Балыкчы шаарынын 68 жаштагы тургуну Өмүркүл Карачева көп жылдан бери окуучуларга тарых сабагын окутуп келет. Ал 1916-жылдагы Ысык-Көл өрөөнүндөгү улуттук боштондук кыймылынын башчысы, болуш, хан көтөрүлгөн Баатыркан Райымбек уулу тууралуу маалымат берди.

«Менин жолдошумдун Баатыркан бабабыз жөнүндө чогулткан материалдарын топтоону улантууну максат кылдым. Жолдошум Аманидин Баатырканов оорунун айынан 50 жашында каза болуп, ишин аягына чыгара албай калды. Жолдошумдун бүтпөй калган ишин аягына чыгарсам дейм. Анткени Баатыркан бабабыздын эл үчүн жасаган эмгеги урпактардын эсинде калыш керек деп ойлойм», — дейт Өмүркүл Карачева.

Төмөндө Өмүркүл Карачеванын жолдошу Аманидин Баатырканов топтогон маалымат жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун кафедра башчысы, профессор Т.Б.Шейшекановдун 1916-жылдагы «Ысык-Көлдөгү көтөрүлүш» макаласындагы архивдик материалдар топтолду:

Эрнис Турсуновдун «Ата журт» тарыхый романындагы башкы каарман Баатыркан ойдон чыгарылган эмес. Ал көлдүн тескейиндеги алагөз-каба элинин эр-азаматы болгон. Баатыркан бабамдын өмүрү үч заманга туш келген, өзүнө көп окуяларды камтыган. Алар: Кокон хандыгы, Орус падышачылыгы жана сталиндик репрессиянын мезгили.

Бул кишинин айылы Кокон хандыгынын убагында Нарын тарапта жайгашкан экен. Айыл башчысы Кетиркей деген киши болгон. Кокон бийлиги элге оор салык салып, жер-жерлерге чеп орнотуп, акча, мал, ордого бирден кыз алып турган. Кетиркей Кокон бийлигине салык төлөбөй, салык жыйноочуларды сабап, кубалап жиберген. Кийинчерээк кокондуктар келип, айылды чапкан. Айылдын башында Баатыркандын чоң аталары Ажыбек, Алыбек баатыр турган. Кокондун аскер башчысынын бири Ажыбектин айылын чапканда «туу каңдаганга бир бала алып келгиле» деп аскерине буйруган. Ошондо бир баланы сүйрөп келишиптир. Кокондун аскер башчысы «ой, бул баланын көзүнөн от жанып турат, бир балээге кабылбайлы» деп баланы бошотуп жибериптир. Ошол бала Баатыркан болгон экен.

Ушундай катаал, көчмөн турмушта жашагандыктан Баатыркан абдан чыйрак өсөт. Ал болжол менен 1850-1855-жылдары азыркы Тоң районуна караштуу Ак-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында жарык дүйнөгө келген. Уруусу алагөз-каба, анын ичинен ботугур. Баатыркан 10-12 жашында эле ата-энеси каза болуп, жетим калат. Атасы Райымбек малы жок адам экен. Баатыркан ошондон баштап уурулукка өтүп, «көк ууру» атка конот. Бир жактан уурдап келген малын башка жакка жөнөтүп, «өнөрү» күндөн-күнгө күчөйт. Аталаш агасы Байбек Баатыркандын жоругун көрүп-билип турса да, баланы жайына коёт.

Жашы отуз чамасына келип калган Баатыркан бир жолу Кашкардан келе жаткан соодагерлердин кербенине Боом капчыгайынын ичинен кол салып, кокусунан колго түшүп калат. Колго түшкөн ууруну соодагерлер байлап-матап, бир чоң сандыкка салып, төөгө артып келе жатышса, соодагерлерге жолдон Шабдан баатыр жолугуп, ал-жайды сурашып учурашкандан кийин:

— Силер көп жер басып, соода кылып келе жатыпсыңар. Ошол жердеги эл аман-эсен бекен?, — деп сурайт кербен башынан.

— Эл-журт аман эле, бирок элге тынчтык бербеген бир ууру кыргызды кармап келе жатабыз, баатыр, — дешет тигилер.

— Ууруну көрсөк болобу?, — деп Шабдан баатыр соодагерлерден сыпайы өтүнөт.

Кербенчилер төөнү чөгөрүп, Баатырканды бошотуп, Шабдан баатырга көрсөтүшөт. Шабдан баатыр Баатырканды карап, ичинен келечекте эл-журтка тутка болчудай көзү тирүү неме экен деп ойлоп, кербен башынан сурап, Баатырканды бошотуп алат.

