Оңолбековдун орун басары кармалды

Мамлекеттик Бажы кызматынын кызмат адамдарына карата буга чейин козголгон кылмыш иши боюнча Бажы кызматынын башкармалыгынын мурунку башчысы Замирбек Ниязалиев  кармалды. Ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин камакка алынганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы кабарлады.
Буга чейин аталган кылмыш иш боюнча «Түндүк» темир жол бажысынын мурунку башчысы Нурбек Айбашев кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. Маалымат катары айта кетсек,  Н.Айбашев «А.» ЖЧКнын өкүлү менен келишип алып, Кытай Эл Республикасынан алынган товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө жол ачкан.
2015-жылы 20-августта аталган эки тарап жана «U.Q.I.T.C.L.» компаниясынын катышуусу менен Кытай Эл Республикасынын аймагында ири мүйүздүү малдын терисин кайра иштетүү, кийим, бут кийимдер үчүн булгаарыларды иштетүү боюнча келишим түзүлгөн. Андан кийин «А.Н.» кийлигишип, «А.» компаниясына булгаарыны бажыдан тышкары аймакта иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Муну менен «А.» ЖЧКсы иштетилүүчү товарды дарек боюнча «S.K.» компаниясына, ал эми факты түрүндө «U.Q.I.T.C.L.» компаниясына берип турган.  Жалпы жонунан кыянаттык менен пайдалануунун кесепетинен мамлекетке 166 млн. сомдон ашык зыян келген.  Ниязалиев бир жыл мурун Бажы кызматынын төргасынын орун басары болуп дайындалган болчу.

Булак: Багыт

КСДП депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды

Кечээ күнү УКМКга чакырылып, коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынганын  аталган комитетет  билдирди.

Маалыматка караганда, Артыкбаев Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесин биринчи бөлүмү («Коррупция») боюнча козголгон кылмыш ишке шектүү катары УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Азырынча депутат канча убакытка чейин камалганы боюнча маалымат жок. Кечээ Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов камалган. Үчөө теӊ ТЭЦке максатсыз пайдаланылды деген 386 миллион доллар боюнча козголгон кылмыштын алкагында камалды.

Депутат Осмонбек Артыкбаевге карата кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси («Коррупция») менен кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл органы бүгүн тараткан маалыматта 2012-2013-жылы «Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна төрт компаниядан сунуш келгени аныкталганы айтылат.

Маалыматка караганда, бул компаниялардын арасында энергетика долбоорлору боюнча эл аралык келишимдерди жүзөгө ашыруу менен алектенген Кытайдын мамлекеттик СМЕС компаниясы Кыргызстанга пайдалуу сунуш берген. Долбоорду 356 миллион долларга ишке ашыра турганын айткан. Ал эми Кытайдын ТВЕА компаниясы долбоорду 390 миллион долларга бүтүрүүнү сунуштаган жана анын мындай долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча тажрыйбасы болгон эмес.

Ага карабай, 2013-жылдын 24-майында Кыргызстандын президентинин резолюциясы менен ошол кездеги энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевге президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошондогу жетекчиси Сапар Исаков жана каржы-экономикалык талдоо бөлүмүнүн ошол учурдагы жетекчиси Нурсулуу Ахметованын атынан кызматтык кат келип, анда ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүүгө жана аны тандоого артыкчылык берүү керектиги белгиленген. Андан кийин Артыкбаев 2013-жылдын майынан декабрына чейин көп жолу келишимдик макулдашууну бекитүү тууралуу жыйын өткөргөн. Ал жыйындарда ТВЕА сунуштаган шартта аны менен тез арада келишим түзүү керектигине басым жасаган.

