ашкы прокурордун депутат Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушун кароо боюнча депутаттык комиссия депутат Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартты.

Буга чейин комиссиянын курамы кеңейип, анын курамына 11 депутат кирген. Комиссиянын төрагасы алмашып, Канатбек Исаевдин ордуна Айсулуу Мамашова шайланды. Комиссиянын жетекчисин алмаштырууга Башкы прокуратуранын Исаевге каршы чыкканы себеп болгон.

Башкы прокуратуранын өкүлү Исаев менен Жетигеновдун мамилеси жакшы эмес экенин, Исаев өзү бул тууралуу ЖКнын жыйынында ачык айтканын, жердештик фактору бар экенин белгиледи. Буга чейин ЖК депутаттары Акылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду кол тийбестиктен ажыратуудан баш тарткан. Буга чейин бир катар парламент депутаттары Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун Жээнбеков жана Зулпукаров менен бирге кароону сунушташкан. Жетигенов бийликти күч менен басып алууга даярданган деп шектелүүдө. Ал ноябрь айынын аягында кармалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here