Эл ичинде Баатыркан бабабыздын атын угушканы менен, анын элге кылган эмгеги жөнүндө билгендер сейрек кездешет. Айрым учурда ал кишини Ысык-Көлдүн чыгышындагы бугу элинин тумак уруусунан чыккан Баатыркан ажы менен да алмаштырып жүргөндөр бар. Мен Баатыркан ажынын арбагына шек келтиргим келбейт, анткени ал киши да өз доорунда эли-журтуна эмгеги сиңген инсандардын бири болгон.

Ал эми биз сөз козгоп жаткан Баатыркан бабабыз эл оозунда «Саяк Баатыркан» деп аталып келген. Бирок эл басып өткөн жол ошол элдин тарыхы болгондон кийин Баатыркан бабабыздын тарыхтагы орду биздин тарыхчыларыбыз тарабынан такталып берилсе… Ал киши татаал мезгилде эл башкарып, элин баккан адамдардан болгон.

Үркүндө Кытай жерине барып, ал жактан көптөгөн оорчулукту, жаманчылыкты башынан кечирип, тыңдыгынан, элге-журтка кадырынын барынан, ары сөз билги жана иш билгилигинин аркасы менен элин аман-эсен кайра Ысык-Көлгө алып келген деп карыялар кеп кылышар эле.

Баатыркан бабабыз жөнүндө, анын кара кылды как жарган калыстыгы, кара букаралардын (кедей-кембагал, жарды-жалчылар) таламын коргой билгени, улуу жана кичүүнүн акыл-оюн уга билгени өтө эле көп айтылат.

Баатыркан бабабыз карапайым букарадан чыккан, дыйканчылыкты эриш-аркак ала жүргөн болуштардан болгон экен. Ал кишиге учурунда Шабдан баатырдын батасы тийип, дөөлөтү артып, тескейлик саяктардын ээси болуп калганын карыялар эскеришер эле. Ал болуш кезинде да букаралык жосун менен жүргөн, ыйманын ыйык туткан инсан болгон. Болуштук бийликти колго алгандан эле чыр-чатакты, доо-чырды өз төрүндө отуруп алып чечпептир. Андай кырдаалда калың элди чогултуп, ар кимдин оюндагысын угуп, андан кийин гана бүтүм чыгарган. Ошондо да «ушундай жасасак ылайык болор бекен?» деп көпчүлүк менен кеңешкен. Мындайда кимде ич күптү калат?

Баатыркан бабабыз эл-журтка алынып, болуп-толуп турган мезгилде да болуштун бийлиги менен дыйканчылыкты тизгиндеш алып жүргөн. Өз элинин башка элдерден жалдырап эгин сурап турушун каалабаптыр. Жер жылыганда элди чогултуп, арык чаап, суу жайып, буурсун менен жер айдап, ар бир түтүндү эгин экчү жерге ээлик кылыптыр. Ал киши Ак-Терек айылынын тушунан тоо этектей батышты карай 25 чакырымдай аралыкка чейин арык (канал) чаптырып, элдин дан менен камсыз болушуна шарт түзгөн. Бул арыкты кийин колхоз, совхоздор пайдаланышкан. Ал арыктан азыр да 2000 гектар жерге суу жүгүртүп, пайдаланып келишет.

Ошол кездеги ата-бабалардын таман акы, маңдай теринен жаралган арык баа жеткис байлык болгон. Ал мезгилде арык чабууда пайдаланылган эмгек куралдары өтө эле жөнөкөй болгон. Кетмен, чоттор менен казып, жыгач күрөктөр менен тазалоого туура келген. Мына ошого карабастан арыкты эч бир билими жок туруп, тоонун этектери менен чаптырып келгенин көргөндө өзүңдөн өзүң бабалардын эмгегине баа берип, ичиңден ыраазы болосуң. Арыкты чаптыруу мезгилинде Сарыбаш аксакалды атка мингизип, ошол кишинин төбөсү көрүнбөй калгычакты тереңдикте чаптырышкан. Баатыркан бабабыз арык чапкандардын башында такай болуп, аларды тамак-аш, суусундук менен камсыз кылып турган экен. Ошол чаптырган арык бүгүнкү кундө Баатыркан арык деп аталат. Ал эми эгиндерди Ак-Теректин чатында, Бар-Булак, Шор-Булактын жогору жагындагы Ажыбектин сайынын жанында, Четиндинин ойдуңуна айдаткан. Мына ушул жерди бүгүнкү күндө да дыйканчылык үчүн пайдаланып келе жатышат. Жыл сайын жаз чыгары менен айыл эли түп көтөрүлүп, Баатыркан арыгын тазалап турушат.

