Бир гана Нарын элинин эмес, жалпы кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө айланган Улан Бакасов Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу № 33чү Нарын округунан ат салышып жаткан талапкер ушул күндөрү мал киндиктүү, кан Кошой бабабыз жердеген касиеттүү Ат-Башы райондорунун айылдарын түрө кыдырып жүрөт. Ат-Башы эли буга чейин эле улуттун уулу Улан мырзанын жакшы билип, колдоп келгени ырас. Себеби, Улан Бакасовдун жардамы, жарыгы алыскы Ат-Башыга да тийип, анын дарегине алкыштар айтылып, ак баталар берилип келген. Улан мырза Ат-Башы дагы алгачкы үгүт иштерин Талды-Суу , Өзгөрүш, 1- Май айылдарында өткөрдү. Бул айылдардын эли Улан мырзанын программасын өз оозунан угуп, колдой тургандыктарын билдиришкен соң, айылдагы ар кыл көйгөйлөрдү бирге талкуулашты.

Талды-Суулуктар татыктуу талапкер У. Бакасов менен…

Кийинки жолугушуу Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Большевик айылдарында уланды. (Жолугушуу учурундагы көз ирмемдер видеобаянда: https://www.facebook.com/100012640397328/videos/284929093566134. ) Андан аркы сапар Ак-Талаа, Терек-Суу жана Калинин, ошондой эле Казыбек айылдарында болуп, аталган айылдардын эли талапкер Улан Бакасовду жылуу маанайда тосуп алышып, анын элге кылган жардамын, карамдуулугун баса белгилеп, Кудай буйруп, эл өкүлү болсо, элге жакын, айрыкча элет жеринин көйгөйлөрүн чече турган мыкты депутат боло турганын баса белгилешти. Бир топ адамдар Бакасовдун пандемия мезгилинде элге берген опол тоодой жардамын айтышып, алкоого алышты. Улан Бакасов өзү сөз кезегинде Кудай буйруп, депутат болуп калса Ат-Башы районундагы айтылып, бирок көптөн бери чечилбей келген бир катар социалдык көйгөйлөрдү ЖК трибунасынан байма-бай көтөрүп, толугу менен чечүүгө бар күчүн жумшай турганын билдирди. Андан тышкары, элге колунан келген жардамдарды берип турууга басым жасай турганын айтты.

Береги сүрөттөрдө, видеодо көрүнүп тургандай касиеттүү Ат-Башы эли жаштардын арасынан сурулуп чыккан бир уруунун эмес, жалпы улуттун уулу болуп калган Улан Бакасовду колдой турганын бир ооздон белгилеп, ак батасын беришти. Ылайым элдин батасы тийип, Кудай колдосун дейли…

Улан Бакасов Ача-Кайыңды эли менен..
Баш-Кайыңды эли Улан Бакасов менен…
Казыбек айылы улан Бакасов менен…

КР Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер Бакасов Улан Болотбекович буйрутмасы боюнча, 23.11.2021-ж. талапкердин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакасова Райхан Болотбековна тарабынан төлөндү.

тектеш макала:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here