Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму жылды жыйынтыктап, рейтингде алдыңкы орунда турган балбандарга, анын ичинде кыргызстандык Эрназар Акматалиевге акчалай сыйлык ыйгарды. Бул тууралуу маалыматты уюм өзүнүн расмий сайтын жарыялады. Биринчи жолу күрөштүн үч түрү (эркин, кыз-келиндер жана грек-рим) боюнча 30 салмак категориясындагы алдыңкы үчтүккө кирген балбандар сыйланат. Рейтингде биринчиде турган спортчуга он миң доллар, экинчиге жети миң, ал эми үчүнчү саптагы атлеттерге үч миң доллар берилмекчи.

70 килограмм салмакта:

  • Магомедмурад Гаджиев (Польша) – 60 упай
  • Алик Панталео (АКШ) – 46 упай
  • Эрназар Акматалиев (Кыргызстан) – 40 упай

Уюмдун жылды жыйынтыктаган рейтинги боюнча дагы үч кыргызстандык балбан акчалай сыйлык алышы керек. Бирок уюм маалыматында бул боюнча жазган эмес. Кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова рейтингде биринчи орунда турат. Дагы бир балбан кыз Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта экинчиде. Ал эми грек-рим күрөшүнүн чебери Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмактагы балбандардын арасында үчүнчү сапка жайгашкан.

Ranking Series сыйлыгы буга чейин күрөштүн ар бир түрүнөн бирден мыкты балбанына гана берилип келген. Эске салсак, Эрназар Акматалиев быйыл 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону, ал эми дүйнөлүк биринчиликте күмүш байге тагынган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here