. Некоторые не попали, а 24 стран, как раз таки кыргызстанцы мы попали туда.

Это большой вклад, вот этим именно как раз занимался Карганбек Самаков. Большой вклад в культуру. И вот такие у нас люди сидят, а те которые правильно отметили воры которые воровали у народа они на свободе находятся. Я знаю, этого человека и самое больно, что тем людям искусства, людям культуры, он помог во всех направлениях. Вот поэтому, я так думаю, это заказной вариант оттуда идёт и конечно же несправедливое решение и прокуратура и судьи были все как бы сказать зависимы от того, кого мы отмечаем сейчас Арабаев Манас, таких людей вообще отчищать надо и мы просим правительство особенно сейчас. К нашему президенту обращаемся, чтоб правосудие и как справедливость и объективность должно восторжествовать»

 Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер:

-Бийликтин бир тарабы жерлерди башка  максатта пайдалануу жөнүндө токтом чыгарган. Чудинов 2008 – жылы. Ал токтом боюнча Карганбектин дагы, башкаларынын дагы, балдарынын дагы, жардамчыларынын дагы деги эле башка адамдардын бүт баарынын укугу болгон. Жерди сатууга укугу болгон. Ошондуктан мен бул жерде Карганбектин мен ыйманына, тазалыгына, күнөөсүздүгүнө ишенем. А күнөөлүүлөр кимдер? Күнөөлүүлөр алар Карганбекке каршы саясий тапшырма боюнча кылмыш иш козгогондор. Дагы бул жерде айтып жатпайбы укук болгонбу деп… Укук болгон мүмкүн, азыр да кээ бир жерде жүрүп жатса керек… Кимдер соттолуш керек бул маселе боюнча? Карганбекти мынакей  канча мөөнөттөн бери ушунтип кыйнап, бала-чакасын анын жолдошторун, жардамчыларын кармап отурган үчүн бирөөлөр жооп бериш керек да. Эң биринчи прокуратура, кылмыш козгогондор жооп бериш керек. Ал эми экинчиси, мына иним  далилдеп жатса дагы күнөөсү жок, момундай мамлекеттик  документтер бар ошонун негизинде жасаган, ушунун бир үтүрүн, бир чекитин Карганбек жана анын баласы бузган эмес деп далилдеп жатса дагы ага көңүл бурбастан, саясий тапшырманы аткарган соттун өзүн соттош керек. Соту бир эле жылда даярдалган, ал эми Карганбектин айлана-тегерегинде беш жыл болду. Бул кылмыш козголгонуна 5 жыл болуптур. 5 жыл ичинде эч бир далили жок бул иште. Далили жок болсо дагы соттолуп, камалып олтурат. Бул жерде Мар мырза абдан жакшы айтты. Карганбек деген ким өзү? Карганбек азыркы замандагы кыргыздын эң улуу мекенчили. Калп эле мен революцияны жасадым деп  төшүн каккандарды абдан көп көрүп жүрөм. Ал эми Карганбек эч качан төшүн каккан эмес. Сооронбай мырза коррупцияга каршы чоң казат, абдан чоң согуш жарыялады. Кыргызстандын жолун таптакыр башка жакка буруш керек. Сооронбай мырза дал ушундай кылыш керек. Күнөөсүздөрдү эмес, чыныгы күнөөлүүлөрдү түрмөгө отургузуш керек. Мен түрмөдө абдан көп күнөөсүздөрдү көрдүм.

Булак:Фабула гезити.

КТРКдагы жагымсыз иштердин орун алышынын себеби эмне?

КТРКда кайрадан чуу. Тактап айтканда буга чейин бир катар алдыңкы телеканалдарда иштеп, коомчулукка аздыр-көптүр белгилүү болуп калган Чынара Токонова аттуу журналисттин КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун орун басары Жылдыз Жумабекова тарабынан моралдык кысымга алынып жумуштан алынганын, ошол күндөн тартып Чынаранын  кан басымы жогорулап, учурда Бишкектеги неврологиялык ооруканада жатканын журналисттин апасы айтып чыкты. Мына ушул чуулуу маселе боюнча биз айрым журналисттердин ойлорун уктук…

Олжобай Токтосунов, журналист:

Бул окуя өтө жагымсыз окуя. КТРКнын жетекчилигинин Чынарага карата мамилеси моралдык юридикалык жагынан да туура эмес. КТРКда жетекчиликтин гана айтканы айткан, дегени деген принциптин орноп калганы өкүнүчтүү. Чыгармачыл адам өтө назик болот. Аларга аяр мамиле керек. Чынаранын тез сакайып кетишин тилек кылам.

