Кипрден ажал тапкан Садырдын ата-энеси: уулумду 8 жолу бычактап, ыргытып ийишкен

Маңдайымда эрезеге жеткен уулун жаңы эле жерге берип каңырыгы түтөп турган ата-эне отурду. Алар баласын Кипрде белгисиз кишилер бычактап, төртүнчү кабаттан ыргытып ийгенин айтып боздойт.

Кипрдын Kibris Gazetesi гезити 24-май күнү Гирне шаарында кыргызстандык жаран жандандыруу бөлүмүндө жатканын жазган. Маалыматта ал 4-кабаттан кулаганы жана денесинде бычак издери болгону айтылат. Тилекке каршы ал төрт күн бою өзүнө келбей ооруканада үзүлгөн.

Бейажал кеткен уулунун сырдуу өлүмү иликтенбей жатканына тынчсызданган маркумдун атасы Алымбек Баатырбеков менен апасы Рима Баатырбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылды.

27 жаштагы Садыр Алымбеков мындан бир жарым жыл мурда чет өлкөгө кетип, мейманканада тейлөө жаатында иштеп жүргөн. Апасынын айтымында, кырсык ал өзү жашаган үйдүн террасасында болгон.

Кипрде каза тапкан кыргызстандыык Садыр Алымбековдун апасы Рима Баатырбекова

«Бейтааныш кыздар чалып «балаңыз кароосуз калган жерден табылды, абалы оор» деп айтты. Угаарым менен Кипрге учуп бардым. Ооруканага сегиз жеринен бычак жеп түшкөнүн айтышты. Болгондо да бөйрөккө, жүрөккө, өпкөсүнө сайып, күрөө тамырын кесип туруп 4-кабаттан ыргытып ийишиптир. Буту, колу сынып, башына кан уюп, комада экен. Артымдан атасы келди. Ал эки саат баласынын жанында отургандан кийин үзүлдү», — деди Баатырбекова.

Ал ошондой эле баласын суицид жасады дегендерге нааразы болууда.

«Садыр бир адамга өйдө карап сүйлөбөгөн, шоктугу жок, элпек болчу. Муну жанында иштегендери да тастыктап берет. Биз барганда кеисптештери, достору, жетекчилери баш болуп жаныбызда жүрүштү. Ал информатика адистиги боюнча билим алып, андан соң Санкт-Петербурда төрт жыл иштеп келген. Орус, турк жана англис тилдерин билчү. Жашоого умтулуп, алдыга көп максаттарды койгон. Өз жанын кыймак эмес. Дарыгерлер «мындай бычак издери менен суицид жасай албайт» деп корутунду чыгарды», — деди апасы.

Маркумдун ата-энеси аларга биринчи кабарлаган эки кыздан шектенип жатышат. Анткени маалыматты бурмалап айтып, кийин байланышты үзүп койгон.

Кипрде каза тапкан кыргызстандыык Садыр Алымбековдун атасы Алымбек Баатырбеков

«Полиция эки баланы суракка чакырыптыр дешти. Андан тышкары, уулум менен мурда чогуу иштеген украиналык эки кыз шек жаратып жатат. Алар «Садырды түнү бою издеп, эртең менен кароосуз калган жерден таптык» деген. Бирок ал өзү жашаган үйдүн террасасынан эртең мененки саат 8.10до кулап, 10 мүнөттөн кийин тез жардам алып кетиптир. Кыздар тынбай түрдүү маалыматтарды айтып турган. Бирок Кипрге барганыбызда телефонун да албай, жоголуп кетишти. Кулаганын биринчи көргөн киши «бала «тап» этип түшкөндө жогору жакты караганга дарманым болгон жок» деди. Андан башка эч ким көрбөптүр. Полиция террасага бизди киргизбей койду. Ушул кыздар билсе керек, алар менен жакшы иштесе айтып бермек. Учурда кылмыштын бетин ачууга кызыккан киши жок болуп, жаап коюуга аракет кылышууда», — деди атасы Баатырбеков.

Тышкы иштер министрлиги болсо Кипрде Кыргызстандын элчилиги да, консулдугу да жоктугун билдирди. Учурда бул иш боюнча тактоо иштерин Түркиядагы элчилик жүргүзүп жатат.

«Ал жактагы кыргыздарды караган ТИМдин кызматкери бар дешти эле аны таба албадым. Түркиядагы элчи Ибрагим Жунусовго кайрылсам, Кипрге түздөн-түз консул жибере албайт экен. Бирок ага рахмат, кат жолдоп «колдон келген жардамымды берем» деп азыркыга чейин өзү байланышка чыгып кырдаалды түшүндүрүп жатат. Диаспоранын өкүлдөрү, кесиптештери чогулуп сөөктү Кыргызстанга жөнөтүштү. Мамлекеттен да «чет жакта биздин жаран киши колду болуптур» деп тыкыр көзөмөлгө алышын сурайбыз», — деди маркумдун апасы.

