азакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүү жасап, өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУга кайрылганын айтты. Өз сөзүндө мамлекет башчы Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы өнөктөштөрүнөн аскердик жардам суроо ниетин айткан. “ЖККУдагы өнөктөштөргө кайрылууну орундуу жана мезгилдин талабы деп эсептейм”, — деди Токаев.Учурда ал Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Ал Алматыда башаламандык жараткан топторду «анык террорчулар» деп атады.

-Мындан улам биз аларга каршылык көрсөтүү үчүн контртеррордук операция өткөрүшүбүз керек. Мен контртеррордук штабды жетектейм. Булар анык террочулар. Учурда алар Алматы жана башка шаарларда башаламандык кылып жатышканы бизге белгилүү. Алар имараттарды, эң башкысы курал-жабдыктар сакталган жайларды басып алууда. Алар аскердик окуу жайлардын курсанттары менен кармашып жатышат. Учурда Алматынын жанында Коргоо министрлигинин аба-десанттык бөлүмү менен кармаш жүрүп жатат — деди Токаев.

Казак президенти ошондой эле «террордук топтор чет жакта катуу даярдыктан өтүп келишкенин жана Казакстанга болгон кол салууну агрессия актысы катары кароо керек экенин» билдирди.

Ушул эле жыйында Токаев мамдекетте тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринен жардам сураган. Бул уюмга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Буга чейин Казакстандын расмий органдары нааразылыктар учурунда сегиз полиция жана улуттук гвардиянын бир аскери каза болгонун билдирген. Бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар тараганы менен расмий айтыла элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here