 

Чынара Капарова, КТКРнын мурдагы кызматкери:

Илим Карыпбеков өзү жазган эле, “Эки жүздөй кишини  ар башка себептер менен иштен алгам, аларга жакшылыгым да, жаманчылыгым да жок” – деп. Жетекчи мыйзам бузуп иштен алып жатса, кайсы кызматкер болбосун психологиялык кысымга тушугат. Ал ооруга алып келет. Мындай нерсе менин да башымдан өттү. Азыр дарылануум уланууда. КТРКга кайра барып иштесем жыгылып калаарымды билип турам. Анткени КТРКнын жетекчилиги мени кайра ишке алам деп көкүрөк какканы менен тымызын куугунтук  болоору турган иш. Кесиптешим Чынара жакшы иштеген, жакшы журналист кыздардын бири эле. Чынарага кысым кылган орун басар Жылдыз Жумабекова убагында мага да кысым кылган. Жетекчи Илим Карыпбеков кызматкерлерин баалап, кетүү арызын жазганда аларды чакырып, эмне себептен арыз жазып жатканын сурашы керек эле. Жетекчилер биригип алып өз билгенин кылып, КТРКны жеке менчигиндей башкарып жатканын көрүүдөбүз…

 

Назгүл Мамытова, “Ачык Саясат” гезитинин редактору:

Мындай проблема жалгыз эле КТРКда эмес, бардык мекеме-ишканаларда, бардык эле редакцияларда бар. Бир эле КТРК ушундай абалда болуп жатат деген туура эмес. Чынара Токонованы мен тааныбайм. Болгон чындыкты ал өзү гана айтып бериши керек. Эмне себептен иштен кетүү боюнча арыз жазган, ким түрткү болгон деген сыяктуу. Ошондо гана чындык чыгат. Ошол себептүү мен кесиптештердин ызы-чуусун талдай албайм. Иштен кетирүү боюнча кысымдар жеке менин башымдан деле өткөн. Албетте жаман көрүнүш. Ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Жылдыз Жумабекова менен Чынара Токонова өз чындыктарын айтышы керек деп ойлойм.

 

Үмүт Мукамбетова, “Үмүт ТВ” телеканалынын башчысы:

-Бул жанылыкты мен кечээ социалдык тармактардан окудум. Буга чейин КТРКда  мындай көрүнүштөр көп эле жолу болгон десем жаңылышпайм. Болгону элге билинбей, жабылуу бойдон калчу. Азыр интернет деген бар. Кандай маселе болбосун, ачыкка чыгып кетиши мүмкүн. Кесиптешибиз  Чынара Токонованы жакшы деле билбейм.  2006-жылдары өлкө башчысын коштогон журналист катары тың жана так иштегенинен маалыматым бар. Ал эми КТРКдагы жагымсыз окуя бардык эле редакцияларда болуп турат. Негизи эле журналисттик кесипте көп пикир келишпестиктер жаралат. Бул жерде бир гана калыс сөз, ошончо жылдан бери жан дили менен иштеп келе жаткан кызматкерге түшүнүү менен мамиле жасап, өмүрүнө, жашоосуна зыян келбегидей кылып эле маселени чечип коюшса болмок. Чечилбеген, кечирилбеген эмне бар? Адам өмүрүнө себепкер болгон жагымсыз нерселерди деле кечиришип, чечишип жатышпайбы. Андыктан орозонун улуу күнүндө эки тарапка тең кечиримдүүлүк каалайм! Чынаранын сакайып кетишине КРТК жетекчилиги жардам бериши керек.

Булак:Фабула

Кыргызстанда 1 жылда 14 тонна маңзат алынды

ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы 2017-жылы маңзатка каршы күрөштө бир жыл ичинде  1,5 миңдей кылмыштын бети ачылып, жалпысынан 14 тонна баңгизат алынганын билдирди.

Алынган заттын бир тоннадан ашыгыраагын кара куурай (марихуана), 200 килограммын гашиш жана 74 килограммын героин түзөт. Маңзаттын баары жок кылынгандыгы айтылат маалыматта. Бирок эске сала кетсек, баңгизат менен шугулдангандардын арасында пагончондор экени ачыкка чыгып, кармалып жатат. Андыктан ИИМ бул жаатта  күрөштү өздөрүнө эки-үч эсе көбөйтүшү зарыл.