Мекендешибизге оорукананын эң күчтүү дарыгерлери алты операция жасаган. Алар аябай оор өткөнүн, ошол эле учурда Садыр жашоо үчүн катуу күрөшкөнүн белгилешкен.

«Дарыгерлер «балаңыз ушунчалык күчтүү экен. Жүрөгү үч жолу токтоп, кайра иштеди. Жашайын деп аябай тырышып, өлүм менен катуу кармашты» деди. Байкуш балам алы келбей кете берди окшойт. Ак халатчандар болгон күчүн жумшап, жанынан кетпей турушту. Аларга ыраазымын. Ал эми полиция балабыздын телефонун блоктон ача албай жатабыз дешти. Андай болсо тиги кыздар биздин номерди каяктан таап чалды? Туугандарыбыздын бирине ишеним кат калтырганбыз, ал биздин атыбыздан даттанат», — деди атасы.

Садыр Алымбеков өлүмүнөн эки күн мурда ата-энеси менен сүйлөшкөн. Ал адаттагыдай эле жайдары маанайда сүйлөп, бир жарым айдан кийин келип, шаардан батир алып, андан кийин үйлөнүү ниетин айткан.

«Акыркы жолу «жакында барам, баарыбыз чогулуп эс алалы» деп, ары жакта унаа жууп жаткан атасы менен тамашалашып жарым сааттай сүйлөшкөнбүз. Кел эми үйлөнтөлү десек «апам кыз таап койсо барып алам» деп жылмайды эле. Достору менен да бир күн мурда сүйлөшүп, жакында үйлөнө турган досунун тоюн талкуулашыптыр. Келсе күйөө жолдош болмок экен. Анан «мени тосуп алгыла, үйгө сюрприз кылып барам» дептир. Санкт-Петербургдан келгенде да, отурсак эле дарбазадан ашып кирип терезени такылдаткан болчу. Мында да ушинтип сүйүнтөм деп жаткан экен да», — деп мүңүркөйт уулунан айрылган эне.

Садыр Алымбеков үч бир туугандын ортончусу болгон. Бишкектин четиндеги «Эне-Сай» конушунда жашачу. Анын сөөгү ошол жердеги мүрзөгө коюлду.

Булак:sputnik.kg

Үч кыздын атасы аялынан алимент доолады

Базар-Коргон районунун 34 жаштагы тургуну, үч кыздын атасы Айбек Акматов жубайынан кыздарына алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылды.

Акматов акыркы эки жылдан бери алган жары менен жараша албаган соң, куру намысты жыйыштырып, кыздары үчүн сотко кайрылууга агасыз болгонун айтууда. Учурда жубайлар ортодогу кыздарын бөлүшүү үчүн экинчи сотко даярданып жатышат.

«Аялым жарашпай койду…»

Айбек Акматов ушул жылдын башында жубайы менен мыйзамдуу түрдө ажырашкан. Ал учурда багып жаткан үч кызына алимент өндүрүү максатында жубайынын үстүнөн сотко кайрылды.

Ал бул аракетин эки жылдан бери колуктусунун артынан ээрчип, жарашуудан майнап чыкпаганы менен түшүндүрдү.

— Үч кызымды багууга кудуретим жетет. Ушунча жыл мени артынан ээрчитип, алдап жүргөнү ачуумду келтирди. Үй-бүлөнүн башчысы катары, кыздарымдын тагдырын ойлоп артынан бир нече жолу бардым, жалынып-жалбардым. Кыздарын көрүүгө үйгө чакырдым. Жаңы жыл күнү келген жок, ортончу кызымдын туулган күнүндө күтүп жатсак, «макул» деп коюп Казанга учуп кетиптир. Бул жагдай бизди аябай ыза кылды. Акыры менин да сабырым түгөндү. Алдаганы үчүн эркек башым менен сотко алимент сурап кайрылдым. Менде андан башка арга жок калды.

Жубайлар 2007-жылы баш кошуп, үч кыздуу болгон. Үй-бүлөдөгү келишпестик 2016-жылы аялы чет өлкөдө иштеп келген соң башталган. Акыркы эки жылдан бери алар чогуу жашабайт.