Баатыркан бабабыздын дагы бир касиети — эл кураганында. Кыргыз санжыраларында уруулардын оң же солго жана ичкилик болуп бөлүнүшү айтылат эмеспи. Азыркы күндө да солдон тараган айрым уруулар Көл кылаасында жашашат. Ошондой уруулардын бири — мундуз уруусу. Көл кылаасында жашагандардын көпчүлүгү Жети-Өгүз районундагы Шалбаа жана Мундуз айылдарында турушат. Ал эми биз сөз козгоп жаткан Кара-Коо, Кызыл-Туу айылдарында болсо бир нече түтүн мундуздар жашашат. Булар кандай себептер менен келип, жогоруда айтылган жерде жашап калганы белгисиз. Бирок ошол айылда жашап тургандардын ата-бабалары Баатыркан бабабыздын болуштук кылып турган учурунда келип, жер алып, өзүнчө түтүн булатышып, тескейлик саяктардан болгон алагөз-каба эли менен эриш-аркак, бир туугандай жашап келишкени жөнүндө карыялар айтышат. Маселен, Ак-Теректин чатында Баатыркан бабабыз мундуз Боронбайга өзүнчө жер бөлүп берип, ошол жерге мечит курууга жардам берген. Ал мечит Боронбайдын мечити деп аталып турган. Мундуз уруусунан чыккан Жаркынбай ажыга Бар-Булак менен Кара-Коонун чатынан, көлдүн жээгинен 20 гектар жер берип, жайгаштырган экен. Азыркы күндө Ажынын тумшугу деп аталган жер бар. Мындан тышкары айылдын ичинде катаган уруусунан 150гө жакын түтүн жашайт.

Баатыркан бабабыздын тушунда жергиликтүү ботугур уруусунан чыккан «тентектердин» айынан катаган уруусунун башында турган Боронбай туугандарын башка жакка (Жумгал тарапка) көчүрүп кетип бараткан жеринен Баатыркан бабабыз көчтү кайра артка кайрып келип, Бар-Булактын үстү жагындагы Келин-Коргон деген жерден 10 гектардай жер берип, элинде алып калып, бооруна тарткан экен.

Баатыркан бабабыз Көл боорунда калыс болуштардын бири болгонун уккан Шабдан баатыр өзүнүн бир кездеги өтүнүчү менен берген батасынын аткарылганына кубанган экен. Бир жылы Кемин тарапта тамчы тамбай, жер куйкалаган аптаптан улам эгин алынбай калат. Ошол күздө Шабдан баатырдын эсине өзү ак батасын берген Баатыркан бабабыз түшөт. Шабдан баатырга кайсы болуштук болбосун эгин бермек. Бирок Шабдан баатыр Баатырканды унута албайт. Анын ал-жайын сынагысы келет.

Шабдан баатыр эки жигитине төрт төө айдатып, Көл боорундагы Баатыркан бабабызга эгинге жөнөтөт. Баатыркан эки жигитти кучак жайып урмат менен тосуп алып, атайын өргөө көтөрөт да, эли-журтун чогултуп акылдашат. Ошол жылы эгиндин түшүмүн арбын алгандыктан Шабдан баатырдан аябайлы деген бүтүмгө келишет да, ондогон өрмөктөрдү согуп, алтымыш төөгө тең болчу каптарды даярдатат. Анын бардыгына эгин салдырып, төөлөргө жүктөтүп, төрт-беш ылоолорду айдашып жеткирүүгө кошуп берет. Канча эгин келгенин төрүндө отуруп уккан Шабдан күлүмсүрөй сакалын сылап:

— Анын ушундай адам болорун сездим эле, — деген экен.

Кыргыз журтчулугунда эзелтеден бери эле каны бир туушкандыкты ыйык сактоого аракеттер болуп, көбүрөөк маани берилип келген. Эгерде кимде-ким жети атасынын кайдан келип чыгарын билбесе, аны «кулдун тукуму» деп аташкан. Ошондон улам жети атаны билүү салты бекем сакталган. Баатыркан бабабыз да ушул жети атаны билүү жана эң башкысы укум-тукумдун, келечектеги урпактардын тазалыгына, анын акыл-эстүү болуп өсүшүнө көбүрөөк маани берип, өз элинде жети атадан таралгандардын арасынан үйлөнбөөгө катуу тыюу салган экен.

