Рыскелди Момбековдун талапкерлигин сот калыбына келтирди. Бул тууралуу Момбеков ЖМКларга:»Мындан жарым саат мурда Бишкек шаардык административдик сотунун судьясы Азиз Эшалиев менин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча берген арызымды толугу менен канааттандырды. БШКнын 24-ноябрда кабыл алган чечимин жокко чыгарып, мени кайра шайлоо тизмесине киргизди. Соттун чечимин акыйкат, адилет деп эсептеймин», — деп билдирди

Момбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына Социал-демократтар партиясынан талапкер.
Ал буга чейин талапкерлигин калыбына келтирүү үчүн Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. Саясатчы 26-ноябрда видео кайрылуу жасап, бийликти сындап келгени үчүн кысымга кабылганын жана конституциялык укугу бузулганын айтып чыккан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here