​- Чоң кызым артынан барып үйгө чакырса келбей койду. Акыркы жолукканыбызда мени башкага үйлөнүп алууга үндөдү. Мен ага дароо эле макул болбодум. Анткени ортодогу үч кызыбызды ойлодум. Ал кайра-кайра ошол сөзүн кайталай берди. Бир нече жолу тилкат да жазды. Бир жолу аны ээрчитип нотариуска бардык. Себеби, «үйлөнүп ал, сени менен жашагым келбейт» деген тилкатын мыйзамдаштыруу керек болчу. Нотариуста кызматкер жубайыма кайрылып, үй-бүлөнү сактап калууга чакырды эле, уккусу келбеди. Ошентип 2018-жылдын январь айында Базар-Коргон райондук сотуна ажырашуу тууралуу кайрылдым. Сот жубайымды бир нече жолу отурумга чакырды. Бирок ал келген жок. Ошентип биз сот аркылуу мыйзамдуу ажыраштык, андан соң алимент үчүн дагы сотко бердим. Кыздарымдын өзүм менен калышын каалайм. Анткени ал чет жакка кетсе карай албайт. Бирок кыздары менен келип, көрүшүп турганына макулмун.

Базар-Коргон райондук соту Айчүрөк Бакированы үч кызы үчүн ай сайын Айбек Акматовго алимент үчүн 4300 сомдон берүүгө милдеттендирген.

«Күйөөм ажырашууну каалап жүргөн»

Соттун чечими күчүнө киргенден тартып, эми кыздары талашка түштү. Өткөн жумада Айчүрөк талашып жатып ортончу кызын өзү менен чогуу алып кеткен. Ажырашуунун себебин келин жолдошунун кайдыгерлиги менен байланыштырды. Бирок бул багытта “Азаттыкка” кеңири сүйлөп берүүнү каалаган жок.

— Ден соолугума байланыштуу дарыланыш үчүн көп убакыт кетип калды. Ошол учурда Айбек абалымды сурап койгон жок. Анын биринчи эле максаты мени менен ажырашуу болчу. Ошол учурда жанында колдоочуң болбосо кыйын экен. Максатына жетип, сот аркылуу ажырашып, башкага үйлөндү.

Бул жубайлардыкы сыяктуу окуялар ал жашаган Карача айылында ондоп саналат. Айыл тургуну жана жарандык активист Савринса Сыргатаева миграциянын кесепети жаш жубайлайды араздаштырып жатат деген ойдо.

— Чет жактагы турмушту көрүп келген кыз-келиндер айылда калгысы келбейт экен. Буга бир мисал — Айбектин мурдагы келинчеги. Сыртка иштегени кетип, ошол бойдон келбей койду. Буга окшоп, балдарын өзү жалгыз багып жаткан эркектер биздин айылда бир топ. Мындайча айтканда «күкүк энелер» көбөйдү. Албетте, бул көрүнүшкө айылдагы турмуштун оордугу, миграциянын кесепетитаасирин тийгизип жатат. Бирок орто жолдо балдардын тирүүлөй жетим калышы ойлондурат.

Ушул жылдын 29-майында Айчүрөк Бакирова кыздарын өзүнө алуу максатында Базар-Коргон райондук сотуна кайрылды.

Райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын адистери кыздардын жашоо-шартын жеринде текшерип, сотко көрсөтмө даярдап жатышат. Башкармалыктын бөлүм башчысы Таиркан Дубанакулова акыркы чечимди сот кабыл аларын билдирди:

— Кимдин балдарды кароого шарты жана мүмкүнчүлүгү болсо, ошолор карайт. Сотто судья буларды да эске алат. Азыр биз керектүү документтерди даярдап жатабыз. Ошол эле учурда энеси акыркы алты айда балдарын карабаса, аны энелик укуктан ажыратуу маселесине сот көңүл бурат. Бардык жагдайлар эске алынат.

Акыркы эки жылдан бери Айбек Акматов он, алты жана төрт жаштагы кыздарын апасы менен чогуу карап жатат. Райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалыматында былтыркы жылы алар 15ке чукул араздашкан үй-бүлөлөрдүн балдарын сотто бөлүштүрүү жараянына катышкан. Алардын басымдуулары чет жактарда иштеп келген соң ажырашууга барганы айтылат. Учурда район боюнча мигранттардын 3 миңден ашык балдары туугандарынын колунда тарбияланып келет.

Булак: Азаттык

Карылардын камын көргөн «ЗАМАНДАШ» (ВИДЕО)

Акыркы учурларда Кыргызстандын аймагында улгайган, эмгекке жараксыз жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген ата-энелерин багуудан баш тарткан жарандардын саны кескин өсүүдө. КРнын социалдык өнүктүрүү министрлигинин расмий маалыматтарына ылайык, 2015-жылы өлкө боюнча 6 карылар үйлөрүндө 500 тургуну болсо, 2018-жылга карата алардын саны 1000ден ашты. Андыктан, улгайган ата-энесин багуудан баш тарткан жарандарды жоопкерчиликке тартуу, “Кыргыз Республикасынын Кылмыш — жаза кодексине” жана Кыргыз Республикаснын 2011-жылдын 26-июлундагы №133 “Кыргызстандын улгайган жарандары жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун “Замандаш” саясий партиясы КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарына сунуштаган. Учурда аталган мыйзам долбоору ЖК депутаты Тазабек Икрамович тарабынан иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Ушуга байланыштуу “Замандаш” саясий партиясынын жетекчилиги Бишкек шаардык карылар үйүнө барып жеринен таанышып, ЖК депутаттарына кайрылышты:

Урматтуу Дастан Артисбекович!

