Орусиялык блогерлер Гусейн Гасанов менен Арутюн Назарян такси кызматында иштеп жүргөн кыргызстандыкка КИА үлгүсүндөгү унааны белекке берди. Бул жараянды камтыган видео Инстаграм баракчасына жүктөлдү.
Алар атайын экспермент кылып такси айдоочуларын бекер жеткирип коюуну өтүнүшкөн, бирок, бир топ айдоочулар баштарын чайкап кетип калышат. Аты белгисиз кыргызстандык айдоочу блогерлердин өтүнүчүн аткарып, жеткирчү жерине жеткирет. Видео : https://www.instagram.com/p/CWr4z4kI4aE/
Блогерлер таксиден канча табасың деп сурашат. Ал 40 миң рубль табам, 2 балам бар. Бири кыз, бири эркек. Алардын биринин бир кулагы тубаса укпайт. Акча таап барып дарылатам дейт.
Кыргызстандык айдоочунун мамилесине ичи жылыган блогерлер КИА борборуна барып, унаа белек кылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here