Байыртадан кайсы гана эл болбосун өз жерин көздүн карегиндей сактап, туулган жердин топурагы алтын деп, ата журт конушун түптөп келишкен. Айрымдары ээлигин башка элдердин эсебинен көбөйтүү үчүн улам бир жерде согуш отун тутантып турушкан. Орус падышачылыгы көчүрүп келген жана кийин өз алдынча эле-жер которуп отурукташа баштаган келгиндер менен кыргыздардын ортосундагы мамилелер улам оорлошо берген. Жеринен айрылган, чыдамы кеткен элге бөтөндүн баары душман көрүнүп турган учурда 1916-жылдын 25-июнунда «бөтөн» калктын 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерин аскер-оорук жумуштарына алуу тууралуу жарлыгы түздөн-түз элдин көтөрүлүшкө чыгышына себеп болду.

Кыргыз элинин тарыхында 1916-жыл — Элдик боштондук көтөрүлүш жана Үркүн менен белгилүү. Ошол жылы кыргыз эли эч тайманбай, эркиндикти, азаттыкты көздөп, Россия империясынын колониалдык эзүүсүнө каршы күрөшкө аттанган. 1916-жылкы элдик көтөрүлүштү уюштурууда жана ага жетекчилик кылууда кыргыз элинин арасынан чыккан белгилүү манаптардын, болуштардын, бийлердин ролу зор болгондугу талашсыз чындык. Элге таанымал, эл арасында кадыр-баркы бар инсандарды көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчү болгон эл массасы ээрчиген. Совет доорунда көтөрүлүшкө жетекчилик кылган андай инсандарды эзүүчүлөр, бай-манаптар, колониалдык бийлик менен кызматташкандар жана башка деп күнөөлөп, алардын тарыхтагы алган ордуна жана ролуна объективдүү баа берилбей келди. Ал тургай андай инсандардын бала-бакырасын, тукумдарын Совет бийлиги куугунтукка да алганы жакшы белгилүү.

Т.Б.Шейшекановдун «Көлдөгү көтөрүлүш» эмгегинде төмөндөгүдөй айтылат:

«1916-жылы Ысык-Көлдөгү көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири алагөз-каба элинин саяк уруусунан чыккан белгилүү манап Баатыркан Райымбек уулу болгонун архивдик материалдар, илимий эмгектер, эскерүүлөр далилдеп турат.

Баатыркан Райымбек уулунун көтөрүлүштү уюштуруу боюнча жыйындарга катышкандыгын, көтөрүлүш башталган мезгилде Барскоондо өткөн жыйынга Шабдан уулу Мөкүштүн катын алып келип, жыйынга катышкандарга тааныштыргандыгы тарыхый булактарда көрсөтүлгөн.

«…1916-жылдын 9-августунда Баатыркан Райымбек уулу Барскоондогу белгилүү манап Кендирбай Солтоноевге келип, Шабдандын уулу Мөкүштүн каты менен тааныштырып, жыйын өткөргөн. Жыйынга 100гө жакын адам катышкан.

Жыйынга катышкандардын арасында Кендирбай Солтоноев, Үсөн Шамыров, Мамбет Молдосанов, Бакачы болуштугунан Талканбай, Түптөн Батыркан Ногоев жана башкалар болгон.

Жыйында кабыл алынган чечим боюнча 10-августта көтөрүшчүлөр Барскоон кыштагындагы жашаган келгин орустарга кол салышкан».

Ал эми көтөрүлүш күч алып, уезддин борбору Караколду басып алууга багытталган чабуулдун башында тургандардын бири Баатыркан Райымбек уулу болгондугу жөнүндө Б.Солтоноев төмөндөгүчө белгилеген.

«1916-жылы 15-августта Тоңду жердешкен саяк, кыдык, Жети-Өгүздү жердешкен бапа, желдең урууларынан куралган 5000 көтөрүлүшчү Караколго кире бериштеги Ырдык деп аталган жерде Баатыркан Райымбек уулун ата-бабалардын эзелтеден колдонуп келген салтын эске алып, хан көтөргөн. Бирок көтөрүлүшчүлөр Караколду басып алышкан эмес. Баатыркан башында турган көтөрүлүшчүлөр Шалбаны көздөй артка чегинүүгө аргасыз болушкан».

1916-жылкы «Туркестанские ведомости» аттуу гезиттин №217 санында «Тоң өрөөнүндөгү Улахолго жакын жерде көтөрүлүшчүлөр менен старшина Бычковдун отрядынын ортосунда чоң салгылашуу болду. Кармашта көтөрүлүшчүлөр 1000ге жакын адамын жоготту. 50гө жакын орус туткундары бошотулду» деген маалымат жарыяланган.

