Кылымдарды карыткан кыргыз элинде элге аты кеңири тараган жана унутта калган улуу бир топ олуялар өткөн. Ошол олуялардын акыркысы, тактап айтканда 1866-1940-жылдары жашап өткөн Өмүрзак уулу Куйручук экенин элибиз жакшы билет. Быйыл айтылуу олуянын 155 жылдыгы. Буга чейин анын 125 жылдык, 145 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде белгиленген. Айрыкча 2011-жылы 145 жылдык мааракесине керемет жайлоо Соң-Көлдө өтүп, ага ошол кездеги президент Роза Отунбаева баш болуп, миңдеген адамдар катышкан. Жүздөгөн боз үйлөр кыдырата тигилип, ондон ашык улутук оюндардын баш байгесине 10 автоунаа коюлган. Келген элге «Алакөлдөй чык, Ала-Тоодой эт тартылып», маараке укмуш белгиленген. Аны менен катар ошол мааракенин алдында белгилүү, акын-жазуучу, маркум Эркалы Өскөналы уулунун «Кудай сүйгөн Куйручук» деп аталган көлөмдүү китеби жарыкка чыккан.

Жалпы эле элге кызык эмеспи. Кезегинде кыргыз, казак, өзбекке чейин даңкы чыккан атактуу олуянын түз урпактары тууралуу ким эле белгиси келбесин. Кызыккандар үчүн маалымат болсун деген изги тилекте Куйручук олуянын түз урпагы, тактап айтканда чөбөрөсү Токтобек мырза менен учкай маектештик:

Айтылуу олуянын 155 жылдык мааракесин быйыл өзүнүн туулган күнү 1-майда райондук деңгээлде белгиленип, урпактары, жакындары спорттук оюндарга жакшы байге коюп, куран окутуп эскеришкен.

Эки күн мурун болсо Куйручук олуянын мааракесинин уландысы өз айылында облустук деңгээлде белгиленип, айкели тургузулуп, анын ачылышы салтанаттуу түрдө белгиленди:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here