Москвада кыргызстандык мигрант Эген Апсаматов интернет блогерлердин колунан машине утуп алды. Анда блогерлер такси айдоочуларга акчасын унутуп калганын айтышып, акысыз жеткирип коюуну өтүнүшкөн.

Бирок бир дагы айдоочу макул болбой койгон. Ошол маалда аларга бир айдоочу токтоп, блогерлерди көздөгөн жерине акысыз жеткирген. Андан кийин видеодо блогерлер Эгенге машине саткан салондун жанынан машине утуп алганын сүйүнчүлөшкөн. Видео: https://www.instagram.com/p/CWr4z4kI4aE/

Эки баласы бар ата беш жылдан бери Орусияда таксист болуп иштейт. Эген Апсаматов «Азаттыкка» маек курду.

 Эген мырза, адегенде белегиңиз менен куттуктайбыз! Кандай сезимдер болуп жатат? Негизи эле ошол күндөгү окуяны айтып берсеңиз.

— Аябай толкунданып жатам. Чындыгында мындай белекти өмүрүмдө биринчи жолу утуп алдым. Окуя тууралуу айта турган болсом, ал күнү адаттагыдай эле буюртма түшкөн. Барсам, ушул эки бала турган экен. Чынын айтсам, алар тууралуу кабарым жок эле. Көрсө, Гусейин Гасанов абдан таанымал блогер экен. Алар мага “Бекер жеткирип коё аласызбы, акчабыз калбай калды, бирок шашып жатабыз, эшикте туруп үшүп калдык”, — дешти. 20 мүнөттүк жол экен, жеткирип койдум.

Алар көргөзгөн дарек боюнча автоунаа салонуна жеткенде, күтүп турушумду өтүнүштү. Болуптур деп күтүп турдум. Видеодон көргөзгөндөй эле, чыгып “Болду эми сен өзүңдүн автоунааңда жүрөсүң, ижарага албайсың. Мына, автоунааң, паспортуңду алып биз менен жүр” дешти да салонго алып киришти. Ошентип, мени машинелүү кылып коюшту. Ойдо жок жерден олжолуу болуп калдым.

— Автоунааны алдыңыз, аны эми эмне кылам деп жатасыз?

— Азыр автоунаанын документтерин бүтүрөлү деп жатам. Андан кийин ушул машине менен жумушка чыгам го. Социалдык тармактарда «сатасыңбы?» деген суроолор абдан көп берилип жатат. Азырынча бул тууралуу ойлоно элекмин.

— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Москвада канча жылдан бери иштейсиз?

— Москвада үй-бүлөм менен турам. 2017-жылы өзүм иштегени келип, эки жылдан кийин үй-бүлөмдү алып келгем. Бир кыз, бир уулум бар. Кенже балам Орусияда төрөлдү. Кызым беш жашта, уулум 2,5 жашта.

— Сиз роликте «кызым ооруйт» деп айткан экенсиз…

— Кызымдын оң кулагы укпайт. Сүйлөсөң сол кулагын жакындатып “эмне дейсиз?” дейт. Машинеге отурганда “музыканын үнүн көтөрүңүзчү, укпай жатам” деп көп айтчу эле. Ошондой учурларда кызыма боорум ооруп, жүрөгүм менен ыйлачу элем. Кыргыз элиме да чоң рахмат. Акча жөнөтүп жатышат, кечээ «Сбербанк» картабызды бердик эле. Алар колунан келген жардамын кызымдын дарылануусуна жиберип жатышат. Мага кылган жакшылык ээсине эки эсе кайтсын деп тилейм.

Булак Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here