Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн жетекчисинин текшерүүнүн жүрүшүндө кол астындагы кызматкерлерге үгүт жүргүзбөгөнү белгилүү болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, териштирүүнүн жыйынтыгында жетекчи WhatsApp аркылуу келген маалыматты бир туугандарына жөнөтүп койгону белгилүү болгон.

«Жетекчи А.С.нын бир туугандары Ж.С. менен Г.С. кол алдында иштеген мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болуп саналбагандыктан, А.С.нын кыймыл аракетинде Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 87/1-беренесинин 2-бөлүмүндө (Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) каралган жорук курамы жана башка жорук же кылмыштын курамы аныкталган эмес. Партия боюнча WhatsApp’тан келген маалыматты ал бир туугандары үчүн ачылган тайпага жөнөткөн», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, УКМК бүгүн, 10-ноябрда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан ЖКнын депутаттыгына талапкерлердин пайдасына үгүттөө фактылары аныкталганын, арасында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын башчысы А.С. да бар экени, ага катуу сөгүш жарыяланганы кабарланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here