Азаттык  – ата-бабалардын каны менен кошо айланып, жаны менен кошо жашаган, муундан муунга жеткен улуу дөөлөт. Урпактан урпакка  өтүп келген көөнөрбөс мурас. Канча кылымдар өттү, канча муундар алмашты. Бирок, эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин жүрөгүндө, азаттык  деген үмүт өчпөй, эркиндик деген эңсөө жашап келди. Элибиз кылымдар бою эңсеп келген көз карандысыздык  – Жараткандын буйругу менен азыркы муундун энчисине, биздин заманга туш келди. Ошондуктан, бүгүнкү эгемендик — биздин гана энчибиз эмес, бул – ата-бабалардын кылымдар бою төгүлгөн канынын, энелердин жүз жылдар бою тамган көз жашынын баасы.Түмөн муундардын тынбаган күрөшүнүн натыйжасы. Бабаларыбыздын бизге калтырган аманаты.  

Ошондуктан, улуттук биримдигибизди, ынтымагыбызды бекемдеп, өлкө тагдырын, эл тагдырын баарынан жогору коюп, тынчтыкты көзүбүздүн карегиндей сактайлы! Ушул аманатты бизге жеткирүүдө ата-бабаларыбыз, апаларыбыз өз өмүрлөрүн аяшкан жок. Эл башкарган Курманжан Даткадай апабыз, акылмандыгы менен айырмаланган Каныкей апабыз, ошондой эле кыргыз элине белгилүү Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал, Уркуя Салиевага окшогон баатыр аялдар чыккан. Алардын катарына Талас элинин кызы Ак Зыйнат Датканы да кошсок ашыкча болбойт.

Соңку жылдардагы өлкөнү башкаруудагы чабалдык, карапайым элдин талабына кайдыгерликтин натыйжасында үч ирет төңкөрүш жолу менен бийлик алмашты. Тилекке каршы, оор жоготуулар менен болгон бул аракеттер сырткы чапанды гана алмаштырып койгон сыяктуу эл күткөн олуттуу өзгөрүүлөргө алып келген жок. Демек, мындай иш аракеттер менен өлкөнү өнүүгүнүн жолуна алып чыгууга мүмкүн эмес. Өнүгүүнүн багытын ар кыл тармакта тажрыйба топтоп, акыл-ою бышкан, алган багыттын натыйжалуулугуна толук көзү жеткендер гана аныктай алат.

        Алдыдагы шайлоодо элибиз көрөгөчтүк жана кеменгерлик менен өлкөнүн багытын так, таамай аныктап, башка мамлекеттер менен бир деңгээлде иш алып барууга жөндөмдүүлөрдү тандай алат деп ишенгим келет.

         Анткени жакшы тилектерден үмүт кылып, кескин өзгөрүүлөрдү күтүүдөн элибиз чарчап бүттү. Алдыдагы шайлоо чыныгы тандоо болсун! Шайлоого кирген ар бир партиянын, ар бир талапкердин ой-максаттары, иштөө дарамети тыкыр таразаланып, тандоодон жаңылбайлы.

         Мен дагы эне, аял жана көп жылдар окутуучу болуп иштеген мугалим катары түйшөлткөн төмөнкү маселелерге көңүл буруп, мамлекет тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүшүн каалайт элем.

          Мигранттар – көр-оокаттын, жетишпеген жашоо турмуштун айынан четте жүргөндөр. Атайын маалыматтарда 600 миңге жакын мигранттар бар деп берилсе, такталбаган билдирүүлөрдө бир миллиондон ашык деп айтылып жүрөт.Кандай болсо да, алардын 60-70% кыз-келиндер түзөт. Алар кыйбас адамдарына, жакын туугандарына дайындап кеткен жаш балдар кордук көрүп, сабалып, оор жаракат алып, ал турмак алган жаракаттардан улам каза болуп калганы эч кимге жашыруун эмес.

         Чоң ата, чоң эненин колунда ичкен жегенден кем болбой өсөт дегендер деле өз энесинин мээриминен кем болуп, тарбия-таалим көрүп, толук кандуу билим алуусунда да өксүк бар экендиги, жалпы  элдин көйгөйүнө  айланды. Демек, татыктуу айлык-акы менен замандын талабына ылайык өндүрүштү жандандыруу менен жумуш орундарын түзүүнү бийликтин кечиктирилгис милдеттери деп талап кылуу зарылдыгы бар.

        Негизи эле “үй-бүлө кичинекей мамлекет”. Күчтүү мамлекет күчтүү үй-бүлөдөн курулат. Демек, эл өзүнүн тагдырын ишенип тапшырган бийлик, үй бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ден-соолукта болуп, сапаттуу билим алып, жашоо-турмушта көйгөйү болсо, колдон алып, колдоп, коргоп  турууга  милдеттүү.Тилекке каршы, улуттук идеологиябыздын жоктугунан батыштын идеологиясынын таасири алдында калганыбызды да танууга болбойт. Улуттук нарк-насилибизге жат көрүнүштөр  коомчулукта байма-бай кездешүүдө. Моюнга алышыбыз керек, эгемендикти алгандан бери бийлик бутагына келгендер батыштан да, чыгыштан да жазгы селдей каптаган агымдардан элди, жерди коргой алган жокпуз. Балким, “ көч бара-бара түзүлөт  ” дегендей өйдө-төмөн толкундай болгон мезгилдин бул баскычынан өтүп, тажрыйба топтоп, анан бутка туруш керек болгондур.

     “Азаттык”партиясы ошол өткөөл мезгилдин бардык баскычынан иргелип өтүп, таамай, так багыт алууну көздөп турат деп ишенимдүү айта алам.

       Көп жылдык окутуучулук тажрыйбамдын негизинде, ар бир бала коомдо кандай гана кырдаал болгонуна карабай толук кандуу билим алып, мыкты адис катары эли-жерине кызмат кылууга даяр болушу үчүн билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, көзөмөлгө алынышы керек.

      Бактылуу үй бүлөнүн, ата-эненин мээримине бөлөнүп, мамлекеттин ар тараптуу колдоосунда, терең билимге сугарылып өскөн жаштар гана өлкөнүн жаркын келечегин жарата алат . Башкача  болууга мүмкүн эмес.

       Демек, мамлекет тараптан өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо менен бактылуу үй бүлө, билимге толук кандуу сугарылган жаштардын өсүүсүнө шарт түзүүсү зарыл.

       Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери Талас эли менен жолугушууларды өткөрүп келе жатам. Партиянын программасы менен таанышып, мени колдоп келип бергениңиздерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Элдин чыгаан уул-кыздарынан куралган “Азаттык” партиясы шайлоочулар үчүн  эли жерин сүйгөндөрдүн тандоосу болот деп терең ишенем. Буга чейинки тажрыйбама таянып, берген убадама бек туруп, ишеничиңиздерди актайм деп айта алам.

      Урматтуу шайлоочулар! Ар бириңиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо каалайм! Элибизде тынчтык, молчулук, бакубаттуулук, ынтымак-ырашкерлик болуп, өлкөбүз өркүндөп, азаттыктын жолунда алгалай берсин!

1 нуска, 25.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here