Улан Бакасов, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер: “Раим Матраимовго өкүл бала болмок түгүл, жанынан учурашып да көргөн эмесмин”

— Улан мырза, алгач маекти балалыктын алтын доорунан баштасак, бала чагыңызда кандай элеңиз?— Рахмат. Мен 1984-жылы Нарын шаарында төрөлдүм, ушул шаарда окуп, мектепти бүтүрдүм. Алгач Нарында №1 тунгуч мектеп болгон Токтогул Сатылганов атындагы мектепте билим алдым. Кийин бүт облустагы 6-классты бүтүргөн балдардан сынак алып, эң жакшыларын кабыл алып окуткан Муратбек Субакожоев атындагы кыргыз-түрк жогорку лицейинде окудум. Бала чагыбыз союздун акыркы алтын доорунун жылдары менен эгемендүүлүктүн алгачкы кыйын мезгилине туш келди. Эл көргөн күндү биз дагы көрдүк. Карапайым үй-бүлөдө чоңойдук. Атам Болотбек Бакасов жер адистиги боюнча инженер, апам Нина Оморова дарыгер. 90-жылдардын башындагы оор күндөргө карабай ата-энебиз билимге жана тарбияга катуу карашчу. Анын акыбетин кийин таттык, эжем менен иним жогорку окуу … Читать далее Улан Бакасов, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер: “Раим Матраимовго өкүл бала болмок түгүл, жанынан учурашып да көргөн эмесмин”