«Non-stop» дуэти кайрадан бирикти. Бул тууралуу ырчы Чолпон Талипбек өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Бүгүн биз расмий түрдө «Non-stop» дуэтинин солисттери катары иштей баштаганыбызды жарыялоого даярбыз», — деп жазган Талипбек.

Белгилей кетсек, «Non-stop» дуэтинин ырчысы Максат Садырбеков 2018-жылы жеке ырчы катары карьерасын улантарын айтып, топтон кетип жатканын жарыялаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here