КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Ишеним» саясий партиясынан талапкер Сүйүнбек Өмүрзаков үгүт кербенин кичи мекени Кара — Кулжа районунун шайлоочулары менен жолугушуудан баштады. Талапкер жалпысынан 90 жерде эл менен жолугушууларды өткөрүп, элеттик
элдин көйгөйүн укту.

Видео https://www.instagram.com/p/CWvRREELDDy/
» 30 жылдан бери жолдун алыстыгынан биздин айылга талапкер эмес, акимдер бут баспаган. «Сүйүнбек атанын уулу экендигиңди далилдедиң. Сен келдиң эми үнүбүз бийликке жетет деп ойлобуз»- деген пикирлерин алыскы «Жең-Кол», «Шаркыратма» айылдарынын тургундары айтышты. Ал эми «Ылай — Талаалык» К.Баатыров: «С.Өмүрзаковдун мандат алышы- элибиздин утушу болот. Өлкөбүздүн ички, тышкы коопсуздук маселелерин жат билет. Добушубузду биз үчүн, мамлекетибиз үчүн кымбат жигитибизден аябайбыз»- деп сыймыктануу менен элди добуш берүүгө чакырып кетти.
Ошондой эле райондун борборундук стадиондогу шайлоочулар менен болгон жолугушууда эл бир добуштан колдоп, «С.Өмүрзаковдой духу, эрки, саясий сабаттуулугу жогору жигитибиз парламентте да керек»- деп сыймыктануу менен айткандарын баса белгилеп кетмекчибиз.
Ар дайым биринчи болуу бактысына ээ С.Өмүрзаковго касиетүу Өзгөндун шайлоочулары да ак тилектерин айтышып, ак баталарын беришти.

Видео: https://www.instagram.com/tv/CWvSx2ZL6Af/?utm_medium=share_sheet

«Ишеним» саясий партиясынын буйрутмасы боюнча, «Эпкин Кейдж» . тарабынан даярдалды. Нускасы: 1 даана. «Ишеним» партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6 01.09.2021-ж).24-11-2021

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here