Ал эми 2-октябрдагы Тоңдун Алабаш өрөөнүндөгү жазалоочу аскерлерге каршы чыккан кармаштарда көтөрүлүшчүлөр оор жоготууларга дуушар болушкан. Полковник Слинконун отряды көтөрүлүшчүлөрдү канга боёгон. Мына ошол жоготуулардан кийин Баатыркан башында турган көтөрүлүшчүлөр ашуу тарапка чегинип, Кытайга жер которууга аргасыз болушкан.

Мына ошол Улахолдогу жана Алабаш өрөөнүндөгү болгон салгылашууларда Баатыркан Райымбек уулу көтөрүлүшчүлөрдү жетектеп турган. Себеби Баатыркан Райымбек уулу өз учурунда ушул аймактан болуш болуп шайланган. Бул аймак анын киндик каны тамган кичи мекени болуп эсептелет.

1916-жылдагы көтөрүлүш аёосуз басылгандан кийин колониалдык бийлик тарабынан көтөрүлүштүн башында турган жетекчилерге издөө жарыяланып, тизме түзүлгөн. Колониалдык бийлик көтөрүлүштүн жетекчилерин колго түшүрүп, жазалоону көздөгөн. Андай тизменин катарында Баатыркан Райымбек уулу да бар болгон.

Баатыркан бабабыздын кичүү байбичеси Зуура энебиз Баатыркан бабабыз Шабдан баатырдын уулу Мөкүшкө киши жиберип, колго түшүрүлгөн мылтык суратып алганын, кийин Кытай жерине качканда ошол мылтыктардын жардамы менен кубалаган падыша аскерлеринен эли-журтун коргоп жүргөн деп көп кеп кылар эле.

Баатыркан бабабыз өз учурунда карапайым эле букарадан чыккан, акылынын зиректигинен эчен жыл болуш болуп, элинин тагдырын чечип, карапайым букаралардын кызыкчылыгын коргоп, ошолордун келечеги үчүн күрөшкөн. Кытай жерине үрккөн мезгилде эли-журтун аман-эсен алып барып, кайрадан киндик каны тамган журтуна алып келген. Ушулардын бардыгын карыялардан угуп, билип, Баатыркан бабабыз «Журт атасы» деп аталганы бекеринен болбосо керек деп ойлойм.

Кытайдан Ата Журтуна кайтып келгенден кийин өлкөдө орногон Совет өкмөтү деле мурунку журт башчыларын тынч койгон эмес. Тескерисинче, ошол журт ээлерин куугунтукка алып, түрмөлөргө камап, Украинага, Магаданга айдап, айрымдары атылган.

Көтөрүлүштөн жеңилип калышын атабыз элдин билимсиздигинен жана курал-жарактын начардыгынан көргөн. Баатыркан ата өзүнүн аталаш иниси Акмат менен кеңешип, кыйынчылыкка карабастан бир билимдүү адамды таап келүүнү сунуш кылат. Акмат бир кишини жанына алып, Казанга барып, Арс молдо деген кишини көчүрүп келет. Анын өз аты Фатхулин экен. Фатхулин балдарга төрт амалды, жазганды, окуганды үйрөтөт. 1940-жылдан баштап география, дүйнөлүк тарыхтан сабак окуткан. Ал кишиден алагөз-кабанын жүздөгөн жаштары билим, таалим-тарбия алган. Баатыркан ата окуп билим албаса да, тубаса акылдуу киши болуптур.

Кийин советтик доордон Баатыркан ата бейкуттукту, көп жакшылыкты күткөн. Бирок андай болбой «эл душманы» аталып, мал, жерин тартып алып, өзүн кайра-кайра суракка алып, айласын кетиришкен.

Баатыркан бабабыз 1929-жылы каза болгон. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсү Украинага айдалган. Украина жеринде Баатыркан бабабыздын улуу баласы Абдилазиз байбичелери менен кошо каза болуп, сөөктөрү ошол жерге коюлган. Кичүү уулу Канат, неберелери Отор, Алымкул Улуу Ата Мекендик согушта Украина жерин коргоодо курман болушкан. Согуш аяктагандан кийин кичүү байбичеси Зуура, небереси Керим Кыргызстанга кайтып келишкен.

1991-жылы Тоң районундагы Кара-Коо айылынын башкы көчөсү Баатыркан бабабыздын ысымы менен аталып, Бар-Булак менен Кара-Коо айылдарынын ортосунда бабабыздын чоң эстелиги орнотулган. 1994-жылы Баатыркан бабабыздын 150 жылдык мааракеси өткөрүлгөн.

Turmush

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here