Шайлоо өнөктүгүнө катышкан бир катар маданият жана спорт тармагынын кызматкерлери кызматтан бошотулуп, айрымдарына сөгүш берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Маалыматта: Ош улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Суранчы Жетимишев кызматтан алынып, “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу, Алай райондук маданият үйүнүн директору Эдил Бакаев, Токмок шаарындагы бокс боюнча машыктыруучу өздөрү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулганы айтылат.

Мындан сырткары А.Сүйүнбаев атындагы Куршаб балдар музыкалык мектебинин мугалимине, Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинин директорунун орун басары Марат Раишовго сөгүш берилди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here