Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда азык-түлүк коопсуздугу каралган Коопсуздук кеңшинин жыйынында өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына тарифти 2022-жылдын 1-январынан тартып арзандатуу боюнча тапшырма берди.

«1-январдан баштап биринчи электр энергиясынан жардам берели. Азыр 77 тыйындан төлөсө, ошону 50 тыйынга түшүрүп бергиле. Калган 27 тыйынын сиздер бюджеттен субсидия кылып төлөп бересиздер. Бир айдын ичинде дагы бир сыйра ревизия кылып чыккыла. 110 миң 518 үй-бүлөдөн 31-декабрга чейин эски тариф менен аласыңар дагы, 1-январдан баштап 50 тыйындык тариф менен аласыздар. Бир айдан кийин сиздерден сурайбыз»,-деди мамлекет башчы.

Жапаров бул багытта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн даректерин, аты-жөндөрүн тактоону тийиштүү министрликтерге тапшырды. Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго тамак-аш жагынан да жардам берүү керектигин, жаңы жылдан тартып ун, май, шекер таратып берүүнү тапшырды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here