“Альянс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Токтобүбү Оргалча айым менен бул ирет өзүнүн жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган кесиби дарыгерлик, биздин Саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр жана маданият тармагы боюнча кызыктуу маек курдук.

Токтобүбү айым, үгүт иштери башталгандан бери сизди жалпы эл мыкты ишкер айым катары мурункудан да жакшы билип калды. Себеби, сиздин  ишкерлик багытындагы ийгиликтүү иштериңиз ЖМКларда, социалдык барактарда байма-бай чыгып жатат. Сиз кесибиңиз боюнча дарыгерсиз да. Ушул багытта да элге эмгек кылуу оюңузда барбы?

-Андай аруу оюм бар. Азырынча аздектеп багып жатам десем болот. Мен дарыгер болуш  үчүн 9 жыл билим алдым.  15 жыл дарыгер болуп эмгектендим. Дарыгерлик кесип менин жүрөгүмө эң жакын кесип. Акыркы 10 жылга жакын убакыттан бери башка багытта ишерлик кылып, өз кесибимди абдан сагынып жүрөм. Кудай буйруса, Кыргызстанда дүйнөлүк талапка ылайык келген “Дүйнөлүк оорукана” деген долбоорду өкмөт менен ишке ашырууну ойлогонбуз.. Эми бул жагын көрөбүз.

Студенттик кез…

Эгер өкмөт менен болбой калса, анда өзүбүз эле ачканга аракет кылабыз.  Бул долбоорубузду  эмки жылдан баштап ишке ашырууга бел байлайбыз. Документтерге байланыштуу иштерин баштап койгонбуз. Бирок азырынча имарат салууга жер маселеси чечиле элек. Балким, мамлекет ушул жагынан жардам берсе жакшы болот эле.  Буйруса, ал оорукананы ачсак,  эң акыркы үлгүдөгү заманбап медициналык жабдыктар менен жабдууну максат кылып жатабыз. Чынында Кыргызстандын медицина багыты жакшы өнүгө албай, бир топ кемчиликтер, көйгөйлөрдү баарыбыз көрүп, угуп атабыз. Мыкты ооруканаларыбыз, акыркы үлгүдөгү меджабдыктарыбыз жок болгондуктан пандемия учурунда көп адамдарыбызды жоготуп алдык. Экинчиден балдардын ооруканасына да абдан жакшы көңүл бурушубуз зарыл. Балдардын жугуштуу оорулар боюнча ооруканасы дагы өзүнчө болушу керек. Мен бул багытта тажрыйбасы мол адам катары да өз салымымды кошуп, элибиздин саламаттыгын сактоого, чындоого бар күчүмдү жумшагым келет.

Видео: https://www.facebook.com/100074628811210/videos/1027321471381076

— Сиз дарыгер, ишкер айым болгонуңуз менен маданиятка жакын адам экениңизди эл байкап жатат. Мисалы, жакшы ырдайт экенсиз, жаш таланттарды колдоп жүрөсүз. Мына ушул багытта  маегибизди улантсак…

Негизи маданият өтө чоң түшүнүктү камтыган – адамга, коомго  аба менен суудай эле керек болгон тармак да. Маданиятка биз кенен карап, терең ой жүгүртүшүбүз зарыл. Сахнага чыгып ырдаганды маданият деп чектеп түшүнсөк жакшы болбос. Мисалы, үй-бүлөнүн маданияты өзүнчө. Бир үйдө жети бир тууган өссө, жетөөнүн кыялы, тагдыры жети башка болот.  Биз балалыгыбыздан эле маданиятты абдан баалап өстүк. Атам дагы маданиятка абдан жакын адам болчу. Деги эле мамлекетибиз биринчи кезекте маданиятты өнүктүрүшү керек. Эгер маданият өнүкпөсө – өлкөбүз өнүкпөйт. Мына ушул маселеге мамлекетибиз абдан көңүл бурса дейт элем.  Буга кошумча айтарым, биздин мамлекетте балдар менен аялдардын укугу талапка ылайык корголбой калган учурларды көп эле көрүп жүрөм. Көрүп абдан жүрөгүм ооруйт. Кудай буйруса, депутат болуп калсам, ушул багытта да көбүрөөк иш алып барып, мыкты мыйзам жазууну максат кылып жатам.