Урматтуу эл өкүлдөрү!

“Замандаш” саясий партиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, ата-энесин багуудан баш тарткан жарандарды жоопкерчиликке тартуу, “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине” жана Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы №133 “Кыргызстандагы улгайган адамдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушун жолдогонбуз жана Сиздерден аталган сунушту колдоп берүүңүздөрдү суранабыз.

Бала мээримине зар болгон карылар үйүндөгү ата-энелерибиздин күнүмдүк турмушу өтсө да, жүрөктөрү ызаа, кайгы-муңга толгон…

 

 

 

.

 

Ассоль Молдокматова: «Маркум, Сания мага үч күн мурун жигити 101 роза белек кылып, колун сураганын айтты эле» (Видео)

Ассоль Молдокматова кечээ түнү каза болгон «Дүйнө сулуусу» Сания Шакирова тууралуу жүрөк оортукан кабарды коомчулукка биринчилерден болуп кабарлады. Себеби, ал Сания менен жакын мамиледе болгон. Сулуулар сынагына катыштырып, аны кыргыз коомчулугуна тааныткан.

Сания Шакировага  үч күн мурун жигити  101 роза белек кылып, колун сураганын, ал жигитинин сунушуна  макулдук бергенин Ассоль айым өзүнүн соц баракчасына жазып чыкты.

Сания жигити менен Ысык-Көлгө чогуу барган. Кайра Бишкекке келатып, кырсыкка кабылган…

Төмөндө Ассоль айымдын жазганын окуңуз:

Саниюша! Покойся с миром. Это видео и стих о мамах. Больше всего огромная потеря для детей, которые потеряли самого дорогого человека на свете — МАМУ. 
Сания Шакирова написала мне три дня назад, что парень сделал предложение выйти замуж и подарил 101 розу . Они поехали вместе на ИК . Возвращаясь с ИК попали в ДТП . 
Здесь разместила последнее профессиональное фото , сделанное фотографом Галиной Дебуля . Тогда в фотостудии Сания случайно оставила кольцо , которое было подарено Авраамом Руссо на удачу и она позднее произнесла : «Ничего не случится ?!» Уходят близкие и какая-то зияющая пустота на сердце наступает … пусть Земля тебе будет пухом @saniya.shakirovna.official 🙏

https://www.instagram.com/p/BjjgrgHggeN/?hl=ru&taken-by=assol_moldokmatova

Чубак ажы: Сузакта 15 жыл мурун көмүлгөн аялдын сөөгү ошол эле бойдон чыккан. Калгандары болсо… (ВИДЕО)

10 баланын энеси чириген машинеде жалгыз жашайт: Балдарыма оорчулук болбосун дейм, небереме кымбат операция керек (ВИДЕО)

 

https://www.facebook.com/baysalbek/videos/1381443665332610/UzpfSTE3NzY5NzA0MDI1NjI5NTE6MjA3NjU0MTE4OTI3MjUzNg/

Караколдо жаагы калтыраган Бакыт тез жардам кызматы ооруканага алып баруудан баш тарткан соң, эс-учун жоготкон

Каракол шаарында тез жардам кызматынын кызматкерлери оорулууну аракечтикке күнөөлөп, аны ооруканага алып баруудан баш тартышты. Бул тууралуу Бакыт Ашимовдун кесиптештери билдиришти.

Алардын айтымында, 34 жаштагы Бакыт Каракол шаарындагы тигүүчү цехтердин биринде ушул жылдын март айынан бери иштеп жаткан. 22-майда болжол менен саат 15:30 чамасында Бакыт өзүн жаман сезип баштаган.

«Ал үтүкчү болуп иштечү. Түштөн кийин ал цехтен чыгып, бир таблетка аспирин ичкенден кийин колу титиреп жатканын айтты. Бир аздан кийин өңү бозоруп баштады. Абалын көрүп, биз аны үйүнө жиберүүнү чечтик. Бакыт макул болуп, биринчи кабатка түшүп кеткен. Кулакка таккычын унутуп калып, мени алып келип берүүмдү өтүндү, мен 2-кабатка чыгып кайра келсем, анын жаагы титиреп жатыптыр», — деди кесиптеши Гүлмира Жээнтаева.