Артыкбаев өзүнүн орун басарлары Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын ошол кездеги башкы директору Салайдин Авазов жана анын орун басары менен бирге милдеттүү түрдө керек болгон техникалык-экономикалык негиздемени жана башка техникалык документтерди талап кылган эмес. Анын жыйынтыгында негиздеме жок эле 2013-жылдын 16-июлунда «Электр станциялары» ишканасы менен ТВЕА компаниясынын ортосунда Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу «EPC» эл аралык стандарты боюнча Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзүлгөнү айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматына караганда, бул келишимде «Электр станциялары» курулуштун чыгымдарын көзөмөлдөө жана ага таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Кылмыш иши УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Осмонбек Артыкбаев бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакыртылган. Ага чейин анын адвокаты Айжан Орозакунова Айбек Калиев менен Осмонбек Артыкбаев 6-июнда беттештирилип, суракка алынарын маалымдаган. (NT)

Булак:Азаттык

Экс- мэр Кубанычбек Кулматов камалды

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы жана Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин  УКМК тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн кабыл алды.

Кулматовдун адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, мындай чечимдин кабыл алынышы Кулматовдун  Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуулардан улам чыкканын билдирди. Сот имаратынан чыгып баратып Кулматов ошол жердеги журналисттерге «сот эмей эле, опуза сот (судилище) болду» деп айтты.

 

Кулматовду УКМКдан Биринчи май райондук сотко алып кетти

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрадан суракка чакырылган Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кулматовго УКМК тергөөчүсү  баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч жолдойт. Бул туурасында кабарчыларга Кубанычбек Кулматов өзү билдирди. Ал сурактан чыккандан кийин  Биринчи май райондук сотуна баратканын айтты.

«Азыр  соттун калыс болооруна үмүттөнүү гана калды», — деди Кубанычбек Кулматов.

Эске салсак, Кулматовго 18-майда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») боюнча айып тагылган, үйү тинтүүгө алынып, мүлкү камакка алынган. Ал буга чейин да УКМКга бир нече жолу суракка чакырылган.

Өз  кезегинде Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев  камакка алууга негиз жок деп билдирди.

Сапар Исаков камакка алынды (видео)

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев чыгарды.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн сурак бериш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) барган. Ал мекемеге кирип баратып ошол жерде турган журналисттерге “мыйзамды сыйлаган киши катары ар бир суракка убагында келип жатканын” айткан.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланганы үчүн 29-майда Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү ага айыбы угузулуп, «эч жакка чыкпоо» жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилген. Сапар Исаков өзүнө козголгон кылмыш ишин “чектен чыгуу” катары баалаган.

17-майда Жогорку Кеңеш ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссиянын бүтүмүнө ылайык, 386 млн. доллар кытай насыясынын максатсыз сарпталышына байланыштуу айрым аткаминерлерге укуктук баа берүү боюнча токтом кабыл алган. Ал токтомдо ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Сапар Исаковго укуктук баа берүү боюнча өзүнчө пункт бар.

Булак:Азаттык

 

3,5 миллион сомго сатылган 31 сотых боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 304 жана 166-чы беренелер боюнча (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылык) кылмыш ишин козгоду.  Маалыматта: кылмышка шектүүлөр жеке   “Р. Т.”  деп аталган компанияга  кошумча 31 сотых жер тилкесин  3, 5 миллион сомго мыйзамды бузуу жолдору менен саткандыгы айтылат. Бул боюнча текшерүү өткөн жылдын жай айларында жүргөн.

«Энергохолдингтин» мурдагы башчысы маалыматты бурмалоо аракетин көрүүдө

«Энергохолдинг» улуттук ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев маалыматты бурмалоо аракетин көрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Айжан Орозакунова билдирди.

Анын айтымында, учурда УКМКнын абагында жаткан Айбек Калиев Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо ишин Осмонбек Артыкбаев президенттин тапшырмасы менен колго алгандыгы боюнча айтканы чындыкка дал келбейт.

«Тергөө иштеринин аягына чыгышын күтөлү. Анын үстүнө тергөө органдарына иштин жүрүшү боюнча маалыматтарды таркатпоого макулдук берилген», — дейт ал.

Эскерте кетсек, айрым ЖМК Айбек Калиевдин Осмонбай Артыкбаев боюнча билдирүүлөрүн жана аны менен бетме-бет кездешүүнү талап кылганын жарыялаган

Мээрбек Мискенбаев Асылбек Жээнбеков берген 500 миң сомду жеп алып, качып жүрөт.

