Узак жылдардан бери кыргыз спортунун дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга өздөрүнүн жеке аракеттери менен абдан чоң салым кошуп келаткан саналуу гана адамдар бар. Ал ардактуу адамдардын сап башында, албетте Аскар Салымбеков турары жалпы элге жакшы маалым. Быйыл да жыл жаңырары менен жакшы саамалык болуп, 2020-жылы мыкты көрсөткүчтөргө жеткен 10 балбанган бирден батир белек берилди. 7 батир 7 балбанга Кыргыз күрөш федерациясынан атынан ыйгарылды. Үч балбанга атап айтканда: Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Алибек Осмоновго Салымбеков Асакар өзү белек кылды. Чынында Аскар мырза, бул ирет дагы кыргыз спортунун чыныгы камкор атасы экенин далилдеп койду.

Ал эми Ушунчалык жогорку дегээлдеги сыйлоо аземин уюштуруу жана демөөрчүлүктү өз колуна алган адамдардардын башында Кыргыз Күрөш федарациясынын президенти Мелис Турганбаев турду.

Белгилей кетсек, Салымбеков Аскар Мааткабылович , спорттун: көк-бөрү, хоккей, футбол, күрөш, волейбол ж.б. түрлөрүн активдүү колдоп, бул оюндардын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошту. Акыркы жылдары футбол жана күрөштү дүйнөлүк деңгээлге көтөрүүгө көп эмгек жана каражат сарпталып жатканы айтпасак да түшүнүктүү. Аскар мырза, 2013-жылдары эле кыргыз спортуна «Дордой» ассоцациясы жылына миллион доллар сраптап жатканын билдирген. Андан бери, бул көрсөткүч өсүп жатса керек.

Себеби, кымбатчылыктын көрсөткүчтөрү жылдан жылга көтөрүлүп жатканы жалпыга маалым. Антсе да, эмгектин акыбети кайтып, кыргыз спорту жемиштүү болуп жатат. Айрыкча, күрөштөн кыргыз балбандары дүйнөнү дүңгүрөтүп, ааламдын алдыңкы балбандарынын катарынан ардактуу орун алышты. Арийне, бул балбандар мындай жогорку көрсөткүчтөргө өз күчтөрү менен эле жете калган жок. Аларды: Аскар Салымбеков, Мелис Турганбаев, Шаршенбек Абдыкеримов, Нурбек Изабеков, Азат Эркинбаев, Майрамбек Ахмедов ж.б. адамдар сүрөп, ушул даражага жеткиришти. Бул адамдардын ушундай зор эмгеги үчүн кыргыз коомчулугу байма-бай алкыш айтып турууга милдеттүүбүз десек болот. Ал эми өлкө жетекчилиги кыргыз спортунун чыныгы камкор аталарынын өзгөчө эмгегин өз убагында баалап турушу зарыл.

тектеш макала:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here