Бакыттын кесиптештери дароо тез жардам кызматын чакырышкан. Ал бат эле жетип келген.

«Ак халат кийген бир жаш эркек жана 2 кыз кирди. Биринчи эле алар: «Канча күндөн бери алкоголь ичип жатасың?» деген суроо беришти. Биз аларга Бакыт ичмек турсун тамеки дагы тартпай тургандыгын түшүндүрдүк. Алар Бакытка дары беришти, ингаляция кылышып, дагы суюк дары беришти. Кан басымын өлчөшүп, ийне сайышты. Биз аларды Бакытты ооруканага алып кетүүнү өтүндүк, алар макул болбостон бизге орой мамиле кыла башташты. Бири алар эки жака бекер ташый бергендей такси эмес экендигин айтты. «Биз бир гана өлүм алдында жаткандарды алып кетебиз, кандай иштешти өзүбүз билебиз» деди ал. Ошондой эле ал бир нече орой сөздөрдү айтты. Биз болгону Бакытты ооруканага алып кетүүнү өтүнгөн болчубуз», — дешти кесиптештери.

Алардын мамилесине нааразы болгон Бакыттын кесиптештери жетекчилерине арыздана тургандыгын айтышкан. Анда алар, «каалаган жериңерге арыздангыла», деп жооп беришкен.

Тез жардам кызматы кеткенден кийин Бакыттын абалы дагы начарлагандыктан аны кесиптештери үйүнө жеткиришкен, бирок ал үйүнөн эс-учун жоготуп, денеси муздай баштаган. Ошол убакта үйгө Бакыттын тууганы келип калып, аны ооруканага алып барышкан.

Бакыттын абалы тууралуу угушкандан кийин бир тууганы Талгарт Ашымов жана апасы Алтын Керимбаева Балыкчы шаарынан дароо келишкен.

«Бүгүн эртең менен ооруканага барып келдик, ал Ысык-Көл облустук бириктирилген оорукананын неврология бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер анын ден соолугуна кам көрүп жатышат. Бул окуяда Бакытты ооруканага жеткирүүдөн баш тарткан медициналык кызматкерлердин мамилеси бизди абдан нааразы кылды. Ошондой эле аны аракечтикке күнөөлөштү. Бакыт эч убакта ичкен эмес жана ичпейт дагы болчу. Бул боюнча биз Караколдун тез жардам кызматына кайрылдык, алар бизге бул окуя боюнча кабарсыз экенин айтышып, медициналык кызматкерлер менен сүйлөшө тургандыктарын айтышты», — деди Бакыттын апасы.

Учурда Бакыт дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Булак:turmush.kg

Карылар үйүндөгү абышка: «Молдоке, мен жанасасыз көмүлүп калбайын. Жаназа окуйм деп убада берчи!» (Видео)

Атага зар болгон бала менен балага зар болгон ата тууралуу береги ролик-тасма көптөргө жакшы  сабак болот десек болчудай. Жаш кезде жаңылгандар көп болот эмеспи. Бирок айрым чоң жаңылуулар ал адамды өмүр бою коштоп жүрөт. Береги шилтемеден көрсөңүз, анык далил болот:

https://www.facebook.com/100022479773292/videos/237064840386173/

Күйөөм эмес, WhatsApp менен жазышкан жигит жакын сезилет. Келиндин жан сыры

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

«Психолог менен баарлашуу» рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөсүнө бой салбай, башка адам менен телефон аркылуу сүйлөшүп жүргөн келиндин эки ортодо калган окуясы баяндалат.

Бул катты окугандан кийин менин дарегиме ар кандай терс ой-пикирлер айтылышы толук мүмкүн. Бирок ичимдеги букту эч кимге айта албагандыктан сиздерге кайрылып отурам.