-Марипа эже, Мискенбаев боюнча иштер эмне болуп жатат?

-Мээрбек Мискенбаев боюнча өткөндө гезитиңерге кыскача айтып бердим. 2 млн 316 миң сомдун дайыны чыкпай калды. Анткени булар “чёрный” бухгалтерия менен иштешиптир. Ошентип, бул акчанын жыты да жок болуп жатат. Эки миллиондон сырткары, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков тарабынан бөлүнгөн 500 миң сомдун да отчёту жок болуп жатат. Бул акча 2014-жылы августта “Айкөл Ала-Тоонун” счётуна түшүп жатат. Бул акчалар 7-апрелде жарадар болгон он бир балага бөлүнүп берилиши керек болчу. Муну УКМК текшерип чыкты. Мискенбаев, Жамгырчиев, Баткуловдор он бир кишиге бериле турчу акчаны бербей өздөрү жеп алышкан. Бирок кээ бир документтерге “балдар акча алышкан” -деп көрсөтүшкөн. Чынында ал балдар бир тыйын да алышкан эмес. Керек болсо ал балдар спикер Асылбек Жээнбеков тарабынан 500 мин сом которулганын билишкен да эмес.

-Учурда Мискенбаевдин реакциясы кандай болуп жатты экен?

Ооба. Учурда Улуттук коопсуздук кызматы бул иш боюнча текшерип жатат. Президент, “жабылып калган кылмыш иштерин кайрадан карагыла” – деп айткан. Ошонун негизинде кайрадан текшерип, иликтеп чыгышып, чындыгында кылмыш белгилери бар экендигине ынанышты. Учурда текшерип бүтүштү, эми кылмыш ишин козгоо үчүн материалды жөнөтүштү.

-Сокулукта отуздан ашык балдар бар. Мээрбек Мискенбаев, Амантур Жамгырчиев дегендер ошол Сокулуктун балдарына барып жолугуп, кой союп берип сыйлашып, арткы число менен “акча алдык” – деп кол койдуруп алышыптыр. Тиешелүү акчаларын кайтарып берип жатышыптыр. Ошол акчаларды 2014-жылы эле берип койсо болмок да. Качан гана жанына күч келип, соттолуп кеткенден коркуп, алган акчаларын кайтарып берип баштаптыр. Мээрбек буга чейин бийлигине таннып өз билгенин кылып келгендиги даана көрүнүп турат. Деңгээли кандай экенин көрсөттү. 7-апрель окуясында жарадар болгон байкуш балдардын акчасьш жеп алганы адамдык касиетке жатабы? Кээ бир балдарга барып, “2104-жылы акча алганбыз” – деп кол коюп бербесең ишиң чатак болот” – деп коркутуп жатыптыр. Көрдүңөрбү, төрт жыл мурда бериле турчу акчага эми документ жасап жатканын. Бул жерде одоно түрдө мыйзам бузулуп жатат.

-Эки миллиондун тагдыры эмне болот эми?

-Эки миллион сомду Өкмөттүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерип чыгып, бир дагы кириш-чыгыш документтери, расходный кагаздары жок болгондугуна байланыштуу, он пайыздык өлчөм менен айып пул салган. Булар айып пулду төлөп беришкен. Демек, күнөөлөрү бар экенин, мыйзамды бузгандарын моюндарына алышкан. “Мен эки миллион акчаны жеп койгонум чын” – деп. Антикоррупционный кызматтанда маалымат келген. Чындыгында эки миллион акчанын дайыны жок болуп чыккан. Бирок, кылмыш иштери козголгон
эмес. “Айкол-Ала Too” коомунун счётуна түшкөн миллиондордун баарысы дайыны жок болуп кеткен. Мына карагылачы, акча тууралуу квитанцияларды. Ортолорундагы квитанциялары жок. Ал жерде канча акчалар алынгандыгын эч ким билбейт. Фонд Салык кызматына нөл менен отчёт берип турган. Ошол эле маалда счётко миллиондор кирип-чыгып турган. Мискенбаев эч кимди козго илбей, кооп жүргөн ошол учурда. Ушул чындыктарды айтканым үчүн менин артыман түшүп, куугунтуктап жүрөт. Мен да жарадар болгом. Мискенбаевдин айынан өзүмө тиешелүү жардамдарды алалбай келем. Үч жылдан бери жашаган даректеримди, телефон номерлеримди жашырып жашап жүрөм. Кайсыл жерге барбайын жолума бут тосуп, жолумду жаап таштаган. “Тапанча таап, Марипа эженин көзүн тазалаш керек” – деп айтыптыр. Азыркы учурда Сооронбай Жээнбековго ишенип турам, акыйкат чечим чыгарат деп. Эски бийлик кеткенден бери терең дем алып жашап жатам. Менин издегеним эле чындык!

