4-декабрь, саат 9:00га карай БШКга 2490 шайлоо участогунан саналып бүткөн добуштардын жыйынтыгы серверге киргизилди. Дагы төрт участоктон келе элек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады. Ага ылайык, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 99.84% кол менен саналды. Бул маалыматтарга ылайык, партиялык шайлоо системасы менен “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы 17.11% , “Ишеним” 13.46%, “Ынтымак” 10.86% , “Альянс” 8.21% , “Бүтүн Кыргызстан” 6.99% , “Ыйман Нуру” 6.09% добушка ээ.

Мыйзам боюнча добуш берүү бүткөндөн кийин 20 күндүн ичинде шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланат. 28-ноябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоо өттү. Аралаш системада өткөн шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here