Американын кардиологиялык бирикмесинин окумуштуулары тузду көп колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларына кептей турганын аныктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Медиктер 10 миң кишинин заарасынын анализин карап чыгышкан. Ыктыярчылардын орточо жаш курагы 50 болгон жана аял менен эркектер теңме-тең катышкан.

Чогултулган маалыматтар жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган 571 кишинин дарты натрийди (туздун курамында арбын болот) көп колдонуп, калийди аз пайдаланышы менен түздөн-түз байланыштуу экенин көрсөткөн.

«Мындайча айтканда, тузду ашыкча колдонуу жүрөк оорусуна кабылуу тобокелдигин 18 пайызга жогорулаткан», — деген Коомдук саламаттык сактоо боюнча Гарвард мектебинин илимий кызматкери Юань Ма.

Адистер туздун организмге зыяндуулугун алдын алуу үчүн анын суткалык нормасын кайрадан аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүүнү пландап жатышканы айтылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here