Булак: Ачык Саясат

Бек Борбиев, ырчы: Сапар Исаковдун флешмоб аркылуу акталгысы келгени — бул күлкүлүү кылык

Белгилүү ырчы Бек Борбиев өзүнүн соц баракчасына, өзүн ФБ аркылуу флешмоб уюштуруп, жакшы көрсөтүүнүнүн  далалатын кылып жаткан Сапар Исаков тууралуу буларды жазды:

Сапар Исаков флешмоб аркылуу акталгысы келет окшойт, күлкүлүү кылык

Күнөөсү жок деп пост жазып аткандарга да таӊ каласын, силер эмне тергөөчү же сотсуӊарбы?
Бирок, чынында тергөөсү жок эле кандай коррупциялык иш кылганынды эл билип калды. 8 жылда миллионер, алды миллиардер болушуптур, элдин эсебинен, элди башка элге карыз кылып.
Өлүм жазасын киргизгенге мен дагы кошулат элем. Кытайлар казынаны уурдаган ууруларына өлүм жазасын Кыргыз Каганатынан көрүп анан киргизишкен. Ал мыйзам биз Ала Тоону жердегенде калып калган, а Кытайлар улантып келет. Алар өнүгүүдө , а биз..?!Эми бул маселе ачуулуктан айтылса керек, өлүм жазасын кайра киргизүү кыйын, бул өткөн чак. Бирок жеген акчаларын кайра кайтарып алуу жагын катуу талап коюп, көзөмөлгө алса болчудай. Жана бул иштерди, дегеле карызга келген акчаларды ар бир жаран онлайн аркылуу көрүп тургудай болсо жакшы болот эле
P. S С. Жээнбеков мөөнөтүнүн акырына чейин ийгиликтуу олтурам десе, анда ууруларды камап, кустуруп, өзү таза иштеши керек. Ийненин көзүндөй ката кетиргенге акысы жок.. Анын катасын Ашанын ууру командасы же жөн гана трайбалист манкурттар издеп аӊдып олтурганы сыр эмес

Жогорку Кеңештин депутаттарынын Жол тандабас жорголорунун баасы канча? (Видео)

Жогорку Кеңештин депутаттары кандай машиенлерге ээлик кылышарына Спутник кызыгып, аларды тасмага тартып алган.

 

Шайтан араба.

Опубликовано Эрнисом Мамазаировичем 1 июня 2018 г.

Түрмө кызматында чарбалык чатак чыкты

Кыргызстандагы абактарда нан жапкандар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу «Келечек» мамлекеттик ишканасынын жетекчисин «коррупцияга аралашкан» деп айыптап чыгышты.

Аталган ишкананын директору бул айтылгандарды куру доомат катары баалады. Жаза аткаруу кызматына караштуу «Келечек» ишканасынын алдында тогуз филиал бар. Алар негизинен нан бышырган цехтерди иштетип, жаза өтөө жайларына киргизет. Ошондой эле нанды Кыргызстандын базарларына да чыгарат. Андан тапкан кирешесинин теңинен көбүн «Келечекке» берет.

