Бүгүн “Ишеним” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович Жумгал районунун Баш-Кууганды жана Байзак айылдарынын эли менен жолугушту. Баш-Куугандыдагы жолугушуу айылдагы Мыскал Өмүрканова атындагы маданият үйүндө өттү.
Ал эми Байзак айылы чоң болгондуктан, жолугушуу эки жерде өттү. Алгач айыл элине талапкердин өмүр баяны кыскача тааныштырылган соң, ага сөз берилди.

Нурбек Сыдыгалиев өзүнүн сөзүндө эки айылдын тургундарына депутаттык ишмердүүлүгү жана райондогу ар кандай көйгөйлөрдү чечүүгө кошкон салымы тууралуу учкай айтты:
Биринчиден сиздер менен жолугушуп, ушундай жылуу маанайда пикир алышып жатканыма кубанычтамын. Сиздер деле жакшы билесиздер деп ойлойм, мен 2020-жылдын башында Жогорку Кеңешке депутат болуп келдим. Бирок бүткүл дүйнөнү баскан пандемия Кыргызстанга, анын ичинде биздин депутаттык ишмердүүлүгүбүзгө да терс таасирин тийгизди. Мына ушундай орчундуу себептерден улам, ишибиз аксап турду. Пандемиянын басымы азайган соң, бизге бир аз иштөөгө мүмкүнчүлүк болду. Негизи биринчи кезекте депутаттын эң башкы милдети – өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган мыкты мыйзамдарды жазуу болуп эсептелет. Бирок элдин бийликтеги өкүлү болгон соң, райондордордогу ар кандай көйгөйлөрдү өз убагында чечүү жана элдин үнүн жогорку бийликке учурунда жеткирип туруу. Видео:https://www.youtube.com/watch?v=yF_YVFmyqhA

Мына ушул өңүттөн алып караганда, Жумгал районундагы башталып, бирок курулушу бир топтон бери бүтпөй создугуп келген бир катар мектептердин курулушун тездетүүгө аракет кылдым. Мисалы, Кызыл-Жылдыз айылынын орто мектебине 10 млн. сом, ошондолй эле Таш-Дөбө, Жумгал жана сиздердин Баш-Кууганды айылындагы орто мектептин курулушуна 3 млн. сомдон (ар бирине) бөлдүрүп бердим. Кудай буйруса, бул мектептин курулуштарын аягына чейин чыгарууга болгон аракетимди жумшай турганымды сиздерге айта кетейин. Мындан тышкары, Таш-Дөбө айылынын башына курулуш чыгымы 6 млн. доллар турган чоң БСРдин курулушу Кудай буйруса, эмки жылдын жазында башталат. Ушул чоң долбоорду биз Жогорку Кеңештен 3 окуудан өткөрүп алдык. Бул БСР курулуп бүтсө, Жумгалдын жети айылындагы жүздөгөн гектар жерлер суу менен камсыз болот, анын ичинде сиздердин Баш-Кууганды айылынан 420га жак гектар бар. Кудай буйруса, ушул БСРдин курулушун сататтуу жана өз убагында бүтүрүү маселесине болгон күчүбуздү сарптайбыз. Дагы бир маселени айта кетели, Кудай буйруса, Кара-Кечеде жана Миң-Куштагы көмүр казган карьерлерди иретке салуу, мисалы, иштеген карьерлердин лицензиясын карап, тиешелүү чараларды көрүү маселесине да көңүл бурабыз. Мүмкүн болсо андай аты бар, бирок заты жок лицензияларды мамлекеттин карамагына өткөрүү керек. Мисалы, Миң-Куштагы Ак-Улак карьери абдан чоң экенин баарыбыз билебиз. Союз мезгилинде алдыңкы карьер болчу. Мына ошол Ак-Улакты кайрадан жандантып, талапка ылайык иштетип алсак, азыркыдай көмүр тартыштыгы болбойт эле.

Видео:https://www.instagram.com/tv/CWYBnHzDvmp/?utm_medium=copy_link

Нет описания.

Нет описания.

Талапкер Нурбек Сыдыгалиев мындан тышкары, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолдун бир бөлүгү болгон Жумгалдын Баш-Кууганды айылынан Кочкордун Эпкин (70 чакырым) айылына чейинки жолдун курулушу тууралуу толук маалымат берип, көзөмөлдө турганын айтты. Жолугуушунун жүрүшүндө айыл тургандары Баш-Кууганды айылы Кара-Кечеге жакын болгондуктан, күн-түнү тынбай көмур ташыган КАМАЗдардан улам жол талкаланып, эл чаң жутуп жашап жатканын айтышты. Мунун менен катар айылдагы таза суу маселесин да козгошуп, талапкерден талапка ылайык чечип берүүгө жардам сурашты.
Ал эми Байзак айылынын тургандары да айылдагы көйгөйлүү маселелер боюнча суроо узатышып, тиешелүү жоопторду алышты. Айыл тургундары талапкер Сыдыгалиевден айылга жумуш ордун түзүү үчүн тигүү же башка бир чакан цех ачып берүү маселесинен жардам берүүнү өтүнүштү. Нурбек мырза, бардык айтылган маселелер боюнча аракеттерди көрүүгө убада берди. Аталган эки айылдын тургундары талапкер Нурбек Сыдыгалиевге ак батасын беришип, колдой турганын билдиришти.

Нет описания.
Нет описания.
Нет описания.
Нет описания.

Даярдоочу: «Эпкин Кейджи» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Чуй облусу Маслопром, көчөсү, №. 14. Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы: 1_ даана. 2021-жылдын _ 21 _ даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.). 17.11.2021

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here