Бишкектеги арзан баада көмүр саткан кампаларга кайрадан көмүр түшүп, элге таратыла баштаганы маалым болду. «Кыргыз көмүр» ишканасы кечээ кампага 300дөн ашык тонна түшүрүлүп, жолдо дагы 707 тонна келе жатканын билдирген. Эки күндөн бери түшкө чейин сатылып, түштөн кийин калбай калып жаткан. Ал жерде иштеген айдоочулардын айтымында бир күндө көмүр алууна каалап, тизмеге жазылгандардын саны 1500 — 2000ге чейин жетип жаткан.

Бүгүн Мурманская,1Б/1 көчөсүндө жайгашкан база 900дөн ашык тонна көмур бар. Ал көмүрдүн бөлүгү арзан көмүр саткан экинчи базага (Дэн Сяопин, 306/2а) ташылып кетип жатканы белгилүү болду. Азыр 17-20-ноябрда кезекке тургандар алып жатышат. Бүгүн кезекке тургандарга кезек 10 күндө жетип каларын айтышты

. Эске салсак, бир тоннасы 3 000 сомдон сатылууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here