Булардын ичинен №8, №31, №47, №21 абактардагы цехтерди иштеткен төрт филиалдын директорлору «Келечек» мамлекеттик ишканасынын жетекчисине нааразылык билдирип чыгышты. №31 филиалдын директору Салтанат Жунушева жетекчиси Жээнбай Темиркановду «тендер өткөрүүдө мыйзам бузган, бир катар коррупцияга жол берген» деп айыптады:

— Устав боюнча «Келечек» мамлекеттик ишканасы абактагыларды иштетип, колонияларга жардам берип, инвестор тартып, иш орундарын көбөйтүп, пайда түшө турган мекеме болушу керек эле. Жетекчи Жээнбай Темиркановдун бул кызматка келгенине бир жумадан кийин бир жыл болот. Тилекке каршы, ал ишкананы менчикке айландырып алды. Эч кимге отчет бербейт. Уставга ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна, Жазаларды аткаруу кызматына, байкоочу кеңешке отчет берилиши керек. Бирок байкоочу кеңеш жок, устав бузулуп отурат. Эгер байкоочу кеңеш болсо ушундай коррупциялык система болбойт эле. Жетекчибиз эң маанилүү документтерге кол койбойт. Эч жакка кетпеген күндө деле орун басарына кол коюуга ишеним кат берип койгон. Ошону менен өзү кол койбой, четте иш бөлмөсүндө отура берет. Документтерге орун басары же биз кол коебуз.

«Келечек» ишканасынын №47 филиалынын директору Абжалбек Сопубековболсо жетекчилик тарабынан «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам бузулганын, ун алуу үчүн «Грин групп» жоопкерчилиги чектелген коому менен кымбат баадагы келишим түзүлгөнүн айтууда:

— 2017-жылы Темирканов бүт колонияларды картөшкө менен камсыздоо боюнча келишим түзгөн. УКМКнын өкүлдөрү 47-колонияга 28 тонна картошка кирбей калганын таап чыгышты. Ал иш азыр сотто. Жетекчилик картөшкөнү быйыл 4-майда киргизип, ишти калыбына келтирип койгон. Бул коррупция эмеспи? Май айында бизге 19 сом 95 тыйындан «унга келишим түзгүлө» деген көрсөтмө берди. Биз ага каршы чыктык. «Бул жакта арзан ун болуп атса, аны эмнеге 19 сом 95 тыйындан алып, нандын баасын көтөрөбүз» десек, «мен силердин жетекчиңермин, өзүм жооп берем» деди. Ошону менен 1 миллион 200 миң сом мамлекетке зыян алып келип атканда токтотуп калганбыз. Андан кийин ошол эле унду мамлекеттик сатып алуулар порталына 17 сом 23 тыйындан коюп, 17 сомдон ун тапты. Аны 17 сомдон койбой кайра 17 сом 23 тыйындан койду. Мунун 23 тыйынында да өз кызыкчылыгы барбы деп ойлоп атабыз. Жазгы картошка алуу боюнча Жаза аткаруу кызматынын өндүрүштүк бөлүмүнө келишимдерин алып барды. Картөшкөнүн баасы 26 сом 65 тыйындан деп көрсөтүшөт. Порталда картөшкө сатчулар анын баасын 16 сомдон деп киргизишсе, Темирканов «Араванда соттолгондорду тартып картошка 26 сом 65 тыйындан өстүрүп атканын» билдирет. Бул тууралуу да текшерүү болуп атат. Буга биз ишенбейбиз. 16 сомдон картошка чыгып атса, 26 сом 65 тыйындан алам дегени эмне деген шумдук? Бизде бүт кагаз, документтер бар. 

№8 абактагы нан цехин иштеткен филиалдын директору Искак Бейшеналиев болсо ишканага жетекчи дайындоодо жердешчилик роль ойногон деп эсептейт.

— Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Таалай Жапаров менен Жээнбай Темирканов экөө бир айылдан. Бир мектепте окуган экен.

«Азаттык» бул айтылгандар тууралуу «Келечек» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Жээнбай Темиркановдун да пикирин укту. Ал маалымат жыйындагы билдирүүлөрдү толугу менен четке кагып, күнөөнү кайра кол алдында иштегендерге оодарды.

