Адам өмүрү болжол менен 80 жылга уланып, кээси ага жетпейт экен, кээси андан өтүп барып жашоосун токтотот экен, 90-100гө чыккандар сейрек…

            Оо, азыр сөөк коюнун түрдүү жолдору бар. Ошондо бир нерсе дароо баамга урунат- өлгөндүн артында калгандар сөзсүз түрдө ошол өлгөн немени даңазалагысы келет: көп мал соет, дасторкоду тойдон артык жасалгалайт, узатып жаткан адамы укмуштуудай кыйын болгонун ашыра айтышат, ж.б. Анан кыркылыгы, ашы берилет, ар дайым өлгөн күнүн жандык союп белгилеп турушат, алардын түрдүү масштабагы юбилейлери өткүрүлөт, өлгөндөр жердин астында чирип жатып тирүүлөр  менен бир «жашап» турушат. Булардын баары жакшы, бирок, ошонун баары ашкере чыгымды талап кылат, анан дагы куру намыстын жыйынтыгы- «а жетпейт, бу жетпейт» деген заман ал-жакадан алып турган абалда булардын кереги жок. Баарыдан да байларга теңелип кедейдин сөөк коюудагы башынан ашкан чыгымы жан күйгүзөт?! Баш-оту менен карызга батып, кыларга айла таппай турушат! Өлөрүн самайт!

            Ооба, өлгөндөр сөзсүз жоктолот: көз-жаш куюлган ый, түрдүү кошоктор, «Көкөй кести» жаңырат, тирүү болсо, далайды «кыйратмагы» айтылат… Мына ошонун баары ыгы менен болгону жакшы. Анан кайгы жалаң ошолрдун башына келгенсип дайны жок ботодой боздоп, аялы артынан «кетмей» болуп, тим эле жарык дүйнөнү жок кылчудай жер тытып жоктоп ашкере кетишет!..

            Мына мен азыр 72 жаштамын. Көптөн бери ойлоп келем: жамандыр-жакшыдыр жашап ушул жашка келдим. Эми балдардын аманчылыгын тилеп туруп 75 жашка чыкканда акырын тиги дүйнөгө кете берейин дейм. Буту-колум иштеп, акылым ар нерсени айтканга жарап турганда ошентейин. Анан ооруп догдурга жатып, андан жаманы үйдө төшөктө жатып, баскан-турганым «мандемдүү» болуп, көзүм  жакшы көрбөй, аны бир, муну бир сүзүп, кулак жакшы укпай «ыялап», сөзүм менен өзүмдүн курчу кайтып, ар-сөздөн  аягына чыгара баа бере албай калганча жашап не?! Бала-чакага жүк болбой,  оң турганымда кетип бергеним сонун! Тилегим ушул. Бирок, качан өлөрүмдү ким билет?! Баарынан жаманы ушул да-адам качан өлөрүн билбейт?!

            Баса, бир аманатым бар балдарга, инилерге айта жүргөн: мен өлгөндө дасторкондо боорсок, май анан кант эле болсун, айла жок, бир мал союлсун. Эч кандай траурдук митингдин кереге жок, анан да  эстелик коюлбасын!..

            Баратбай Аракеев, Кыргыз Респуликасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here