Илгерки жоо жакалап турган заманда, ат жалында ойноп, жетимиш өнөр үйрөнүп, элди жоодон сактаган азаматтарды эр деп айтышкан. Алардын эрдиги акылы менен күчүнүн арбындыгы, калайык калк үчүн кароолдон түшпөгөн мекенчилдиги, айлакер, көк жалдыгы менен өлчөнчү.
Азыркы заманда кыргыз эли да эл үчүн күйүп иштеген, Кыргызстанды сүйүп иштеген, камылгасы калк үчүн болгон, элге жакын, карапайым мекендештерине ар кыйынчылыкта кол сунган жигиттерди ошол илгери Эр-азаматтарга теңеп келишет.


Анын бири биз сөз кыла турган Теңир-Тоонун кулуну, ийгиликтүү ишкер, меценат, заман тамырын кармай билген мыкты менеджер Улан Бакасов. Бул жигиттин аты мурдатан эле Нарында белгилүү болчу. Нарындагы «Себат» кыргыз-түрк лицейинен заманбап билим алып, 4тилде эркин сүйлөгөн жаш жигит, жогорку окуу жайында билимин улантып, ошол эле маалда ишкерчиликке киришет. Адал менен арамды айрып таанып, адамдар менен тил табышат билген, өнөктөштөр менен ишенимдүү иштешкен ал тез эле бизнесте өз оордун таап, тапкан кирешесин дайыма жардамга муктаждар менен бөлүшүп, берешен, марттыгы менен башка «битин сыгып, канын жалаган» байлардан айырмаланып турчу. Видео: https://www.instagram.com/p/CWslJr7LTpE/

Аңгыча, тилекке каршы, КОВИД-19 деген кара тумоо адамзатты буй түшүрүп, ажал коштогон оор жер жүзүн, анын ичинде Кыргызстанга да жетип келди. Экономикасы начар, медицинасы чабал биз ковиддин алдында кол куушуруп, нечен мыкты замандаштарыбыз боо түшүп, коронавирустуг курмандыгына айланды. Ошол маалда Нарынга Улан Бакасов дары-дармегин, азык түлүгүн ченебей жөнөтүп, чыныгы элдик уул экенин билгизди. Ал боюнча, көп айтылды.

Видео: https://www.facebook.com/100012640397328/videos/4615118185208932

Бүгүн болсо Улан Жогорку Кеңешке 33-Нарын шайлоо округунан бир мандаттуу депутаттыкка аттанып, теңиртоолуктар тегиз колдоп жатышат. Анткени, талапкер иши менен, мыкты адамдык сапаттары өзүнө ишеним жаратыптыр. Акыркы күндөрү ал Ат-Башы районун толук кыдырып, ар бир айыл тургундары менен ийри отуруп, түз кеңешти. Өзүнүн реалдуулукка жакын, иш жүзүнө ашырууга жеңил, ошол эле маалда жаратылышы катаал аймактын жашоочулары үчүн маанилүү болгон депутаттык платформасы менен тааныштырып, ал көзү чачырап турган көпчүлүктүн көңүлүнөн орун тапты.

» Алты ай бою кыш болгон, бирок, ошого жараша мал чарбачылыкка ыңгайлуу жер аянты, шарты бар районго реалдуу долбоорлор түзүлүп иштеп баштаса, эт, жүн, сүт экспорттоого жол ачылса, туризмге заманбап мамиле жасап, каржылоо булактарын ачсак, элге жумушчу орун түзүлөт, киреше көбөйөт, социалдык муктаждыктар чечилет. Мен парламентте ушул багытта гана иштеп берем. Мен саясатчы болуш үчүн эмес, элдин көйгөйүн чечүү үчүн баратам. Сиздердин ишеничти толук актоого Жараткан канча мүмкүнчүлүк берсе ошончо аракеттенем»,-деди элге Улан Бакасов.

Ошентип, Улан Бакасовду Алмамбет, Кошойдун сөөгү жаткан касиеттүү Ат-Башынын эли кош колдоп ызаттап, ишенимин билдирип, чоң үмүт менен узатты.
Буюрса, 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өткөн шайлоодо Улан Бакасов башка талапкерлер ат чабым алыска келип, эл үчүн күжүлдөп ишке киришет деген ишенич бар.
Тынчтык Алтымышев, журналист

КР Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Бакасов Улан Болотбекович буйрутмасы боюнча, 25.11.2021-ж. талапкердин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакасова Райхан Болотбековна тарабынан төлөндү.

тектеш макала:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here