Бишкек–Нарын–Торугарт айланма жолундагы жол кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду. Аталган тилкеде «УАЗ» менен «Тойота Авенсис» унаалары кагышып, «УАЗ» унаасы өрттөнүп кеткен.

Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Бактыгүл Мамытованын маалыматы боюнча, өрттөнгөн унаанын ичиндеги 3 адам көз жумду. Алардын экөө аял киши, бири эркек адам. Мындан тышкары жабыркаган 3 адам Ысык-Ата районундагы ооруканага жеткирилген.

Алар:

— 1986-жылы туулган К.М., баш мээси чайкалып, колу-бутунан күйүк алган;

— 2004-жылы туулган Б.Э., шок абалда болгон;

— 1981-жылы туулган Ж.У.

Дагы бир адам (аял киши) жеке унаа менен ооруканага жеткирилип, бирок ооруканага жатуудан баш тарткан.

Болжолдуу маалымат боюнча, «УАЗ» унаасында энергокомпаниянын кызматкерлери бара жаткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here