Булак:Багыт

Алдыңкы “коррупционерлер” жаңы  Баш прокурордон “жардам” сурашты

Кечээ күнү ЖКдагы көпчүлүк коалиция Баш прокурорлук кызматка дайындалып жаткан Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин карап, депутаттар бир топ суроо беришти. Алардын ичинен элибизге эң алдыңкы “коррупционерлер” катары таанымал Акылбек Жапаров менен Искак Пирматов “бизге мыйзамсыз кылмыш ишин козгоп жатат” – деген мааниде маңкылдашып, безилдеп жиберишти. Кудайды гана карап коюшса болмок, ушул экөөнүн актанганы өтүп кетти го. Пирматов “Кыргызнефтигаздан” 260 миллионду жайласа, Жапаров министр болуп турганда, өзүнүн МИС деген фирмасына 200 миллионду которуп, жайлаган. Пирматов суудан кургак чыгып жүрөт, жоопко тартылбай. Жапаровдун болсо иши сотко өткөнү менен өкүм чыкпай созулуп келет. Эске сала кетсек, экөө тең ЖКда Кудайдан жөө качкан алдым-жуттумдардан түзүлгөн “Бир бол” фракциясынан. Жамшитов чындап коррупцияны менен күрөшөм десе ушул Жапаров, Пирматовдордон башташы керек.

Булак: Багыт

ИИМдин Басма сөз кызматынын түзүлгөнүнө 34 жыл болду

Бүгүн ИИМдин басма сөз кызматынын түзүлгөнүнө туура 34 жыл болгон экен. Бул боюнча маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов өзүнүн соц баракчасына жазып, бул кызматтын тарыхына да кыскача токтолгон. Биз да ИИМдеги кесиптештерибизди өздүк майрамы менен куттуктап,  иштерине албан-албан ийгилик каалайбыз !

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы министрлик, агенттик, комиеттердин ичинен ИИМдин Басма сөз кызматы эң ыкчам иштеп келет. Бул жагынан башка мекемелер да үлгү алышы керек.

Төмөндө Басма сөз кызматынын башчысынын баянын бирге окуйлу:

Урматтуу кесиптештер,
Ички иштер министрлигинин Басма
Сөз кызматынын кызматкерлери!

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы өзүнүн 34 жылдык маарекесин майрамдап жатат. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Жусупбек Акматбековдун буйругу менен 1984-жылдын 18-апрель күнү басма-топ түзүлүп, ички иштер министрликтин тарыхындагы коом менен ачык диалог түзүүгө жол ачкан жаңы этап башталган. Анда бир гана кызматкер иштеген. Басма-топтун алгачкы кызматкери Виктор Петрович Ярцев болгон . Ал азыр ардагер-ишкер. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматынын кызматкерлери оор түйшүккө карабай, коомдук тартипти бекемдөөгө, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, коомдук коопсуздукту каамсыздоого өздөрүнүн салымдарын кошушууда. ИИОнун Басма сөз кызматтары азыркы учурда ички иштер органдары коомдун жана элдин алдында ачык-айкындуулукка жетүү, милициянын иши тууралуу коомдун ой-пикирин оң нукка буруу, өмүрүн коркунучтар коштоп жүргөн погончон адамдардын татаал жана оор эмгегин баалоо максатында активдүү иштерди алып барышууда. 
Өз убагында ИИМдин Басма сөз кызматын тажрыйлалуу кызматкерлер башкарып келген: Виктор Ярцев, Эдил Искаков, Жолдошбек Бузурманкулов, Нурдин Жангараев, Аида Бакирова, Руслан Умарбеков, Рахматило Ахмедов, Гулсара Алиева, Эсен Салиев, Жоробай Абдраимов анан да милициянын басма сөз кызматында 26 жыл кызмат өтөгөн мен Бакыт Сеитов.
Ошол себептүү бардык иштеп кеткен жана учурда Ошто, Баткенде, Жалал Абадда, Ысык Көлдө, Ош, Бишкек шаарында, Нарында, Таласта , Чүйдө жана ИИМдин борбордук аппаратындагы кызматтарда иштеп жаткан кесиптештеримдин бардыгын куттуктаймын! Ишиңиздерге ийгиликтер коштоп жүрсүн менен өзүңөргө бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалаймын!!

