Экс-депутат Элвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи май районундагы бир мандаттуу округдан парламентке ат салыша турганын ЖМКлардын маалымдады. 28-ноябрдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо борбор калаанын Биринчи май жана Свердлов райондорунан талапкер болгондор колдоого ээ болгон эмес. Шайлоого келгендердин көбү «баарына каршы» деген добуш беришкен. Мындан улам эки округдагы шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Элвира Сурабалдиева парламенттин алтынчы чакырылышына депутат, 2020-жылы бийлик алмашканда кыска мөөнөткө вице-премьер-министр болуп иштеген. ЖК депутаты катары активдүү иштеп, курч маселелерди көтөрүп келген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here