Казакстандын Алматы шаарында 28 жаштагы келин үч баласы менен тогузунчу кабаттан боюн таштады. Төртөө тең жеринде көз жумганын шаардык полиция департаментинин маалымат кызматы билдирди.

«Окуя «Жетысу» кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. 28 жаштагы келин алты, беш жана эки жашар балдары менен кошо секирген. Келин жана эки бала ошол жерден көз жумган. Ал эми бир бала тез жардам автоунаасында үзүлдү», — деп жазылат полициянын билдирүүсүндө.

Күбөлөрдүн айтымында, келин алгач үч баласын ыргытып, анан өзү боюн таштаган. Тартип коргоо мекемеси тараткан маалыматка караганда, аялдын суицидге баруусуна үй-бүлөсүндөгү жаңжал себеп болушу мүмкүн. Видео: https://www.azattyq.org/a/31573458.html

Полиция «Жанын кыюуга жеткирүү» деген берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле, каргашанын себептерин иликтөө үчүн атайын ыкчам топ түзүлгөнү кабарланды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here