«Ишеним» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рустамбек Советбек уулу менен учкай маек:

-Рустамбек мырза, сиз эмнеге шайлоого аттандыңыз? Бул эмнени өзгөртө алат?
–Менин максатым депутат болуу элдин пайдасына жарай турган мыйзамдарды кабыл алуу. Топ адамдардын кызыкчылыгын көздөө үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөө үчүн.
Мен сизге эмнеге добуш беришим керек?
– Мен жөнөкөй экономистмин. Карапайым адамдын кантип жашап жатканын, кандай көйгөйлөрү бар экенин жакындан билем. Элдин маселелерин чечүүдө менин көз карашым башкача.
-Программаңыз кандай жана аны кантип ишке ашырасыз?
– Жаңы жумуш орундарын берүү, аларга татыктуу айлык менен камсыз кылуу, ишкерлерге колдоо көрсөтүү.

-Эмнеге «Ишеним» партиясын тандадыныз?
– Бул партия кооз сөздөрдү куру убадаларды бербейт, партия иштөөгө даяр!

Видео: Зал толгон эл менен жолугушуу: https://www.instagram.com/p/CWsqLFjPZAh/

Өмүр баяны:

Рустамбек уулу Советбек 1976-жылдын 9-сентябырында Ош облусунун, Ноокат районундагы Жатан айылында жарык дуйного келген.
1983-1993-жылдары Мукай Элебаев атындагы орто мектебинде билим алган.
1994-жылдан тарта Бишкек шаарында ишкерлик менен алектенген.
2009-2014-жылы Н. Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура Университетинин ИНформатик – Экономист адистиги боюнча билим алган.
2019-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын “ Алыш”бел боо курошунун вице-президенти болуп дайындалган.

2018-жылы Дуйнолук кочмондор оюнунда кошкон зор салымы учун, Кыргыз Республикасынын Окмот башчынын ыраазычылык каты менен сыйланган.
2019-жылы Кыргыз Биримдиги коому тарабынан “ Жылдын мыкты кайрымдуу ишкер мырзасы 2019” диплому менен сыйланган.
Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here