“Альянс” саясий партиясынан
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
ТОКТОБҮБҮ ОРГАЛЧАнын
кыргыз элине сунуштаган 4 багыттагы программасы:

                 Мен,  Токтобүбү Оргалча сиздердин колдооңуздар менен депутат болуп калсам, 4 гана багыт боюнча иш алып барам. Шайлоочуларыма асмандагы айды же жердин түбүндөгү кен байлыкты колуңарга карматам деп убада бербейм. Бүгүн кыргыз элиме аба менен суудай керектүү 4 маселени жашоомдо көрүп, билип, байкап келе жатам.

1-багыт

Идеология жөнүндө.

Биздин Кыргызстанда түпкүлүктүү элдин кызыкчылыгын коргогон, кыргыз элинин намысын, мекенчилдигин ойготкон мамлекеттик идеологиянын жоктугу өкүндүрөт. “Мен кыргызмын. Менин Кыргызстаным” – деген сөздөрдү тамагыбыз айрылганча кыйкырып, Кыргызстандын кызыл туусун канчалык желбирете көтөрсөк да натыйжа болбой жатканын көрүп, билип келе жатабыз. Демек биздин өлкөдө мамлекеттин улуттук принциптерин карманган чыныгы идеология жаралбай жатат.

        Кыргызстандын жер, суу, тоо, таш, кен байлыктары сыяктуу эле өлкөдө жашаган башка улуттун өкүлдөрү да мамлекеттин эң чоң байлыгы болуп саналат. Биздин өлкөдө Президент Садыр Жапаров өзүнүн президенттик ишинин башатында биринчи кезекте мамлекеттик идеологиянын өзөгүн түзгөн “Кыргыз жараны” концепциясына кол коюп, этникалык чөйрөдөгү саясатты иштеп чыгуу тапшырмасын берген.  Президентибиздин мындай баалуу демилгесин колдоп, бул багытта өлкөнүн ички жана тышкы жашоосун жылыта турган кыймылды жаратышыбыз керек.

2-багыт

Экономика жөнүндө.

        Өлкөдө идеология жолго коюлса экономика өз нугунан кескин өзгөрүүлөргө барат. Экономиканы кыймылдатыш үчүн алгач биздин өлкөдө мамлекетти сүйө билген, урматтаган, мекенчил кулк-мүнөзгө ээ болгон коомдук чөйрө жаралыш керек. Элдин мамлекетке, улуттук каада-салтка, тарыхка, келечекке болгон көз караштары өзгөрүлбөсө, өлкөдөгү экономикада депрессиялык маанайдан алдыга жыла албай тура берет. Андыктан биз алгач идеологияны жолго койсок, андан кийин экономикада өсүш заматта байкалат. Мен эмне үчүн мындай пикирлерди айтып жатам? Ырас, мен Кытайлык кыргыздын кызымын. Чынын айтсам, акыркы убакта дүйнө жүзүнө Кытайдын экономикалык басымы же кыймылдаткыч күчү биринчи орунда болуп келе жаткандыгы байкалат. Мен Пекинде окуп, ошол элдин экономика менен күрөшүүдөгү мамлекеттик сырларын үйрөндүм, билдим. Эгерде биз чоң-чоң долбоорлорду жасасак, биздин Кыргызстан керек болсо Орто Азиядагы эмес дүйнө жүзүндөгү даңазалуу өлкөгө айланарына шек жок. Мен бул пикирди жөн эле сөздөр менен айтып жаткан жокмун. 2021-жылдын жаз айларынан бери жүгүрүп жүрүп учурда Токмок шаарында автобустарды чогултуучу заводду ишке киргизүүгө бел байлагам. Быйылкы жылы 20-июнда Татарстандагы  ПАО “КАМАЗ” заводунун “НЕФАС” үлгүсүндөгү автобустарын  Кыргызстандан кураштырып чыгаруу максатында мамлекеттер аралык келишимдерге кол койдук. Биздин завод болчу аймактарды атайын расмий делегация келип көрүп, жактырып кетишти. Ушул аракеттердин бардыгы мен жетектеп келген “Шыдыр Жол Кей Джи” жоопкерчилиги чектелген компания менен улантылып жатат. Мына ушундай келишимдин таасиринде жакынкы арада Токмокто 250 адамга ылайыкташкан жумуш оруну бар чоң автобус заводу ишке кирүүнүн алдында турат.

