25-декбарда Жумгал районунунун Куйручук айылына тургузулган кыргыз элинин акыркы олуясы Өмүрзак уулу Куйручуктун айкелинин ачылыш аземи өттү. Айкелди жалпы урпактары олуянын быйылкы 155 жылдык мааракесине арнап, скульптор Бакыт Иманбаевге жасатышкан. Салтанаттуу иш -чарага Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Адыл Сапаров, Жумгал районунун акими Жамшит Матанбаев, анын орун басары Бакыт Жээналиев, райондогу айыл өкмөт башчылар, Кыргыз эл артисти, К. Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев, коомдук ишмерлер Канат Турганбеков, Адис Өмүралиев, Айдарбек Осмонов, ошондой эле Куйручук айылынын тургундары катышты.

Сөз сүйлөшкөндөр биринчи кезекте айкелдин мыкты жасалганын баса белгилешип, Куйручуктун: олуялыгын, көрөгөчтүгүн, балбандыгын, манасчылыгын, акындыгын, чечендигин, найзакердигин, кара кылды как жарган калыстыгын, эл багар камкордугун учкай айтышып, айылга тургузулган айкел жалпы элге, кийинки урпактар үчүн эң баалуу иштердин бири болуп , атактуу олуянын даңазасын арттырып турарын айтышты. Иш-чарага катышкандарга Куйручук олуянын урпактарынын бири Качкын Оторбаевдин «Куйручук олуя» китеби белекке таратылды.

Салтанаттуу иш-чараны толугу менен көрүңүз:

Иш чаранын жүрүшүндө айтылуу манасчы Дөөлөт Сыдыков манас айтса, Эл акыны Элмирбек Иманалиевдин эң мыкты шакирттеринин бири төкмө акын Мундузбек Усупбек уулу, А. Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын солисти Жоламан Үсөн уулу, ошондой эле элеттик таланттар да өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Ал эми Куйручук олуянын айкелин жасаган Бакыт Иманбаев айкелдин жасалышы тууралуу буларды айтып берди:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here