Бишкекте өткөн кыргыз-татар бизнес-форумунда «КамАЗ» тышкы соода компаниясы менен «Шыдыр Жол KG» ЖЧКсынын ортосунда келишимге кол коюлду.

Кол коюуга Татарстандын (РФ) Президенти Рустам Минниханов жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев катышты.

Тышкы соода компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Василий Цыганов билдиргендей, ал «КамАЗ» ЖАКтын филиалы болуп саналат жана машина куруучу гиганттын продукциясын экспорттоого адистешкен.

Буга чейин макулдашуу тууралуу меморандумга кол коюлган. Азыр бул долбоорду иштеп чыгуу жүрүп жатат, Кыргызстанда автобустарды чогултуунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Бүгүн биз өнөктөшүбүзгө жыйынды уюштуруу укугун берген лицензиялык келишимге кол койдук», — деди Цыганов.

Ал өндүрүштүн башталышына саналуу этаптар калганын жана жакынкы аралыкта жабдууларды жеткирүү башталаарын белгиледи.

Эске сала кетсек «Шыдыр Жол KG» компаниясы 2016-жылдан баштап Бишкекке газ менен жүргөн заманбап автобустарды алып келип, элди ташуу кызматына койгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here