— Маселе «Келечек» ишканасын оптималдаштыруу аракетинен кийин жаралды. Биздин филиалдардын директорлору буга чейин да көп инстанцияга, УКМК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына, Жогорку Кеңешке кайрылышкан. Акыркы алты айда ишканада үстү-үстүнө текшерүү болуп жатат. Атайын түзүлгөн мекеме аралык комиссия да текшерүүдө. Мен ишканага жетекчи болуп келгенден кийин ишкананы оптималдаштыруу аракетин баштаганбыз. Анын негизги максаты — бухгалтерияны толук электрондук форматка өткөрүү. Эгер бухгалтерияны электрондук форматка өткөрсөк, филиалдар жоюлуп, өндүрүштүк участкалар гана иштеп калмак. Булар ошого каршы чыгып, филиалдарды кармап калууга умтулуп жатышат. Бухгалтерияны электрондук системага өткөрбөсөк, филиалдарда каржылык-чарбалык мыйзам бузуулар өтө көп болуп атат. Андан тышкары өкмөттүн токтому боюнча өндүрүштүк ишканаларда сырттан иштегендер 15 пайыз гана болуп, калганын соттолгондор түзүшү керек. Ал эми маалымат жыйын өткөргөндөрдүн филиалдарында бул талап сакталган эмес, алардын жакындары, туугандары иштешет. Мындан тышкары биз даярдаган нандын баасы сырткы рынокко чыгарганга абдан кымбат болуп жатат. Себеби, булар көп чыгым коротуп, нандын баасын кымбат коюшат. Негизи, соттолгондордун эмгеги менен алып караганда, биздин нан Кыргызстандагы эң арзан нан болушу керек. Бир килограмм нандын баасы 24-27 сомго чейин болуп атат, эгер чыгымдар кыскартылса анын баасы 20 сом эле болуп калат. Бул боюнча Эсеп палатасы текшерип, жакында 1 миллион сомдук ундун көп пайдаланганы боюнча мыйзам бузуу таап чыгышты. Алты айлык текшерүүдө бизден эч нерсе тапкан жок. Булар менин дарегиме карата болбогон кептерди айтып тажабай келишет. №8 филиалдын директору Искак Бейшеналиевдин жасалма диплом менен иштеп келгени аныкталып, прокуратура иш козгоду. 

Устав боюнча «Келечек» мамлекеттик ишканасына камактагыларды иш менен камсыздоо милдети жүктөлгөн. Ишкана 2012-жылы 20-ноябрда өкмөттүн токтому менен түзүлгөн. Бирок учурда абактагыларды жумуш менен камсыздоо маселеси чечиле элек. Соттолгондордун 25 пайызга чукулу гана иш менен камсыз болгон. Калганы мамлекеттин эсебинен кармалат. Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Советбек Арбаев Кыргызстандын колонияларын өзүн-өзү камсыздоого өткөрсө болот деген пикирде:

— Мыйзамда абакта кармалгандар эмгектенүүгө акылуу экени жазылган. Аларды мажбурлап иштеткенге болбойт. Өз эрки менен иштеши керек. Ошого карабай, камакта отургандардын көбү же 90 пайызы иштеп, каражат тапканга макул. Убакыт да өткөрөт, каражат да табат. Бирок бизде бул маселе жакын арада чечиле тургандай көрүнбөйт. Бул нерсе мамлекеттин каражаты менен байланыштуу. Анткен менен аны чечүүнүн жолдору бар. Инвестиция тартса болот. Жаза аткаруу кызматынын жетекчилерин да кыска мөөнөттө алмаштыра бербеш керек. Эми ишти баштаганда алмаштырып коюшат, анан кийинкиси келип дагы өз ишин баштайт. Ошентип иш алдыга жылбай калууда.

Расмий маалыматтарга караганда, ушул тушта Кыргызстандын жабык жайларында 10 миңден ашык киши жазасын өтөп жатат. Алардын 8 миңден көбү жумушка жарамдуу.

Булак Азаттык