Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Коопсуздук комитети Орозайым Нарматованын суракка чакырылышы социалдык тармактарда кызууу талкуу жараткандан улам коомчулукка маалымат берүүнү чечкен. Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда Нарматованы 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) 3-курсуна орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча маалымат келип түшкөнү айтылат.

УКМКнын маалыматтында: “Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматовага ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берүү ыктымалдыгы тууралуу да маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө ЖАМУдагы О.Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган, бул анын окууга кабыл алынуусунун жана жогорку билими жөнүндө дипломду алуусу мыйзамсыз экендигин күбөлөндүрөт”,-деп айтылат. Мындан тышкары, тергөө учурунда ЖАМУда жеке сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Нарматова өлкөдө жок болуп, Орусияда болгону аныкталган. Ошол себептен парламент депутаты Нарматова жогоруда аталган кылмыш иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн күбө катары суракка чакырылган. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматова бүгүн, 14-январда Улуттук коопсуздук комитетине суракка киргени маалым болгон. Мунун алдында ал тергөөчүлөрдүн чакырган себебин билбей турганын айткан эле.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here