Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9 жаштагы кыздын өлүмү боюнча шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Сузак районунун тургуну — 1973-жылы туулган У. А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткендигин, аны 3-4 күн үйүнүн жер төлөсүндө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, анын денеси муздап, өлүп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып салгандыгын жана анын кийим-кечектерин толугу менен өрттөп салгандыгын айтты. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Кылмышка шектүү У. А. Сузак районундагы айылдардын биринде жашап жүргөн. 10 жыл мурда үй-бүлөсү кетип калгандыгы жана ал үйүндө жалгыз жашап жүргөндүгү такталды, — деп айтылат маалыматта.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here