Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Совхоз айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, үч бир тууган балдар каза болду. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Балдар алты, беш жана үч жашта болгон. Үйдүн ээлерин, балдардын ата-энесин кошуналар куткарып калган.

Түшкү саат 15:00 чамасында башталган өрт кечки саат 22:00дөн өтүп өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ саат 16:35 чамасында Ак-Суу РИИБге Каракол айылында үйдө өрт чыгып, кичинекей балдар жабыр тартканы кабарланган. Аталган факты каттоого алынып, иликтөө тобу жөнөтүлгөн. Милиция кызматкерлери айылга келип, өрт айылдын 35 жаштагы тургуну И.В.нын чөп сакталган гаражынан чыкканын такташкан. Жалын үйгө өтүп, анын кесепетинен 3 бөбөк каза болгон.

Каза болгон балдардын ата-энесинин айтымында, алар бул күнү 4 баласы менен үйдө жүрүшкөн. 2 баласы болсо мектепте болгон. Кичинекей балдар ашканада сыналга көрүп ойноп жатышкан. Бир маалда көчөдө жүргөн 20 жаштагы баласы Б.А. гараждан чыккан өрт үйгө өткөндүгүн айтып кыйкыра баштаган. Үйдөгү ата-энелер балдар ойноп жаткан бөлмөгө бара албай коюшкан. Өздөрү болсо жалындап күйүп жаткан үйдөн кошуналарынын жардамы менен терезе аркылуу чыгышкан. Кырсыктын кесепетинен 5 жаштагы М.Ю. аттуу бала, 6 жаштагы М.А. жана 4 жаштагы М.И. атуу кыздар каза болгон. Учурда экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Каракол айылынын тургундары жабыр тарткан үй-бүлө үчүн жардам чогултуп жатышат.

Соңку учурда Кыргызстандын аймагында өрт кырсыгы көп катталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери 2900дөн ашык өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 17% көп. Кырсыктан 40тай киши каза болду. Анын ичинен онго жакыны жаш балдар. Адистердин айтымында, кырсыкка көп учурда электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык себеп болот.

Жакында эле Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, төрт адам каза тапты. Алардын экөө жаш балдар. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here