20 жашымда ата-энем кудалашып койгон жерине күйөөгө узатты. Кайын-журтум жакшы турган адамдар экен. Үйдөгүлөр менин көңүлүмдү деле караган жок, «ал жакка келин болсоң өмүр бою кор болбойсуң» деп коюшту. Өзүбүз орто жашагандыктан айла жок макул болуп тийдим. Жолдошум менден 10 жаш улуу, биринчи күндөн эле ичим жылыган жок, бой сала албай койдум. Балким кийин сүйүп кетээрмин деп жашап жүрдүм, андан бери беш жыл өттү. Ортобузда бала жок. Убакыт деле өтүп жатат, аны эзилип жакшы көрүп кеткен деле жокмун. Ал деле мага нааразы сыяктуу, аялындай мамиле кылбайт, кечинде келип уктап калат, сүйлөшүп, менин оюм менен эсептешпейт. Жакшы эле сырдашайын, эркелейин дейм, эмнегедир батынбайм, ортобузду бир нерсе бөлүп тургандай. Айтор, жаштыктын доорун сүрбөй эле жашоо өткөрүп жатабыз.Жарым жыл мурда интернет аркылуу бир бала менен таанышып калдым. Экөөбүз бир куракта экенбиз. WhatsApp аркылуу сүйлөшүп жүрүп, эмнегедир жакын болуп кеттик. Мен күйөөмө караганда ошол жигит тууралуу көбүрөөк ойлоно баштадым. Бир күн жазбай калса сарсанаа болом, андан билдирүү күтөм. Сүйүүбү дейин десем ал баланы көрүп жолуга элекмин, бирок ал менен сүйлөшкөндө кадимкидей жеңилдеп калам. Бул кылыгымды эч ким билбейт. Жолдошумдун мени менен иши деле жок. Күйөөсү бар келиндин мындай кылганы туура эмес экенин билсем да, баары бир жүрөгүм ошону эле эңсеп туруп алчу болду. Жолдошумду ойлойм, бирок анын мага болгон кайдыгерлигин эстегенде жиним келип кетет. Бир чети бейтааныш жигит үчүн турмушумду буза албайм. Күйөөмдү да сүйбөйм. Санаам санга, оюм онго бөлүнүп аргам кетти. Кеңеш бериңиздерчи…

Кеңеш Усенов, психолог

Бул жерде келин биринчи өзүнө «мен туура жасап жатамбы, бул кылыгым туурабы?» деп суроо берип көрүшү керек. «Сүйлөшө бер» деп биз уруксат бере албайбыз, «сүйлөшпө, жолукпа» деп да тыюу салганга укугубуз жок. Болгону келин өзүнүн жүрөгүнөн да акылын биринчи кезекке койгону оң. Себеби көрбөгөн адамды сүйдүм-күйдүм деп ажырашып алып ара жолдо калбагыдай болушу керек. Аны көрбөсө кандай экенин кайдан билет. Балким, абакта отурган же телефон менен алдаган адамдардын биридир. Көрүп, жолугушуп жүрсө анда башка маселе болмок.

Бизге кайрылган аялдар «күйөөмдүн үйлөнөөрүбүз менен мага болгон мамилеси өзгөрүп, мурдагыдай көңүл бурбай калды» деп келишет. Себеби аялдар ар кыл сериалдарды, кинолорду көп көрө берип, жашоосун да ошол тасмадагыдай элестетип алышат. Турмушта өйдө-ылдый болот, сезимге алдырып ийгенден абайлаш керек. Негизи эрди-катын ортодогу мамиле сууй баштаганда эле чечишип алганы жакшы.Ал эми бизге кайрылган келинге акыл менен ойлонуп, анан бир чечим кабыл алууну сунуштаар элем. Күйөөңүздү эле бир жактуу каралай бербей, балким сиз да аны өзүңүзгө тартып көрөрсүз. Сүйүү бир тараптуу эмес, эки тараптан тең болуш керек. «Бой салбайм, жакшы көрбөйм» дептирсиз, жолдошуңуз да ошол себептен сизге көңүл бурбай жаткандыр. Анын жан дүйнөсүн ачсаңыз, балким андан өткөн алтын адам жок болуп чыгаар. Бул жерде сиз да аракет кылышыңыз керек. Жашооңузду, өзүңүздү өзгөртүп көрүңүз. «Кантип?» деген суроо жаралышы ыктымал. Эркектер аялынын сырткы келбетине, өзүн алып жүргөнүнө да карайт. Өзүңүздү карап, үйдө отуруп тумчукпай жумушка чыгып көрүңүз. Айтор, жолдошуңуз эгер жакшы адам болсо, үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылууңар керек!

Булак: /sputnik.kg

Мелис Карыбеков, парапсихолог: Адам боло албай калдым го, мен периште болгум келип… (ВИДЕО)

 Чагылган: Мелис Карыбековду кыргыз эли жакшы билет. Өзгөчө анын саясат жана саясатчылар тууралуу айткандарын жакшы көрөт. Себеби, бул адамдын саясый окуялар, саясатчылар жана «Кара дуба» тууралуу айткан көзү ачыктыгынын көбү турмушта дал келген. Маселен, 7-апрель окуясын, Атамбаевдин падыша болорун алдына-ала айтканы бар. Анын ушу сыяктуу айткандары көп эле.

