Бул тууралуу Айжан Хамит социалдык баракчасына жазып чыкты. “Кыргыздар казактарга гуманитардык жардам чогултуп, Бишкекте тыгылып калган Казакстандын жарандарын баш калкалоочу жай дайындап берүүгө даярбыз деп интернетте жазып жатышат. Биздин кыйынчылыкка кыргыздар биринчи болуп жардам берди, а биздикилер алардын жаранын кармап кетти. Кыргызстандын жараны, белгилүү джаз музыканты, бир аткаруусу миң доллардан кымбат турган Викрам Рузахуновду ур-токмокко алып, 200 доллар үчүн митингге катышканын моюнга алдырып жатышат.

Мунун баары орусиянын саясий технологияларына ылайык жасалып жатат. Тилекке каршы, биздин улуттук “Казакстан” каналы “1-каналга” жана “Россия 24кө” айланып кетти. Алар эки мамлекетти уруштурууга аркет кылышууда. Провокацияга алдырбагыла, посттун астына коментарийлерди чыныгы адамдар жазат деп ойлобогула. Чыныгы адамдардын азыр интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү жок”-деп жазган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here