Лос-Анжелесте (АКШ) өткөн Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалында (AWFF) режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы «Көрүүчүлөрдүн симпатиясы» сыйлыгын алды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Аталган фильмдин жаратуучуларына фестивалдын башкы демөөрчүсүнүн атынан 10 миң доллар берилгени да кабарланды.

«Көрүүчүлөр тасманы баалаган. Айрыкча, кинодогу башкы каармандын образын жараткан Артур Аманалиев көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурдуруп, кино жаратуучулар анын актерлук чеберчилигине баа беришти», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ушул эле тасманын режиссёру Артыкпай Сүйүндүков  жакында эле Стамбулда өткөн түрк дүйнөсүнүн «Коркут Ата» кинофестивалында мыкты режиссёр наамын алган.

«Шамбала» фильми 2020-жылы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынын негизинде тартылып, бир катар фестивалдарга катышып сыйлыктарды алып келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here