Бирок акыркы жылдары элге чыкпай, саясат ж.б. тууралуу көзү ачыктык кылбай, өзүнчө эле «бекинип», эл көзүнөн оолак болуп кетти. Мунун себеби эмнеде деп ойлоп жаткандар көп экени баарыбызга маалым. Мына ушул жагын биз да байкап, Мелис мырза менен жолугуп, аны менен көп  маселелер боюнча видеоформатта кенен баарлаштык. Көп сурап, кызык жоопторду алдык. Ал окурмандарды кызыктыра турган көп маселелерди айтты. Айрыкча азыркы саясый абал, мурунку жана азыркы президенттер тууралуу да кызык жагдайларды ачыктап, өз касиетине таянуу менен, мындайча айтканда  көзү ачыктык кылды. Ал  видео форматтагы маектерди алдыӊкы күндөрү бөлүк-бөлүк менен, сайтыбызга берип турмакчыбыз. Карыбеков көп нерселерди жөн айтчу эмес эле. Анан ал айткандарынын канчасы дал келет, убакыттын өтүшү менен биз да саресеп салып байкап турабыз.

Төмөндөгү маектен Карыбековдун адам болуу, периште ж.б. тууралуу маалымат ала аласыздар.

 

«Кошуналарым баламдан коркуп, жардамга келбейт»: Нарында лотереядан уткан унаа үчүн уулу апасын сабаган

Нарын шаардык соту өзүнүн апасын ур-токмокко алган Артыктын (аты өзгөртүлдү, К.у.А.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды.

Соттун токтомундагы маалыматка караганда, Артык 2017-жылдын 11-сентябрында, 7-9-ноябрында жана ушул жылдын 31-январында Нарын шаарында 53 жаштагы апасы Бактыгүлдү (ата өзгөртүлдү, Ж.Б.С.) токмоктогон.

Соттолуучунун айтымында, апасынан кечирим сураган. Ал өз алдынча жашап, апасынын тынчын албоого убада берди.

Жабырлануучу Бактыгүл ушул жылдын 31-январында уулу эртең мененден баштап түшкө чейин сабаганын билдирди. Анын айтымында, мындай окуя бир нече жолу болгон. Урушка алар лотереядан утуп алган унаа себеп болгон. Алар унаа утуп алгандан кийин Артык кылмыш жасап, түрмөгө отурган.

«Биз ал унааны учурда жашап жаткан үйгө алмашкан болчубуз. Артык түрмөдөн чыккандан кийин сатылып кеткен унааны кайтарып берүүбүздү талап кылып, мени ур-токмокко алып баштады. Бир нече жолу милицияга арыз менен кайрылып, бирок уулумду аяп, тосмо арыз жазып берген элем. Милицияда ал мындай окуя кайталанбай турганын айтып, бирок үйгө келгенде мени сөгүп, бир нече ирет сабады. Анын кесепетинен ооруканага жатып чыктым. Артык акыркы жолу мени сабаганда башыма, көзүмдүн айланасына согуп, ооруканада дарыландым. Кошуналарым баламдан корккону үчүн жардамга чакырсам келишпейт. 6 жаштагы кызым тез жардам чакырып, ооруканада мени карап жатты», — деди жабырлануучу.

Жыйынтыгында сот Артыкты Кылмыш-жаза кодексиндеги 111-берененин 1-бөлүгүнүн (такай уруп-сабоо же болбосо башка зомбулук аракеттер менен азап-тозокко салуу) негизинде күнөөлүү деп таап, 5 миң сом айып салды. Сот анын иш-аракетин өнөкөт кылмыш деп эсептөө токтомун чыгарды.
Булак :turmush.kg

Жанара: «Сауна бизнесин ачтык. Байыдык. Анан күйөөм жаш кыздар менен жүрүп кетти. Мен болсо…»