        Автобус демекчи мен буга чейин Кытайдан Кыргызстанга акыркы үлгүдөгү 70 автобус алып келип, Бишкектин маршруттарына койдум. Биздин өлкөдө транспорт маселеси экономикалык кыймылды көзөмөлдөөчү артерия экенин мен жакшы түшүнөм.

Мисалы мен депутат болуп калсам мамлекеттик деңгээлде Баткен областындагы Кадамжай районуна малина жана өрүктү кайра иштетүүчү завод курууну ниеттенип жатам. Ал гана турсун бул заводду Кытайдан алып келүү үчүн атайын долбоорду даярдадык. Эгерде биз ушул заводду курсак, анда Кадамжай районунун эли жылына малина менен өрүктөн 100 миллион сом пайда көрүп келген болсо, кайра иштетүүчү завод курулгандан кийин алардын пайдасы 500-600 миллион сомду түзөрүнө экономикалык анализ жүргүзө алдык. Завод бар. Эми аны кай жерге куруп, кандай иштетүүнүн аракеттерин жергиликтүү бийликтер менен макулдашуунун эле шарттары калды.

        Кыргызстандагы экономикалык абалды жакшыртуу максатында биз быйылкы жылы эле Токмокко 250 жумушчу орундуу завод куруп жатсак, Ош областынын Кара-Суу районундагы Каратай айылына логистикалык борбор куруп бүттүк. Бул борбор Кытай менен Кыргызстандын Эркеш-Там аркылуу жүк ташуу иштерин жүргүзгөн аракетине чоң ыңгайлуу шарттарды жаратып турат. Дал ушундай логистикалык борборду Ала-Бука районуна да курууну белгилеп жатабыз. Бул үчүн Сафед-Булан аймагынан атайын жер тилкелери белгиленип, жергиликтүү бийликтер менен макулдашуу иштери жүрүп жатат. Эгерде

Ала-Бука районундагы бул логистикалык борбор ишке кирсе, ал жерде 10000ге жакын адамга жумуш орундары даяр болуп, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерге эркин экономикалык аймак аркылуу ыңгайлуу аянтчалар жаралмак.

        Экономика эркиндикти, талбас күжүрмөн эмгекти, адамдын укугу менен милдетин сыйлаган мамилени көргөндө гана алдыга жылат. Андыктан биздин Кыргызстан экономикалык жактан өсүп кетүүгө эбегейсиз зор табигый ресурстар менен бекемделип турганын унутпайлы. Азыр дүйнөлүк экономиканын ыгын, талабын жана милдетин түшүнгөн жаңы адамдардын билими, тажырыйбасы өтө зарыл. Бул үчүн эл аралык мамилелерде болуп көрбөгөндөй бурулуштарды жасоо зарыл. Экономикалык ийгиликти жаратпай жатуунун негизги себеби жергиликтүү чиновниктердин бюрократиясы, укук коргоо кызматкерлеринин зордук-зомбулугу дайыма терс таасирин тийгизет. Мен депутат болуп калсам ар бир экономикалык багыттагы долбоорлорду жергиликтүү эл жана жергиликтүү бийлик менен келишип, макулдашып, аны эл колдогудай маанай жаратуу үчүн элдик дипломатиянын жаңы ыргактарына жетишүүнүн зарылдыгын көрөм жана камсыз кылам.

3-багыт

Укук багытында .

