Кыргызстан Афганистанга күйүүчү-майлоочу май экспорттоп баштады, деген маалымат жазып чыкты, Афганистандын «Pajhwok Afghan News» маалымат агенттиги. Афган трейдерлеринин билдиргенине караганда 10 жылдан соң биринчи жолу Кыргызстандан Кундуз провинциясына күйүүчү-майлоочу май импорттолду. Ага байланыштуу май ташыган афгандык соодагерлер бийлик өкүлдөрүнөн имарат бөлүп берүүнү суранып жатышат. Кундуз провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Матин Юсафзай да көп жыл өткөндөн кийин Кыргызстандан күйүүчү-майлоочу май импорттолуп баштаганын тастыктады. Күйүүчү-майлоочу май Шерхан Бандар порту аркылуу ташылууда. Жалпыга маалым болгондой Кыргызстанда бир литр бензин менен солярканын баасы 60 сомдон ашты. Серепчилер жаңы-жылда күйүчү майдын баасы дагы 5-6 сомго кымбаттай турганын айтышууда. Буга чейин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Т. Масадыков Ооганстанга эки ирет барып, талиб бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүп келген

Шерхан Бандар порту

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here