-Сиз жаш таланттарга колдоо көрсөтүп, аздыр-көптүр жардам берип жүрөсүз… Ушул тууралуу да учкай айтып берсеңиз?

-Чынында бизде укмуш талантуу инсандар көп. Колдоо жетишпейт. Ошол себептен, Кыргызстандан башка мамлекеттерге таланттарын тартуулай албайт. Кыскасы, таланттуу адамдарыбыз чектелип, өзүбүздүн эле казанда кайнап жатышат. Мен аларга мамлекеттик деңгээлде колдоо болсо деп дайым ойлойм. Мисалы, маданиятка да инвестиция тартуу керек. Жакында казак элинин артисттери келип концерт коюшпадыбы.  Музыкалык аспаптары, кастюмдары укмуш экен. Бизде ушул жагы жакшы жетиштүү болбойт турат. Болбосо биздин акындар, ырчылар казак туугандардын талантууларынан кыйла  күчтүү да. Мен колумдан келишинче таланттуу жаштарга аздыр-көптүр колдоо көрсөтүп келем. Мурунку министрлердин бири мага: “маданият кишилерин көп колдоп жүрөсүз, сизге Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин берели” – деп калды. Мен баш тарттым.  Белгилүү ырчы Ишен Муктар уулуна бергиле деп сунуштагам. Чынында Ишен мырза ошол төш белгини алам деп, документ тапшырса, жылда өтпөй калчу экен. Акыры Ишендин эмгегин баалашып, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин беришти.  Кудай буйруса, андай колдоолорду күчөтүүнүн аракетинде болсом деген оюм бар.

Видео: Ош шаарындагы жолугушуу: https://www.facebook.com/100074628811210/videos/364889685436083

-Сиз өзүңүз  дагы ырдап жүрөсүз. Балким келечекте чоң сахнага чыгып ырдоо максатыңыз бар?

-Жогоруда айттым, биздин үй-бүлө баардыгы жакшы ырдайт. Кайтыш болуп кеткен иним дагы комуз менен мыкты ырдачу.  Бала кезден мен да ырдачумун. Ырчы болууну каалачумун. Бирок атам: “кыз- бала артист болгону жакшы эмес”- деп айтып, артист болгонго уруксат берген жок, мен ошондон улам дарыгерлик кесипти тандап калдым.  Дарыгерлик менен ырчылык экөө эки башка тармак да. Дарыгер  болгондон кийин көп деле ырдабай калгам. Быйыл Ош шаарында эгемендүүлүк күнүндө сахнада ырдадым. («Биз». Аткаруучу Токтобүбү Оргалча: https://www.facebook.com/100074628811210/videos/936263337101618. ) Чынында бул 3 куплет ырга кыргыздын тарыхын сыйдырып койгон. Бул кытайлык кыргыздардын гимни. Мен да бул ырды бала кезден ырдачумун. Ар ким ар кандай айтышы мүмкүн. Бирок бул ырды ким ырдаса да жүрөгү менен ырдашы керек. Ал эми мен келечекте чоң сахнага чыгып, баш-отум менен ырчы болуу оюм да жок. Ошондой болсо да “Биз” деген ырды мен өмүрүмдүн акырына чейин ырдайм. Анткени, бул жөн эле ыр эмес. Кыргыздардын сезимин ойготуп, ойго сала турчу ыр. Бул ырга ар ким маани бериши зарыл.

АЛЬЯНС — 3, Токтобүбү Оргалча — 4

Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы
Нускасы: 1
Чыгарылган күнү: 2021-жылдын 21-ноябры
«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-ж. БАШК).

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here