        Мисалы Кыргызстан өз эгемендигин алган 30 жылдын ичинде биздин мамлекет 10 ирет Конституцияны өзгөрттү. Ошондо убакыт менен өлчөсөк баш мыйзам ар 3 жылда өзгөрүлүп турган. Бул жакшыбы же жаманбы? Бул көрүнүштү Кытайлыктарга же Америкалыктарга айтсак, анекдот сыяктуу шылдың болобуз. Кыргызстандын деңгээли өлкөдөгү башаламандык, бийликтеги коррупция, эл турмушундагы ээн баштык, бийликтин туруксуздугу мына ушулар баш мыйзамды 10 жолу өзгөртүп укук менен милдетти сыйлабагандан болуп олтурат. Менин бул пикирим үчүн Кыргызстандык туугандарым капа болбосун. Ачуу чындыкка аргасыз баш ийели.

        Эгер мен депутат болуп калсам, Кыргызстанда адамдардын Конститутциялык укугун жана милдетин терең түшүндүргөн укуктук саясат жүргүзүүнүн улуттук маанайдагы жаңы форматтарын жаратууну максат кылам. Элге туура укуктук сабат берсек, бүгүнкү интернет ааламы менен жашаган эл мамлекеттин  укук саясатын бат эле өздөштүрүп аларына шек жок.

   Эгерде мен депутат болуп калсам мамлекетте элдин эң жөнөкөй укук милдеттерин такташтырууда иш баштаар элем. Укугуңду билсең милдетибизди андан он эсе жакшы түшүнгөн эл болушубуз керек. Эл укуктук билимин, аң-сезимин өзгөртпөсө дагы бир канча жылдардан кийин биз 3 жылда эмес жыл сайын баш мыйзам өзгөртүп калыш деңгээлине жетип калдык.

4-багыт

Табият жана кыргыз маданияты

        Мен Кыргызстанга келгенден кийин гана кыргыз элинин тарыхы 3000 жылдан ашуун мезгилди камтыганын билдим. Жакында эле кыргыз тарыхчылары кытайлык тарыхчылар улуу кыргыз элинин тарыхын Кытай архивдеринен улам 3800 жыл экенин айтып чыгышты. Ошондо эле кыргыз жер бетинде кыргыз болуп басып жүргөнүнө 4000 жылдык мезгил артта калган тура.

Мен жашоодо бир гана нерсени түшүндүм табияты талкаланган элдин маданияты дагы тебеленет экен. Бүгүн кыргыз элинин маданияты да кордолгонун байкап келем. Аз эле кыргыз болсок да анын жарымы кыргызча сүйлөбөй, кыргыз деген тилди башкаларга алмаштырып бүттүк. Азыр илгерки ак көңүл, меймандос, боорукер, мекенчил кыргыздардыг ордуна саясатчы, демогог, коррупцияланган кыргыздын катары көбөйүп баратат.

Биздин өлкө көп улуттуу мамлекет болгону жана аны менен биз күчтүү эл болорубузду эч ким талашпайт. А бирок башка элдердин тили менен маданиятын сүйүп, улуу кыргыздын маданиятын унутуп койгонубуз өлкөдөгү чыккынчылыктан айырмасы жок.

Мен депутат болуп калсам Кыргызстандын табиятын, экологиясын көз карегиндей сактоого, ал аркылуу кыргыз элинин, айрыкча түпкүлүктүү улуттун бийик маданиятын даңазалагым келет. Менин атам Кытайлык кыргыз Кыргызстандын топурагын жыттап, суусунан бир кесе ичсем болду эле деп, ошого жетпей кайтыш болгон. Мен ошол арманды жүрөгүмө түйүп келем. Андыктан биздин жаркыраган Кыргызстан анын кооз, керемет табияты, ак калпак менен ак элечек кийген элинин маданияты дүйнө жүзүндөгү улуу маданияттын үлгүсү болуп калаарына ишенем. Ал үчүн мен депутат болсом да, болбосом да ошол саясатка өмүрүмдү арнайм. Кыргызстандын улуулугу анын тоолорунда, кооз керемет табиятында жана элинин улуу маданиятында экенине толук ишенем. Депутат болсом көрөсүздөр, ушул багытта каруумду казык кылып иштеп берем.

Нускасы: 1 даана. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 24-ноябрь, 2021-жыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here