Бүгүн бир мандаттуу №28 Октябрь шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына талапкер Мелис Турганбаев шайлоочулар менен чоң жолугушуу өткөрдү.

Бул жолугушуу ал үчүн үгүт кампаниясы башталгандан берки жүзүнчү жолугушуу болду. Ага борбор калаанын Октябрь районундагы шайлоочулар жана Мелис Турганбаевдин тарапташтары чогулду. Алгач анын милициядагы жана спорттогу жолу тууралуу тасма көрсөтүлдү.

Интернатта чоңойгон, дайыма айланасындагыларга көңүл буруп, алсыздарды коргоп жүргөн. Ошол учурда эле ал милиция кызматкери болууну кыялданчу. Милиция кызматкери катар Ички иштер министри кызматына чейин көтөрүлүп, генерал-майорлукка чейин жеткен.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон окуяларда жеринде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, курал колдонбой кырдаалды жөнгө салган. Акырындык менен далилдерди чогултуп, Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыштын бетин ачты. Ал өлкөнү, элди жана мыйзамды коргоого даяр!

Мелис Турганбаев жаш кезинде СССРдин чемпиону болсо, 2019-жылы ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болгон. Ал 1970-жылдардын башында күрөшкө кызыгып, бүгүнкү күнгө чейин туруктуу машыгып келет. Ал КРдин Күрөш федерациясынын вице-президенти болуп, эл аралык аренада кыргызстандык спортчулардын кызыкчылыгын коргоп, жаштарга колдоо көрсөтүп келе жатат.

«Мелис Турганбаевди депутаттыкка ат салышууга көндүргөндөрдүн бири менмин. Мындай ишенимдүү жана активдүү адамдар Жогорку Кеңешке барыш керек! — деди Октябрь РИИБдин мурдагы жетекчиси, КР ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генерал-майору Курманбек Кубатбеков — Мелис Турганбаевдин милиция кызматкери катары калыптанып, кызматтан улам көтөрүлүшү көз алдымда өтүп жатты. Ал көптөгөн кылмыштардын бетин ачкан. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук тартипти сактоо жаатындагы иштерди уюштурууда мыктылардын бири!

Ал натыйжалуу эмгектенген Ички иштер министри болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган кезде аны бутуна тургузду. Ал сөзсүз түрдө Жогорку Кеңеште өзүн көрсөтөт».

Видео https://www.instagram.com/tv/CWlB6_2FYHc/?utm_medium=copy_link

«30 жылдан бери эч бир жерде чыгып сүйлөй элекмин. Бирок бүгүн мен Октябрь районунун бардык тургундарын Мелис Турганбаевдай инсанды депутаттыкка шайлоого чакырып жатканыма кубанычтамын, — дейт Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары, Бүткүл дүйнөлүк полиция ассоциациясынын мүчөсү, «Тынчтык генералдары — тынчтык үчүн» эл аралык ассоциациясынын директору, милициянын генерал-майору Анатолий Скаргин. — Ички иштер органдарынын абалы – бул мамлекеттин имиджи. Мелис Турганбаев ИИМде таза иштөө менен ушул имиджди көтөрдү. Анын Ички иштер министрлигиндеги бардык жетишкендиктери тууралуу сааттап айтса болот. Маселен, абактан качкан террористтерди кармоого катышып, оор кылмыштардын алдын алган. Бул үчүн биздин бирикме аны «Тынчтыкты сактоо үчүн» медалы менен сыйлады».

Анын айтымында, Кыргызстан азыр чоң сыноолордон өтүп, ошол эле учурда тазаланып жатат. «Менимче, эки-үч жылдын ичинде биз КМШдагы эң өнүккөн өлкөгө айлана алабыз. Эркиндикти сүйгөн элибиз ага татыктуу! Ал эми Мелис Турганбаев буга жардам берет. Ал жаратман. Мындай адамдар Кыргызстанда, дегеле дүйнөдө аз эле. Биз аларды баалай билишибиз керек, — деп белгиледи.

«Мелистин шайлоо алдындагы программасы менен таанышып чыктым. Ага актуалдуу маселелердин көбү камтылган экен. Алардын бардыгынын чечилишинен күмөн санабайм. Анткени, Мелистин мүнөзүндөгү жигердүүлүктү жакшы билем. Парламентте ал район жана бүтүндөй өлкө үчүн жан дилин берүү менен иштеп берет. Ага кандай гана суроо-маселең болбосун кайрыла берсең болот. Буга чейин эл партиялар үчүн гана добушун берип, кийин жыйынтыгында кимге кайрыларын билбей калчу. Эми бир мандаттуу округдар пайда болгон экен. Андыктан, бул мүмкүнчүлүктү акылдуулук менен колдонуп калышыбыз керек», — деди.

«Мелис Турганбаев окуучум болгондуктан, аны абдан жакшы билем. Анын мүнөзү өтө күчтүү. Бир нерсени баштай турган болсо анын бийиктиктерин багындыра жасайт. Жөнөкөй милиция кызматкеринен министр болду. Интернатта окуп жүрүп СССРдин чемпиону болду, ал эми жакында болсо дүйнө чемпиондугун багындырды. Абдан максатка умтулуучу адам. Тапшырылган ишти эч таштабастан, майын чыгара аягына чейин жасайт. Ага добушуңуздарды бериңиздер, ал силердин алдыңарда берген милдеттерин сөзсүз аткарат!», — деген пикирин СССРдин жана КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Донбаев билдирди.

“50 жылдан бери борбор калаанын 11-кичи районунда жашайм. Канчалаган талапкерлерди шайлаганыбыз менен көбүнүн пайдасын деле көргөн деле жокпуз. Бүгүн мен Мелис Турганбаев жөнүндө угуп-билгендерим мага таасир калтырды. Бүтүндөй районду Мелис Турганбаев үчүн добуш берүүгө чакырам. Биздин үмүттү актаса ушул талапкер актай алат деп ойлойм”, — деди шайлоочу Галина Бусикова.

“Мелис Турганбаевди көптөн бери билем. Ал адептүү, чынчыл жана ачык-айрым инсан. Ал парламентте элдин үнүн татыктуу чагылдыра алат. Баардыгыңыздарды 28-ноябрда шайлоого келип, добушуңуздарды бешинчи номерге беришиңиздерди өтүнөм”, — деген чакырыкты Октябрь районунун жаштарынын өкүлү Валерий Лейтин таштады.

Мелис Турганбаев таза шайлоо үчүн чыгып жатканын билдирип, шайлоочулардан добушун сатпоону өтүндү. “Үгүт иштери башталгандан бери жүзүнчү жолугушуумду өткөрүп жатам. Бүтүндөй районду кыдырып чыгып, карапайым элдин кандай жашайт экенин көрдүм. Маселе көп. Бирок, аларды чечүүгө болот. Мен 40 жылдай жемиштүү иштедим. Ошондой эле Жогорку Кеңештеги 5 жылды да болушунча натыйжалуу иштеп берем. Интригаларга жана саясий оюндарга катышууну каалабайм. Бардык маселелерди ачык айтып, шайлоо алдында берген убадаларымда аткарам. Алдыдагы шайлоо өтө маанилүү. Сабаттуу жана чынчыл адамдарды тандап алышыбыз керек. Сиздер 28-ноябрда добушуңуздарды мага бериңиздер деп өтүнөм”, — деди талапкер.

Жолугушуу бардык санитардык талаптарды аткаруу менен өткөрүлдү.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетович.

Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 22-ноябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапарбек кызы Карачач тарабынан төлөндү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here