«Альянс» партиясынан ЖК депутаттыгына аттанып чыккан татыктуу талапкер Токтобүбү Оргалча айым өзүнүн ата -теги, чоң аталарынын кызыктуу окуясын төмөндөгүдөй айтып берди:

-Менин чоң атам Асанбайдын атасы Абдылда черик уруусунан болот. Ат-Башынын өзүндө жашап, элге кадыры сиңген, оокат-аштуу, бай адам болгон экен. 1916-жылкы Үркүн окуясында тууганы Кулчун (экөө таяке – жээн болушкан) баштаган бир топ адамдар болуп, орустарга каршы мүмкүнчүлүктөрүнө жараша согушуп, акыры жеңиле турган болгондо эл менен бирге Кытайга ооп кетишет. Абдылда атамдын алтын-күмүшү бар экен. Ал алтындарын Кытайга чейин алып кете албай, жолдо кайсы бир жерге, же тоонун арасынабы, айтор көмүп кетишиптир. Тагдырдын жазымышы ошол экен. Алар Кытайдан кайтып келе албай калышты. Билгендер, кийинки мезгилге чейин эле Абдылда атамдын алтынын издеп жүрүштү. Бирок таба алышкан жок. Кытайга качып баратканда Кулчун тууганыбыздын карындашы жолдо (кыязы элден бир аз бөлүнүп калса керек) карышкырга жем болуп калыптыр. Бул тууралуу маалымат кытайлык кыргыздардын тарых-санжырасында дагы айтылат. Абдылда атабыз ҮРКҮН маалында жаш эле жигит экен. Эл менен кошо Кытайда жашап калып, ошол жактан бала — чакалуу болот. Баласы Асанбай 1926-жылы туулган экен. Асанбай атабызды биз көрбөй калдык, жашыраак чагында эле каза болсо керек. Ал эми Асанбайдын баласы ҮСӨНБАЙ, андан менин атам Оргалча. Үсөнбай атабыз кийин, 1988-жылы, 1993-жылы чоң энем каза болду. Мен ошолордун колунда чоңойдум.

Чоң таятаңыз дагы Кытайга Ат-Башыдан качканбы?

-Ооба. Ат-Башынын Талды -Суу айылынан качкан экен. Карындашы Зуура кандайдыр бир себептер менен качпай калган экен. Учурда Зуура тай эжебиздин баласы Бакты таякебиз Талды -Сууда жашап жатат. 80 жашка келди. Биз Ат-Башыга байма-бай барып, туугандарыбыз менен катышып турабыз.

«АЛЬЯНС» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К Арзымбаеванын буйрутмасы менен «АЛЬЯНС» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (Күб. №8 1.09.2021-ж.). 13.11.2021. 17.11.2021-ж.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here