Элибиздин сыймыктуу кыздарынын бири Джумалиева Эльмира айым — Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп «Азаттык» партиясынан аттанып чыкты. Ал шайлоого катышып жатканынын себебин жана эмне үчүн «Азаттыкты» тандап алганын, ошондой эле партиянын программасы тууралуу мындайча айтып берген:

ӨМҮР БАЯНЫ:

Джумалиева Эльмира Бусурманкуловна 1962-жылы 16- майда туулган.   1984-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун “Айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучу-экономист” адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • 1984-1987 – Талас районундагы Ленин колхозунда чарбалык-эсеп экономисти;
  • 1987-1989 – Фрунзе шаарында долбоорлоо-изилдөө кеңсесинде инженер-экономист;
  •  1990-1993 – “Азат” корпорациясынынын өндүрүштү пландоо бөлүмүндө экономист;
  • 1993-2010 –  К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда экнономика факультетинде окутуучу болуп эмгектенген. Илим башкармалыгынын башчысы, факультеттин деканы, кафедранын профессору, доценти, кафедра башчысы;
  • 2010-2015 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңишинин 5- чакырылышынын депутаты;
  • 2016 – М.Рыскулбеков атындагы КЭУда профессор болуп эмгектенип келет.
  • Экономика жана бизнес факультетинин алдында финансы-экономикалык колледжин ачкан. Кыргыз агрардык университетинде илимий кеңештин мүчөсү, окуу жайдын басмаканасынын редакциялык кеңешинде жооптуу катчы, ошондой эле илимий техникалык кеңештин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.
  • Эл аралык долбоорлорго активдүү катышып 1998-жылы ТЕМПУС (ТАСИС) программасы менен Лондон университетинде (Улуу Британия) ошондой эле Оксфорд университетинде квалификациясын жогорулатуу боюнча стажировкадан өткөн. 
  • КРнын Эсеп Палатасынын Аудиторлор жана бухгалтерлер «Финансылык учет-1», Башкаруучулук учет-1», «Салыктар жана укук» аталышындагы сертификаттарынын ээси.  2006-2007-жылдары Германияда билим берүү боюнча магистрдик курстарда квалификациясын жогорулаткан. 
  • Кыргыз Республикасынын Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамагенттиктин, КРнын Айыл чарба жана өндүрүштү кайра иштетүү министрлигинин ардак баракчасы, ошондой эле Билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн К.И. Скрябинатындагы Кыргыз айыл чарба институтунун, Кыргыз Агрардык Академиясынын Ардак баракчалары менен сыйланган.
  • Мындан сырткары “Билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси. 
  • Диссертациялык кеңештин мүчөсү болуп аспиранттардын, соискателдердин докторлук, кандидаттык илимий изилдөө иштерин жетектейт. Экономика илимдеринин доктору, профессор.
  •  Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.

«Азаттык» Демократикалык партия» саясий партиясыны шайлоо фонду тарабынан, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Токтосурва Гулира Базаровна, каттоо күбөлүгү №34, КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча БШКнын чечими менен берилген №179, 03.09.2021-ж. 21.11.2021.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here