Бүгүн айтылуу генерал Мелис Турганбаев менен ЖК депутаты Дастан Бекешевдин жолугушту. Жалпыга маалым болгондой экөө тн Октябрь райондук бир мандатуу округдан ат салышкан. Добуштардын жыйынтыгында Бекешев бир топ мыйзам бузуулар катталганына карабай жеңишкек жеткен. Генерал Мелис Турганбаев Дастан мырзага Октябрь районундагы бир топ көйгөйлөрдү айтып берип, ишине ийгилик каалады. Генерал анын карапайым калктын жашоосун жеңилдеткен, мамлекеттин бүтүндүгү, коопсуздугу, өлкөнүн өнүгүшү үчүн зарыл болгон мыйзамдарды демилгелешине тилектештигин билдирди. Ал ошондой эле, үгүт учурунда аталган райондо көптөгөн жолугушууларды өткөргөнүн жана анда тургундар тарабынан арбын көйгөйлөр айтылганын белгилеп, аларды чечүү үчүн керектүү сунуштарды берүүдө жана аракеттерди көрүүдө ар дайым жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады. Дастан Бекешев өз кезегинде Мелис Турганбаевге ыраазычылык билдирип, анын КРнын спорттук күрөш федерациясына президент болушу менен куттуктады жана аны менен байланышта болорун айткан.

Интернет айдыңында генерал Мелис Турганбаевдин бул кадамын көпчүлүк жигиттик катары баалап, башкаларга үлгү көрсөткөнүн байма-бай жазып жатышат…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here