Кыргызстанда тартылган “Ала качуу» (Take and Run) кыска метраждуу көркөм тасмасы «Оскардын» кыска тизмесине (шорт-лист) илинди. Бул тууралуу киноакадемиянын расмий сайтында кабарланды.

Америка киноакадемиясы «Оскар» сыйлыгына он категория боюнча тасмалар тандалат. “Ала качуу» (Take and Run) тасмасы “Кыска метраждуу көркөм тасма” категориясында каралмакчы.

Аталган тасма 2019-жылдын август-сентябрь айларында Кыргызстанда тартылган. Дүйнөлүк бет ачары 2020-жылдын августунда АКШнын Род-Айленд кинофестивалында көрсөтүлдү. Тасмада никеге туруу үчүн уурдалган кыз салт менен эркиндиктин ортосунда ара жолдо калат. Немис режиссеру Мария Брендл Кыргызстандагы ала-качуу көйгөйүн кеңири коомчулукка жеткирүүнү көздөгөнүн айткан.

“Режиссер катары коомго кыз-келиндердин тууралуу маалыматты жайылтып, үнү угулбай келгендердин сөзүн жеткирсем дейм. Мен ала качууга дуушар болгон күчтүү каарманды көрсөткүм келди”, — деген режиссер.

«Оскар» сынагына тандалуудан мурда “Ала качуу” тасмасы бир катар кинофестивалдарда байге уткан. IMDb сайтында тасма 8,4/10 рейтингине ээ болгон. Кезектеги «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи 2022-жылдын 27-мартына белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here