«Ичимде азап, көзүмдө кайгы. Көп нерсе айтып бергим келди. Себеби эскергенге, көз жаш төккөнгө арзыбаган күн­дөр. Жүзүм жашка жуулганча ыйласам да бөксөрбөдү» деп кебин баштады орто жашап калган каарманым Жанара эже.
– Бул окуя мурунку Союз учурунан башталат. Айбек карапайым колхозчунун баласы эле. Өзүнө тартып турган жүзү, келбети, жүрүм-туруму деле жок. Ак кө­ңүл болгондуктан жактырчумун. Мектептеги балдар мыскылдашса аларды кө­ңү­лүнө албай күлүп кутулчу. Аны башка балдар сыяктуу кайрат­туу, сөзмөр, тарсылдаган чы­ныгы эркекке тийиштүү мү­нөздөргө ээ болгон мырза катары көргүм келчү. Ошентип мектепти бүтүп, мен шаарга окууга кеттим. Жайкы каникулда үйгө барып, Айбек экөөбүз бир топко сүйлөшүп отурдук.
– Эптеп окуп алсаң болмок…
– Кайдагы окуу, улуусу болгондуктан үйдө калышым керек. Бөбөктөрүм менен төшөктө жаткан атамды жалгыз апама таштап кайда барам?
– Анда үйлөн да, келин­че­гиң апаңа каралашат, сен иш­тей­сиң.
Биздин ошондогу сүйлө­шүү­бүз мени көпкө ойлонтту. Шаар­да жүрүп Айбекке телеграмма жибердим. «Шаарга кел. Жу­му­шуңа жардам берем. Кыймылда да эркекке окшоп…» деп жазып жибердим. Көп өтпөй эле келип калды. Институттун буфетине жумушка киргиздик. Пирожки бышырып, чай ташып, буту бутуна тийбей иштеп жатты. Ошентип үй-бүлөсүн бага баштады. Кайда барсак да бирге барып, бир туугандай болуп калдык. 3-курсту аяктап жатканымда мени алысыраак тууганыбыздын баласына турмушка беребиз деп калышты. Бир күнү Айбек мас абалында келип, «Мен сени сүйөм! Сени алайын, мени таштап кетпечи. Мага баарын үйрөттүң, эми жашоомду сенсиз элестете албайм. Сен кетсең, мен кантем?» деп эжелеримдин көзүнчө ыйлап жиберди. Мени ошол учурда тилден калтырган анын «сени сүйөм» деген сөзү болду. Атам менен апам «Айбекке бербейбиз»дейт. Мен болсо кайсы жол менен кетишимди билбей башым катты. Айбекке болгон сезимим бар экенин байкадым. Көз алдыма ал экөөбүздүн бактылуу күндөрүбүз, ынтымактуу жашообуз гана тартылып туруп алды. «Өз жашоомду өзүм чечем» деген принцип менен туугандардын астында бетим кызарбай, «мен Айбекке турмушка чыгам» деп айта салдым. Той да бербедик. Тууган-урукту топтоп батасын алдык да, шаарга жөнөп кеттик. Күндүз окуп, кечинде Айбекке жардам берип буфетти тазалап, полдорун жууйм. Түн жамынып экөөбүз жетелешип, ар нерсени кыялданып үйгө келебиз. Кээде ачка-ток калып жүрдүк. Ошол учурда Союз тарап, биз эле эмес, эл да кыйналган күндөр башталды. Төшөккө чүмкөнүп жатып алып, «бир учурлар келип биз да жылуу үйдө май чайнап жаткан күнүбүз келет, мын­дай кыйынчылыктар бизди ажырата албайт, баарын биргеликте жеңебиз» деп сууктан муздаган илептерибиз менен араң үн чыгарып сүй­лөшчүбүз. Кудай бизди эч качан айрыбаса экен, балдарыбызды чоңойтуп, үй­лөп-жайлап койгондон кийин оору-сыркоосуз ушинтип жетелешип турган боюнча тиги дүйнөгө да бирге кетсек деп жашып алчубуз. Уулдуу болдук. Тиричилик деп кылбаган ишибиз калган жок. Бир күнү Айбек:
– Жанара, бизди бат байыта турган, туруктуу бизнес ачайын деп жатам,- деди.
– Кандай бизнес? Аны ачуу үчүн да канча чыгаша болорун билесиңби?
– Сен унчукпай тур, алдыда көрөсүң баарын.
Ошентип жолдошум базардын так ортосунан бир жай таап, ал жерге мончо ачты. Дагы кардар чакыруу үчүн сойку кыздарды алып келип иштете баштады. Кийин чоңойтуп сауна кылып алдык. Үйлүү, машиналуу болуп, бат эле бутка турдук. Бирок үйүбүздөн бакыт, ынтымак кетти. Жолдошум акчага көөп, мени көзгө илбей, жаш кыздар менен жүрүп алды. Муздак батирде бири-бирибизди кучактап, сууктан титиреп араң сүйлөп куру кыялданган күнүбүздөн башка бактылуу күндү эстей албайм.
Менин «эркекке окшоп» деп айткан сөзүм кайра өзүмө муш болду. Бир нерсе десем «мен да эркекке окшоп басып жатам, ичип жатам, жүрүп жатам» дейт. Канчалык күч­түү аял болсок да, биздин эң талуу жерибиз жолдошубуз болот экен, азыр баламдын келечеги үчүн гана жашап жатам. Бир күнү уулум ооруп калып, күйөөмө телефон чалсам«кырчындай кыздар турганда, сени менен жашап не кылам?» деп мас абалында ырдап жатат. Ары жакта каткырган үндөр. Ичим күйүп кетти, баланын ооруп жатканын айта албай ыйлап жатсам, ого бетер каткырып күлөт. «Сени бул даражага жеткирген ким эле?» деп көзүн ачкым келет, бирок… Күндөн күнгө жан дүй­нөм жанчылгандан жанчылып барат.

Булак: Интернет