«Райым миллионду» түрмөгө отургузуп, кустуруш керек

 Бажы тармагындагы коррупция кимдин колу аркылуу жасалып келгени дайын болду. Экс-президент Алмазбек Атамбаев «Райым миллион» деген каймана ат менен таанымал Райымбек Матраимовдун кызматтан кетиши менен 10 миллиард сомго жакын бажы төлөмдөрү төлөнбөй келген коррупциялык схема жоюлганын маалым кылды. Ошондой эле өкмөт башчысы Сапар Исаков мунун айынан «Райым миллиондун» парламенттеги жана анын сыртындагы таламдаштарынын катуу чабуулуна кабылып жатканын билдирди. Демек мамлекеттик казынаны 10 миллиард сомго зыян келтирген адамдын орду түрмөдө болуш керек. Президент Соронбай Жээнбеков коррупциялык күрөштү жердешчилик, тууганчылыкка карабай жүргүзүп, адилеттик менен эл башкарам десе, анда элдин, мамлекеттин ырыскысын жеген «Райым миллионду» түрмөгө отургузуп, кустуруш керек…

Булак: фабула

Мискенбаев тапшырманы ким бергенин ачыкка чыгарды

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев президент Сооронбай Жзэнбековдун депутат иниси Асылбек Жээнбековду мандатын тапшырып кетүүсү керек экендигин жар салып чыкты.

Бирок ага Асылбек Жээнбеков анын мандатын алышты эл чечээрин билдирип жооп берди, Мискенбаев болсо Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыраарын Фарид Ниязов айткандыгын тастыктады.

Анын айтымында, таластыктар президенттик шайлоонун алдында суроо коюшкан, «эгер Сооронбай президент болсо, Жаныш Бакиевдей болуп бир туугандары аралашпайбы?» деген. Ал суроого, «эгер Сооронбай президент болсо Асылбек иниси мандатын тапшырат» деген жооп болгон экен.

Ошондо Мискенбаев чындыкты айтып жатабы же Асылбек Жээнбековбу? Кандай болгон күндө да маселе көтөрүлүп калды. Чындык ачыкка чыгыш керек го. Балким Фарид Ниязов калп айткан чыгаар…

Булак: Ачык саясат

Чубак ажы: Жыныстык алака адамды жашартат

Айтылуу аалым Чубак ажы Жалилов жыныстык катнаштын адам организмине тийгизчү пайдасы тууралуу айтып чыкты.

“Азия ньюс” гезити мурдагы муфтий, ислам аалымы Чубак ажы Жалиловдун кезектеги маегин жарыялады. Басылманын башкы редактору Аслан Сартбаев соңку убакта аалым менен утур-утур маектешип, сандан-санга чыгарып келатат.

Бул жолку маекти Чубак ажы 9-мартта диний жана маданий ишмерлер менен кошо Москвадагы кыргыздар уюштурган Мавлид кечесине барып келгени жана андагы таасирлер тууралуу баштап, шариаттагы аңчылык эрежелери боюнча суроого жооп берүү менен уланткан.

Маектин соңунда журналист сөзүн капыстан эле аял-эркек алака-катышына буруп, “жыныстык катнашта көп болуу он чакты оорудан арылта турганын медиктердин кеңешинен окуган жайым бар. Сиз кандай ойлойсуз, күнүгө интимдик кошулуу болуп турса зыян эмеспи? Эми бул жагы жаш куракка, бел күчтүн кубаттуулугуна жараша да “жемишин” берсе керек?” —  деген суроо салат.

Чубак ажы шыр эле секстин адам организмине пайда-зыянын санап, төмөнкүчө саймедиреп берген:

“Албетте, акыркы изилдөөлөр боюнча жыныстык мамиледе көп болуунун пайдаларын дарыгерлер да белгилешүүдө. Мисалы:

