Бүгүн Бишкекте Улуттук тарых музейинин оңдоп-түзөөдөн кийин расмий ачылышы болду.

Меймандардын алдында улуттук ансамблдердин мучөлөрү концерт берүүдө.

Биринчи он күндүктө – 20-30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык каалоочулар музейге акысыз кирет.

Тарых музейи 2016-жылдын 25-майында оңдоп-түзөө үчүн жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Ошондой эле 15 миллион доллар Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) аркылуу каржыланып, имараттын сыртын жасалгалоого багытталган.

  • Музей 5 жыл 5 ай 25 күн жабык болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here