Орусиянын Алтай аймагында белгисиз адамдар 50дөн көп жылкыны атып кетишкенин орус ЖМКлары жазып чыгышты. Ал үйүр жылкылар Николай Дроков аттуу жаранга таандык экени айтылды. Келтирилген зыян болжол менен беш миллион рублду түздү. Анын айтымында, жылкыларды бир жерге чогултуп туруп аткылашкан. Айрым жаныбарларга экиден ок тийген. Маалымат каражаттары буга чейин жергиликтүүлөр Дроковго айдоо аянттарын жайытка айлантып алганы үчүн нааразы болуп келишкенин жазышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here