  • Чарчоону кетирет. Анткени жыныстык мамиледе болууда дене өзүнөн допамин (дофамин) бөлүп чыгарат, ал чарчоонун гормондорун кетирет. Стрессти жокко чыгарат. Артериалдык кан басымды төмөндөтөт.
  • Эркек киши жумасына үч жолудан кем эмес жыныстык катнашта болууну туруктуу карманса, анда жүрөктүн миокард оорусуна кабылуу коркунучу адаттагы адамга караганда эки эсеге аз болот.
  • Адамдын эс тутумун жана гормоналдык системасын мээнин гипоталамус деген бөлүгү башкарат. Ал бактылуулук гормонун бөлүп чыгарып, эс тутумду жакшыртат.
  • Жыныстык байланыш учурундагы кыймыл-аракет жүрөк булчуңдарын жана кан тамырларды бекемдейт. Бул өз учурунда адамдын организминдеги кан айлануунун жакшыруусун шарттап, жүрөктүн нормалдуу иштешин камсыздайт.
  • Интимдик катнаш учурунда бөлүнүп чыккан эндорфин гормону организмде кан менен кошо айлануу аркылуу баш ооруга дары болот.
  • Арыктоого шарт түзөт. 30 мүнөттүк жыныстык алакадагы иш аракет 85 килокалорийди жокко чыгарат.
  • Спермоплазманын курамындагы цинк, кальций элементтери жана башка минералдар тиштин эмалынын бузулуусунун алдын алат.
  • Жыныстык мамиле адамды жашартат. Ал эстрогенди көбөйтүп, чачты жагымдуу жана жандуу кылып, теринин сыйда жана сүйкүмдүү болуусуна алып келет.
  • Миле учурунда бөлүнүп чыккан тестостерондогу пайдалуу минералдар сөөктү жана булчуңдарды бекемдөөгө себеп болот.
  • Фиброздук-кисталык мастопатияга кабылууга тоскоолдук болот. Спермоплазма буга жол бербей турган табигый суюктук катары кызмат кылат.
  • Сексуалдык жаатта толук канааттануу менен жашаган адам коомдо өз ордун таба билет, психикалык жактан да саламаттыкка ээ болот. Ал өзүн ар дайым керектүү сезет, моралдык жактан аксабайт. Өзүн ишенимдүү алып жүрөт.
  • Аялдын этек кири келүүнүн мөөнөтүн так жана туура абалга алып келет.
  • Иммунитетти чыңдайт.
  • Убакыттын өтүүсү менен аялдардын чат булчуңдары начарлап, заарасын кармай албай турган абалга кириптер болуусу мүмкүн. Көп жыныстык мамиледе болгон учурда, бул оору да алыстайт.
  • Туруктуу жыныстык мамиледе болгон аялдардын мастит оорусунан сактануусуна да себеп болорун маммологдор белгилешкен.
  • Уйкуну жакшыртат, анткени жыныстык мамиле учурунда бөлүп чыгарылган окситоцин менен эндорфин адамдын уктоо жөндөмдүүлүгүн жөнгө салуучу функцияны да аткарарын унутпаңыз.
  • Жыныстык мамиледе көп болуу, эркектин көбөйүү мүчөсүнүн талаптагыдай чыңалуусу камсыздайт.
  • Өмүрдү узартат.
  • Эркектин уругунун сапаттуулугун арттырат.
  • Рак оорусуна чалдыгууну азайтат. Бир айда 21 жолудан кем эмес уруктугун жыныстык мамиле аркылуу сыртка чыгарып тургандар рак оорусуна башкаларга караганда сейрек чалдыгышат экен.
  • Кан басымды нормалдаштырат.

Бирок мына ушунун баары адал нике менен болуусу кажет. Аялынын муктаждыгын канааттандырган адам садака берген соопту аларын пайгамбарыбыз Алейхис Салам белгилеген. Ошондой эле аялы менен кошулганда эркек иши бүтөрү менен эле нары карап жатып албастан, анын да муктаждыгын бүткөрүүсүнө өбөк көрсөтүүнү осуяттаган.

Канчалык көп же андан азыраак жыныстык мамиледе болуу керектигин шариатыбыз жубайлардын эркине калтырган. Жубайлардын ырахаты, алардын каалоосу, арамдан тосулуусу, алардын муктаждыктары бул маселени жөнгө салат. Ошондой эле алардын ден соолугу да, физикалык кудуреттери да мааниге ээ болот”, — дейт белгилүү ислам аалымы.

Чубак ажы соңку кезде аял-эркек алака-катышы тууралуу кенен-кесири кеп салып, түз эфирлерде ушул багытта түшкөн суроолорго шарият жоболоруна таянуу менен ачык-айкын жооп бергени үчүн коомчулуктун кайсы бир бөлүгүнүн сынына да кабылып жүргөнү белгилүү.
Булак: Кабар 24.