Чүйдүн Сокулук районунда бойго жете элек кыздын зордукталышына байланыштуу аксакалдар соту өтүп жатат.

7-декабрда Исмаил айылында ондогон адам чогулуп, кылмышка шектүү буга чейин да ушундай иштерди жасаганын жүйөө келтиришти жана аны жазалоону талап кылышты. Айрымдары ал үй-бүлөсү менен көчүп кетиши керектигин, кээ бирлери укук коргоо органдарынын мыйзамдуу жаза беришин күтүү керектигин айтышты.Жыйынга жабыркаган кыздын туугандары, район акими Курманбек Айтибаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имам жана депутаттар катышууда. Тургундар шектүүнүн сотун айылда өткөрүүнү суранганда, аким иштин баары мыйзам чегинде жүргүзүлөрүн, күнөөлүү жазаланарын билдирди.

7-декабрда Сокулук районуна Кызыл-Туу айылынын тургундары 16 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу аксакалдар сотуна чогулушту. Айыл тургундары шектүүнүн үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүүнү талап кылып, 3 күн убакыт беришти. Болбосо, жазалоого чыгабыз деп коркутушту.

Жабыркаган кыздын кошунасынын айтымында, шектүү кан төгүү болбосу үчүн көчүп кетиши керек. Айылдын башка тургундары кармалган адам экинчи жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш жообуна тартылып жатканын билдиришкен. Бир нече убакыт мурун үй-бүлөсү биринчи жабырлануучунун жакындарынан кечирим сурап келгендиктен бошотулган. Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев айыл тургундарын мыйзамды сактоого чакырды.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-декабрда Сокулук райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, 16 жаштагы кызын белгисиз адам уруп, зордуктаганын билдирген. Тергөөнүн баштапкы маалыматында «ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы» айтылат.

Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, 31 жаштагы эркек камакка алынган.

5-декабрда Сокулук районунун 50дөй тургуну Ички иштер бөлүмүнүн алдында чогулуп, аталган фактыны калыс тергөөнү, күнөөлүүнү жазалоону талап кылышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда бир жылда «Зордуктоо» беренеси менен 250дөн ашуун иш козголуп, анын 17си гана сотко жеткен. “Жашы жете электерге карата зомбулук аракеттер” беренеси боюнча 54 факты катталган. Жазык кодексине ылайык жашы жете электерди зордуктагандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here