Коомдук телеканалдын студиясында «Шайлоо-2021: Партия өкүлдөрүнүн катышуусундагы тегерек стол» деп аталган теле көрсөтүүнө бир нече партиянын өкүлдөрү менен бирге парламенттик шайлоогоо катышып жаткан «Ишеним» саясый партиясынын өкүлү, талапкер Рысбай Аматов да катышты.

Рысбай Аматов, алып баруучунун жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги, иш натыйжасы жана айыл өкмөттөрдү өнүктүрүү тууралуу берген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди:

— Мисалы, айыл өкөмөттөрдүн бюджет жагынан окшоштугу жок. Ушул себептен кээ бир айылдарда мектеп көйгөлөрү болсо, кээ бир айылдарда андай көйгөй жок. Республикалык бюджетти бөлүштүргөндө ушул айтылган көйгөйлөрдү эске алуу менен максаттуу бөлүштүрүү керек. Мисалы, бюджети көп, бай айыл өкмөттөрдүн орду талаш болуп,, айыл өкмөттү шайлоо созулуп, бюджетке зыян болуп келген. Ошондуктан, айылдык кеңештердин шайлоосу таза болушу керек. Буга кошумча акимдердин жоопкерчилиги чоң болууга тийиш. Ал эми дотациядагы айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгаруу үчүн биринчи кезекте мыйзам жагынан эркиндик берүү зарыл. Мисалы экспорттоого, каржылоого ж.б. Бизде мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк тууралуу мыйзам чийки, мына ушул мыйзамды иш жүзүндө талапка ылайык иштетүү керек.

Мындан тышкары, Улуттук банктын насыя саясатына аралашуусу боюнча суроого:

Негизи экономикада баардыгын насыяга байланыштыруу туура эмес. Мамлекеттик жана жеке кызматташуу боюнча өндүрүштүк багытта иш орундарды түзүү зарыл. Баарын эле насыяга байланыштыра берсек, натыйжада элди насыядан чыгаруу кыйын болот. Элеттеги элге, айрыкча жаштарга экспорттко багытталган өндүрүштүк ж.б. товарларды чыгарганга шарт түзүп беришибиз керек. Улуттук банк насыя берсе, бир гана жеке чакан ишкерликке стимул катары берсе болот. Бир сөз менен айтканда, биз экспортту өнүктүрүүбүз абзел. Биз ушул мезгилге, ушундай иш жасоого мажбур болуп турабыз,- деген оюн билдирди.

Төмөндө талкуу толугу менен көрө аласыздар

Окурмандарга маалымат үчүн айта кетсек, «Ишеним» саясый партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп аттанып чыккан Аматов Рысбай Аматович партиянын тизмесинде экинчи болуп жазылган. Ал эми партиянын номери №9.

Өмүр баяны

—Мен Аматов Рысбай Аматович, 1975-жылы 16-июлда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөнмүн .

1992-жылы райондук автобазада автослесарь болуп эмгек жолумду баштаганмын.

1993-1994-жылдары ОРПК ишканасында жумушчу болуп эмгектенгенмин. 1994-1996-жылдары Россия Федерациясында жеке ишкерлик менен алектенгенмин. 2000-2016-жылдары Бишкек шаарында жеке ишкерлик менен эмгектенгенмин.

Эки жогорку билимдин ээсимин. КМУУ экономист адиси. КМЮА юрист адиси.

2012-2016ж. Бишкек шаардык кеңешинин 26-чакырылышына депутат болуп шайланганмын. Фракция лидери.

2016-2021ж. Бишкек шаардык кеңешинин 27-чакырылышына депутат болуп шайланганмын. Фракция лидери.

2021 жылдан бери Бишкек шаардык кеңешинин 28-чакырылышына депутат болуп шайланып, турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасымын.

“Ишеним” саясий партиясынын тентерагасымын. Үй-бүлөлүүмүн, төрт баланын атасымын.

«Ишеним» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Рысбаева Асель Алишеровнанын буйрутмасы менен төлөндү. 21.11.2021

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here