Ушул жылдын октябрь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасынан керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли Кыргызстанда байкалды. Бул тууралуу Статистика комитети кабарлады.»Сентябрга салыштырмалуу биримдикке мүчө бардык мамлекеттерге керектөө баалары жана тарифтер жогорулады», — деп айтылат билдирүүдө.

Тагыраагы, бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө карата инфляциянын деңгээли 1,7 пайызга өстү. Ошол эле учурда бул көрсөткүч Россияда — 1,1, Беларуста — 0,9, Казакстан менен Арменияда — 0,7 пайыздан болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда көбүнесе күйүүчү май, көмүр, тамак-аш сыяктуу социалдык маанилүү товарлардын баасы көтөрүлдү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here